Андан бери он жыл өттү, бирок америкалыктар дале Багдадда. Ирак калкына көрсөткөн АКШнын жардамынын аягы эмне болуп бүттү? Бул тууралуу РИА Новости агенттиги эскерет.
Операция башаты
"Ушул сааттарда коалициялык күчтөр Иракты куралсыздандыруу, анын калкын куткаруу жана дүйнөнү чоң коркунучтан коргоп калуу үчүн согуштук операциясын баштайт" — кенже Жорж Буштун ушул сөздөрү менен Кошмо Штаттар 2003-жылдын 19-мартында Иракка аяк баскан. Бир жарым саат өтпөй Персия булуңунда жайгашкан "Томагавк" ракетасы алгачкы буталарын жок кылып, ал эми коалиция Кувейт менен чектешкен жерде чабуулга өткөн.
Кошмо Штаттар үчүн бул эл аралык терроризмге каршы күрөшкө дагы бир кадам болгон. Эсиңиздерде болсо, 2001-жылдын 11-сентябрындагы терактыдан кийин террорго каршы согуш жарыяланган. Ал күнү "Аль-Каида"* согушкерлери үч миңдин тегерегиндеги кишини өлтүргөн.
Жеңилүүгө дуушар кылган жеңиш. Ирак окуясын талдаган китепке сереп
Жорж Буш өз калкына ал кандуу окуяга айыптууларды таап, жазалоого убада берген. Афганистандагы согуштун аркасы менен да "биринчи саптагы террорчу" Усама бен Ладен колго түшүрүлгөн эмес. Бирок америкалыктар башка лидерге — Саддам Хусейнге басым жасоого өткөн. Чалгын кызматынын маалыматы боюнча, ал террорчуларга жең ичинен жардам берген, мындай билдирүүлөр кийин жалган экендиги аныкталган эле.
Жаңы ирактык кампанияга америкалык коомчулукту алдын ала даярдашкан. "Жамандыктын огу" планына дагы бир бөлүктү кошуу жөнүндө Жорж Буш 2002-жылдын январында кеп козгогон. Сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын трибунасынан: "Эгер Хусейн куралсызданбай турган болсо, согуштан кача албайбыз", — деп опузалаган.
Көп өтпөй Конгресс Иракка каршы күч колдонууга уруксат берген резолюцияны президентке кол коюуга жөнөткөн. Ал эми сенат аскердик чыгымдарды он жылда рекорддук түрдө 37,5 миллиард доллардан 355,1 миллиардга чейин көбөйтүү чечимин жактырган.
2003-жылдын январында Буш: АКШнын чалгындоо кызматында Саддам Хусейн массалык жабыркатуучу куралды, атап айтканда, сибирь жарасынын спораларын катып жатканы боюнча маалымат бар деп кабарлаган.
Жыйынтыгында Иракта 1980-жылдан калган, масштабдуу зыян келтирүүгө жараксыз химиялык куралды гана табышкан. "Ирак эркиндиги" операциясынын расмий шылтоосу ушул болчу.
Тез эле басып кирүү
"Жаман ниет менен келгендер, Кудайдын, мекендин жана адамзаттын душмандары макоолук кылып, биздин мекенге жана калкыбызга кол салды", — деп жарыялаган Ирак радиосу коалициялык күчтөр өлкөгө басып кирген күнү. Саддам Хусейн качууга аргасыз болуп, элге үн жаздыруу аркылуу кайрылган.
АКШ жана Улуу Британиянын күчтөрү Ирактыкынан алда канча күчтүү болчу. Бир нече апта аралыгында коалициянын кысымы алдында Басра, Кербела, Киркук, Мосулду, ал эми 14-апрелде качып кеткен лидердин кичи мекени Тикрит шаарын аралаган. Операциянын активдүү фазасына 26 күн кетип, 2003-жылдын 1-майында баары аяктаган. Узакка созулган оккупация жана Саддам Хусейнге куугунтук башталган.
