КРде балдар пневмониясын дарылоого протокол даярдалып, 2000 керебет коюлду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүНаристени карап жаткан дарыгерлер. Архив
Наристени карап жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык дарыгерлердин айтымында, балдардагы коронавирус пайда кылган пневмония илдетин дарылоонун эрежелери даяр.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстанда балдар арасында пневмония илдети көбөйгөн жок. Бирок коронавирустун божомолдонуп жаткан экинчи толкунуна карата бөбөктөр үчүн 2 миңден ашык керебет дайындалган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Бермет Самаганова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Буга чейин коңшу Казакстандын Алматы шаарында балдар арасында пневмония болгондор көбөйүп, 800дөй бала ооруканага жаткырылганын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыккан. Шаардын санитардык башкы дарыгери Жандарбек Бекшин курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция дагы кеңири жайылып, былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 26 пайызга көп экенин айткан. Дарыгердин пикиринде, бул нерсе балдардын саламаттыгына бир топ коркунуч жаратышы мүмкүн.

Мындан улам редакция Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, пневмония илдетинин жайылышы тууралуу кабар алды. Ошондой эле өпкөнү жабыркаткан бул илдет балдар арасында жайыла турган болсо, кайсы протокол менен дарыланарына кызыккан.

Балдарга жабышкан Кавасаки синдрому. Дарыгер оорунун белгилерин айтты

Пневмония боюнча абал кандай

Бермет Самаганованын айтымында, ушул тапта абал туруктуу, атургай балдар арасында пневмония илдети былтыркы жылга салыштырмалуу азайды.

© Sputnik / Асель СыдыковаМедициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Бермет Самаганова
КРде балдар пневмониясын дарылоого протокол даярдалып, 2000 керебет коюлду - Sputnik Кыргызстан
Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Бермет Самаганова
"Алты ай ичинде бөбөктөр жана өспүрүмдөр арасында элдин жүрөк үшүн алган илдет 31 пайызга азайды. Бирок биз күздө божомолдонуп жаткан вирустун экинчи толкунуна карата республиканын ар кайсы аймактарындагы ооруканалардын балдар бөлүмүнө жалпысынан 2 миңден ашуу керебет даярдап, дары-дармек менен камсыздадык", — деди Самаганова.

Коронавирустун көбөйүшүн токтото алчу витамин аныкталды

Балдар кайсы протокол менен дарыланат?

Дарыгер балдарды дарылоонун бекитилген эрежелери даяр экенин белгиледи.

"Төртүнчү клиникалык протоколдо коронавирус жана пневмонияга кабылган балдарды дарылоо боюнча атайын бөлүк бар. Анда илдетти аныктоо, дарылоо, балдар менен иштөө эрежелери толук камтылган. Бул боюнча медиктер окуудан өтүп жатат", — деди башкы педиатр.

Өлкөдө канча бала COVID-19га кабылды

Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө коронавируска кабылган 17 жашка чейинки балдардын саны 600дү түздү. Бирок, Самаганованын айтымында, жашы жете электер арасында оору өтүшүп, бейтаптын абалы өтө оорлоп кеткен учурлар катталган жок.

Кыргызстанда 5,5 миңдей киши COVID-19дан дарыланууда. Абал чыңалып турат

Кавасаки синдрому

Акыркы кезде коронавирустун күчөп кеткен абалы катары пневмония менен чогуу Кавасаки синдрому айтыла баштады. Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде оорунун белгилери, кооптуулугу тууралуу кенен айтып берген. Бактыга жараша, учурда бул илдет Кыргызстанда бир дагы балада аныктала элек.

Баса, ошол эле Казакстан Кавасаки синдромун кошуп, COVID жуктурган балдарга дарылоо боюнча өзүнчө протокол даярдады. Ошондой эле протокол Кыргызстанда дагы түзүлүп жатканын дарыгер Узакбаев билдирди. Документ жакында Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилип, үй-бүлөлүк дарыгерлерге таратылат.

Эске салсак, окумуштуулар коронавирустун экинчи толкунун божомолдоп, ушу тапта дүйнөнүн бир топ мамлекети ага даярдык көрүп жаткан кез.

Жаңылыктар түрмөгү
0