Амалдуу планбы? Кремль Трамптын тактысын сактоо үчүн Американы "чайпалтабы"?

© Sputnik / Стефен Зеннер / Медиабанкка өтүүПрибытие президента США Д. Трампа в Висконсин
Прибытие президента США Д. Трампа в Висконсин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШдагы башаламандык үчүн Дональд Трамп жана Россия жооп берет. Ооба, дал ушундай болчудай. Себеби кайра шайланышына жол бербөө үчүн АКШ президенти менен күрөштүн бардык ыкмаларын иргеп көрүп, кайра эле эң башындагы "баарына орустар күнөөлүү" дегенге кайтышты.

Азыр социалдык медиада гана эмес, америкалык калаалардын көчөлөрүндө да коркунуч менен жек көрүүнү тутантууга басым жасашууда. Бул кандайча болуп калды? Өткөндө эле америкалык маалымат каражаттары протесттерди негизинен тынч жана туура экенин, башкача айтканда, расизм жана полициянын зомбулугуна каршы багытталганына ынандырып келишпеди беле? Ушундай собол салуу менен Кошмо Штаттардагы шайлоо алдындагы оюндарга баяндамачы Петр Акопов сереп салган.

Калктын каары Байденге добуш берүү, орустар тарабынан коюлган кишини Ак үйдөн чыгаруу үчүн ноябрды чыдамсыздык менен күткөн шайлоочуларды мобилдештирүүгө чоң жардам болот. Ошондо кандай болуп калат? Алар баяндап келген туура протесттерди натуура орустар тутанткан болуп калабы? Азырынча муну Жо Байден өзү билдирбесе да, Конгресстеги белгилүү демократтар айтып чыга баштады. Маселен, өкүлдөр палатасынын чалгындоо комитетинин башчысы, Трамптын "орустар менен байланышынын" башкы иликтөөчүсү жана импичмент аракетинин демилгечилеринин бири Адам Шифф.

Трамп: Россия менен ынтымакта болгонубуз жакшы

CNN каналына берген маегинде жакында эле ал: "Төрт жыл мурун орустар Black Lives Matter эксплуатациялап, Желеге эл арасында расалык белгилери боюнча жик салууга чагымчыл тасмаларды чыгарышкан.

— Азыр эмне кылышууда?

— Кайра эле алар социалдык медиа баракчаларында, өздөрүнө таандык жана башка маалымат каражаттарында да ошол ажырымды кеңейтүү колдорунан келгенин бүт жасоодо", – деп билдирди. Башкача айтканда, орустар Американы өз маалымат каражаттарында гана эмес, америкалык калаалардын көчөлөрүндө да "чайпалтып" жаткан имиш. Мындай акылга сыйбаган кеп боюнча америкалык маалымат каражаттарындагы негизги трампист (антитрамптык басылмалардын арасындагы абсолюттук ак карга) Fox News алпаруучусу Такер Карлсон: "Сиздерди касташкан державанын, башкасын айтпаганда да Facebook тымызын көзөмөлдөгөн жалган маалыматтары менен сугарышкан. Туптуура, айымдар жана мырзалар, Россия башаламандыктарды уюштуруп, Жо Байденди айыптады! Бул Айга барып конгондой же андан да айлакер аракет. "Бул Россиянын жасаганы!" Чындап эле ушундай ойдобу алар? Эртең эл күлүп эстээр муну, күлкүлүү көрүнүш. Экинчи жагынан, Twitter баракчаларында көрүнүктүү демократтардын бир тобу алгач ирет ишенди. Адам Шиффке өз энчисин бериш керек, ал ырааттуу түрдө ушундай маанайда. Бирок ал ири партиядагы бир гана киши. Демократиялык партиянын калган жетекчилерине не болду?!".

АКШ эмнеге РФ жээктерине суу түбүндө жүрүүчү кайыктарын жеткирүүдө? Саресеп

Өлкөдөгү кырдаалды Трамп ички терроризм деп атайт, ал эми демократтар Россиядан көрөт. Алардын оюнда: жакшы адамдар митингге чыгат, бирок аларга "орус пропагандасынын" курмандыктарына айланган талап-тоноочулар кошулган. Мунун баары Трамптын утулушуна эмес, анын жеңишине өбөлгө болот. Путиндин амалдуу планы ушундай имиш. Аргасыздык бул.

Бирок көп өтпөй АКШ коронавирус жетти, экономиканын арышы басаңдады, ал эми жайында "расалык" толкун башталды. Демократтар эми Трампты ээрден оодарып түшөрүнө көздөрү жетип турат. Бирок экономикалык көйгөйлөр, массалык башаламандыктар президентти солгундаткандын ордуна талап-тоноолор уланган сайын Трамптын тараза ташы оорлоп барат. Ал Америкага "Мыйзам жана тартип" керектигин кайталайт, анын айтканын колдогон америкалыктардын саны артууда.

"Россиялык күчтөрдүн Сирияда америкалык аскерлерге чабуул жасаганы, биздин жоокерлерди жарадар кылгандары тууралуу билдирүүлөрдү көрдүк. Трамптан бир сөз уга алдыңызбы? АКШ президенттеринин эч кимиси россиялык лидерлерге минтип кыңк этпей баш ийген ролду ойногон эмес. Бул кооптуу гана иш эмес, кемсинүү дагы", — дейт Жо Байден.

Үйгө куралчан тараган балдар. АКШнын Ирактагы жеңиши жана кемчилиги

Ал эми Байдендин штабынын соңку билдирүүсүндө: "Президент Трампты Владимир Путин дагы бир жолу анын талапкерлигин колдооруна, үрөй учурган катачылыктарын жашырууга жардамдашарына үмүт артат. Мунун баары дал ушул киши биздин өлкө жетекчилигине келип, аны жайнаган көйгөйгө тушуктурушу үчүн жасалууда. Дональд Трамптын тышкы саясаты Кремль үчүн белек сымал болгондуктан, Путинге кийлигишүү мынчалык маанилүү жана Трамптын кайра шайланып келиши үчүн көрүлгөн Владимир Путиндин кадамдарын Американын калкы билишин каалабайт", – деп айтылат. Айтор, ар бир кадамдан "россиялык изди таап", ар кандай сценарий менен жоромолдоп, Россияны айыптап калууга ашыгуусу жакында токтоору арсар...

Жаңылыктар түрмөгү
0