Сазга батып... Жакынкы Чыгыштагы орустар АКШнын тынчын алууда
Аны тогуз айдан соң, "Кызгылтым таң" вазыйпасынын жүрүшүндө колго түшүрүшкөн. Тикриттен анчалык ыраак эмес жерде жашырынган саксайган, багытынан тайган Хусейнди сүйрөп баратышканындагы кадрлар бүт дүйнөгө тараган. Колунда огу чыгарылган тапанчасы (аны кийин Жорж Буш сары майдай сактап жүрбөдүбү) жана 750 миң доллар салынган чемодан болгон.
Ошондон эки жылдан кийин мурдагы президент дарга асуу аркылуу өлүм жазасына тартылган. Бирок согуш токтоп калбады. Иракты диний зомбулуктун толкуну каптады.
Жардам деп жабыр тарттырып...
"Ирак — эң татаал аймактардын бири. Америкалыктар конфессиялык планда гана тургай, "цивилизациялык калаа" жана ирак коомчулугунун уруулук бөлүгү, чөлдүн деңгээлинде да көптөгөн көйгөйлөрдү таап чыккан, — деп белгилейт эл аралык иштер боюнча Россиялык кеңештин программалык директору Руслан Мамедов. — Үстөккө босток болуп жатып, иштебеген мамлекеттик түзүлүш түптөлгөн. АКШ басып кирген соң ал өз алдынча жөндөп кете албаган толтура көйгөйгө тушуккан".
2004-жылкы жымжырттыктан кийин Саддам Хусейндин тушунда бийликте турган суннит азчылыгынын шиит жана күрддөр менен кастыгы күч алган. Андан жыл айланбай өлкөдө жарым кылымдан бери биринчи ирет, согушкерлер ар бир тилкеге көз атарларды коерун айтып коркутса да, көп партиялуу парламенттик шайлоо өткөн. Чындыгында сунниттер шайлоого бойкот кылышкан. Анткен менен, жаңы конституцияны тааныштырууга тийиш болгон утурумдук өкмөттү түзүүгө жетишишкен.
Процесс шииттер, күрттөр жана сунниттердин ортосундагы каршылаштыктан улам кечеңдеген. Сунниттер өлкөнүн федералдык түзүлүшүнө макул болушкан эмес. "Баас" партиясынын ыдыратылышы жана башка абалдар көбүнесе шииттер менен күрттөрдүн кызыкчылыгында эле.
"Бет тырмаган тактика". РФ жана АКШ аскерлеринин Сириядагы чыры
Баары бир Конституцияны кабыл алып, жаңы парламентти түптөшкөн. Бирок бул деле өлкөнү зомбулуктан сактай алган эмес. Өлкөнүн саясий бөлүгүнүн басымдуу бөлүгүн ээлеген сунниттер, анын ичинде Саддам Хусейн бергиси келген эмес.
"Негизи жаңы саясий элита — АКШ дайындагандар. Алардын аталары жана чоң аталары монархия убагында, 1958-жылга дейре жооптуу кызматтарды ээлешкен. Коом менен алардын байланышы жок эле", — деп түшүндүрөт Мамедов.
Кан төгүү улана берген, жай жарандар набыт болуп, өлкөдөн качкандары да болгон. 2007-жылы Буш Иракка дагы 21,5 миң аскер жөнөтүп, "Чоң толкун" деген аталыштагы стратегиясын кайра карап чыккан.
Ал конфессиялар аралык жаңжалды жөнгө салат деп боолголонгон, бирок андан майнап чыккан эмес. Жыйынтыгында, Багдаддын эң бекем корголгон району "жашыл аймак" да кооптуу болуп калган. Америкалык жөнгө салуу аракеттеринин натыйжалуулугу шек туудурган.
Ак үйгө Барак Обаманын келиши менен америкалык күчтөрдү Америкадан чыгарып кетүү боюнча чечим кабыл алынган. 2010-жылдын жайында мекенине 90 миң аскер кайткан. Өлкөдө 50 миңдин тегерегинде америкалык жоокер калган. Ал эми 31-августта Обама улутка кайрылып, Иракта АКШнын согуштук операциясы толугу менен аяктаганын жар салган.
