Өзбекстан Евразиялык экономикалык биримдикке байкоочу макамын алуу ынтызарлыгына Беларуста болуп жаткан окуялар түрткү болду. Анткени учурда бир дагы мамлекет эки тараптуу байланыш түзбөй иш алып бара албайт. Мындай пикирин Тилектеш Ишемкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстандын чечимди буга чейин кабыл албай жүрүүсүнө өлкөнүн мурдагы президенти Ислам Каримовдун саясаты себеп болгон.
Пандемияда ЕАЭБ өлкөлөрү бири-бирине кантип колдоо көрсөтүп жатканы айтылды
"Өзбекстанга байкоочу статусунун берилиши эки тарапка тең чоң пайда алып келет. Азыркы учурда Россия, Кытай, Индия өңдүү улуу державалар, орто жана начар өнүгүп жаткан мамлекеттер дагы эки тараптуу ымала түзмөйүнчө жашай албайт. Беларустагы окуялар муну көрсөтүп койду. Өзбекстан мунун баарын көрүп, байкап өз алдынча саясат жүргүзүү мүмкүн эместигине көзү жетти. Бул демилге мурдатан эле көтөрүлүп келгени менен Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов мындай жолду бууп келген. Ал эми Шавхат Мирзиёев уюмга дароо эле кире калууну каалаган жок. Анткени бирликти ичинен байкап, пайдалуу жана терс жагын талдап көрүүнү туура көрдү. Байкоочу статусун алуу — уюмга мүчө болгонго барабар", — деди Ишемкулов.
Ошондой эле ал Өзбекстандын ЕАЭБге кирүүсү уюмга экономикалык жактан пайдалуу экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 4-сентябрда Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңеши өз жыйынында Өзбекстанга ЕАЭБде байкоочу макамын берүү боюнча Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин долбоорун карады. Эми акыркы чечимди биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары кабыл алат.