00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Будь в курсе
Сколько будет стоить патент для торговцев в КР ? ГНС о разработанных ставках
08:04
48 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Как в ЕАЭС видят формирование единого рынка органического сельское хозяйства?
08:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Залал шишигинин өлүмгө алып келишине көбүнесе жарандардын кайдыгерлиги себеп болуп калат. Онколог менен маек
09:03
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Графа «гражданство» в свидетельстве о рождении — зачем хотят её убрать?
10:04
22 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:30
3 мин
Тема дня
Как защищают трудящихся из КР в России - беседа с омбудсменом РФ
10:33
23 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө майыптыгы бар адамдарга санаторийде дарыланууга акчалай компенсация сунушталууда — кандай артыкчылыктары бар?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Лето, жара и сухостой - почему растёт риск пожаров и что делают службы спасения
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Билим алуу менен эс алууну айкалыштырса болот - Жайында китепканаларда жаштарга кандай шарт түзүлгөн?
13:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Дыйкандарды түпөйүл кылган чегирткелер – зыянкечтерге каршы күрөш кандай жүрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Песни народов мира — на Иссык-Куле пройдёт фестиваль традиционной культуры
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Согуштагы эрдиги Пафиловчулардан кем калбаган Жаманкул Жээнчороев
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
100% пошлины от Трампа: чем это грозит Кыргызстану
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Тарыхта алгачкы дүйнө чемпиону — Кыргызстанда көркөм гимнастиканын жаңы жылдызы жанды
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Гармонизация законов с требованиями ЕАЭС: В КР скорректировали антиупаковочный закон
20:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Дыйкандарды түпөйүл кылган чегирткелер – зыянкечтерге каршы күрөш кандай жүрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Күндө окушат! 1-класска барчу балдардын ата-энелери үчүн 10 суроого жооп

Жазылуу
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам быйылкы окуу жылында 1-класстар гана мектепке барып окумай болду. Билим берүү, Саламаттык сактоо министрликтери алгоритм бекитип, шартын жазышкан. Бирок андан ата-эненин бардыгы кабардар эмес.

Балдары 1-класска барчу ата-энелердин суранычын эске алып, Sputnik Кыргызстан агенттиги пайдалуу материал даярдады. Макалага 1-класстын окуучулары жумасына канча күн, канча сааттан окуй турганы толугу менен камтылган. Бардык суроолорубузга Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова жооп берди.

1-класстын окуучулары жумасына канча күн окушат?

Өлкө боюнча 1-класстын окуучулары жумасына беш күн окушат. Башкача айтканда, дүйшөмбүдөн жумага чейин. Эгер бир класста окуучунун саны 20дан көп болсо, анда түшкө чейин жана түштөн кийин болуп эки тайпага бөлүнүшөт. Мисалы, бир класста 40 окуучу болсо, анын 20сы түшкө чейин, калганы түштөн кийин мектепке барат. Белгилей кетсек, расписаниени ар бир мектеп өз алдынча түзөт.

Бир сабак канча саатка созулат?

Эки тайпага бөлүнүп окуган 1-класстардын бир сабагы 20 мүнөткө созулат. Ошондо күнүнө үч сабак өтүлөт. Ортодо 5-10 мүнөт танапис болот. Мындан сырткары, аларга ысык тамак дагы берилет. Ага 20-25 мүнөт убакыт каралган.

Бир да бала көңүл сыртында калбасын! Министр мугалимдерге кайрылды

Ал эми бир класста 20 же андан аз окуучу болсо, алар экиге бөлүнбөйт. Ошондой эле кадимкидей 40 мүнөттөн окушат. Анткени мугалимдерге 40 мүнөткө эле акы төлөнөт.

Бардык сабактар өтүлөбү?

1-класстын окуучуларына сабактын баары өтүлөт. Дене тарбия, музыка, сүрөт сабактары да кирет. Айрымдарын таза абада өткөрүү сунушталган.

Жеке менчик мектептерде 1-класстар кандай тартипте окуйт?

Алгоритм менчик формасына карабастан баарына бирдей. Эгер бала көп болсо, эки тайпага бөлүнүп 20 мүнөттөн окушат. Ал эми окуучу аз болсо, мектеп түзгөн расписание (убактысы белгиленет) боюнча 40 мүнөттөн билим алышат.

1-класстардын сабагы саат канчада башталат?

1-класстын сабактарынын мөөнөтүн ар бир мектеп өз алдынча бекитет.

Бет капты мектеп береби?

Жок, бет кап менен баланы ата-эне камсыз кылат.

Санитардык талаптар кандай аткарылат?

Окуучу мектепке келгенде дене табынын көрсөткүчү өлчөнүп, атайын журналга жазылат. Айрым аймактарда дарыгерлер жетишсиз болгондуктан бул ишке башка класстардын мугалимдери көмөктөшөт. Андан кийин балдар аралыкты сактап окуу бөлмөлөрүнө киришет. Мугалим аларды ортосун 1,5-2 метрден кылып шахмат түрүндө отургузат. Танапис сайын кабинеттер желдетилет.

1-класстын окуучуларын мектепке жана үйгө ташуу каралууда

Кандай форма кийишет?

Быйылкы окуу жылында бирдей форма кийүү талабы алып салынды. Мындан улам 1-класстын окуучулары үстү ак (көйнөк), алды кара (шым, юбка) болгон классикалык форма кие беришет.

Ата-энелердин милдеттери:

  • Мектеп менен келишим түзүү;
  • Баланын ден соолугу боюнча мугалимге күнүгө маалымат берип туруу;
  • Баланы санитардык-гигиеналык каражаттар менен камсыздоо;
  • Окуучулардын өздүк гигиенасын сактоого үйрөтүү;
  • Баланы мектепке убагында алып келип, убагында алып кетиши керек.

1-сентябрда линейка болобу?

1-сентябрда менчик формасына жана түрүнө карабастан, республиканын бардык билим берүү уюмдарында 1-класстар үчүн салтанаттуу линейка уюштурулбайт. Билим күнүндө салттуу түрдө ийкемдүү графикке ылайык, "Сүйүктүү Кыргызстаным" аттуу биринчи сабак өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0