Үрөй учурган жыйынтык
АКШ Иракта кургусу келген мамлекеттүүлүк жана коопсуздук институттар Руслан Мамедовдун пикиринде кудуретсиз болуп калды: "Бул структуралар тышкы да, ички да коркунучтарга туруштук берүүгө даяр эмес эле. Иракта америкалык кампаниянын аякташы жана шайлоодон кийин ошол кездеги премьер Нури Аль-Малики бийликти борборлоштуруу боюнча катуу кадамдарга барганына, өзүнө ылайык келбеген саясатчыларды куугунтуктап, аларды террордук ишмердикке айыптаганы таң каларлык эмес. АКШнын кетиши менен аны эч нерсе ооздуктай албай калган. Натыйжада, Ирак коомунун басымдуу бөлүгү, атап айтканда, сунниттер маргиналдашып кеткен".
Бирок Вашингтондун негизги кемчилиги — сунниттик кошуун, алар америкалыктарга радикалдуу топторго каршы күрөштө көмөктөшкөн. "Жаш балдар үйлөрүнө курал менен тарады. Ошол топторду коопсуздуктун жалпы тутумуна киргизишкен эмес. Алар маянасыз калышты, лидерлерин куугунтукка алышкан", — дейт Мамедов.
Сунниттерди дал ушундай оор абалга радикалдуу демилгелерин таратканы тушуктурду.
"2014-жылы баарынын үрөйү учту: "Ислам мамлекети"* өлкөнүн түндүк-батышын басып алган, Ирак өкмөтү өз аймагынын жарымынан көбүнүн көзөмөлүн колдон чыгарды", — дейт Мамедов.
Ирак акыры "Ислам мамлекетин" жеңди, буга америкалыктардын кайтып келишинин да салымы бар. Бирок АКШнын аталган мамлекеттеги операциясын жалпысынан ийгиликтүү деп атоо — өтө апыртуу экенин белгилейт эксперт.
Ошол согушта Ирактын канча жараны каза болгону алигүнчө белгисиз. Америкалык маалымат каражаттарынын маалыматына таянсак, жоготуулар 100 миңден 300 миңге чейин. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму согуштун алгачкы үч жылында эле 150 миңден 223 миңге чейин киши набыт болгонун белгилейт.
Талибдер бийликке умтулууда. Кабул курчоодобу?
Америкалыктардын жоготуулары андан алда канча аз — 4,5 миң чакты жоокер каза таап, 30 миң аскер жарадар болгон. Иракта жалпысынан бир жарым миллион АКШ жараны кызмат өтөгөн. Ирактагы операцияга ардагер жана алардын үй-бүлөлөрүнө төлөнгөн каражаттарды кошо эсептегенде салыкчылардын эки триллион доллардан ашуун акчасы сарпталган.
АКШда ошол вазыйпанын жөндүүлүгү жөнүндө бирдиктүү пикир жоктугун айтат Россия Илимдер академиясынын алдындагы Эл аралык экономика жана эл аралык мамилелер институтунун түндүк атлантикалык изилдөөлөр программасынын жетекчиси Виктория Журавлева: "Массалык жабыркатуучу куралдын жана Хусейндин "Аль-Каиданын"* байланышы жоктугуна карабастан, Республикалык партиянын позициясы бир беткей — 11-сентябрдагыдай нерсеге дааган кимисине болбосун психологиялык таасир этүү жагынан туура чечим болгон. Жазалоо кампаниясы максатына жетти".
Айрыкча, Буш бул чечимди кысым менен алганы тууралуу мемуарлар жарыяланган соң коомдо Ирак операциясы милдеттүү эмес, чектен тыш кадам катары кабыл алынганын белгилейт Журавлева.
"Албетте, державалык маанайды колдогондор да жок эмес: АКШ дайым лидерлигин тастыктоого тийиш имиш, — деп улантат ал. — Бирок "поствьетнамдык синдром" маанайы да басымдуулук кылат — кыска кампаниялар гана ийгиликтүү болуп саналат. Эгер алар узарып, АКШ жоготууларга учураса, коом андайга болушунча терс карайт".
Барак Обама жана Дональд Трамптын убадаларына карабастан, америкалыктар дале Багдадда. Ирак Вашингтон үчүн маанилүү. Өлкө мурдагыдай эле америкалык-ирандык конфронтациянын барымтасында. Ал эми Ак үй дале бул маселени ачык бойдон калтырууда.
*Россия жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюмдар.