00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Студенческий стартап в КР: 10 команд получили гранты и вышли на реальный рынок
16:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
31 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

1-класстын окуучуларын мектепке жана үйгө ташуу каралууда

© Sputnik / Эмиль СадыровОкуучулар мектепке бара жатат. Архив
Окуучулар мектепке бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр мектептерде санитардык-гигиеналык нормалар так сакталышы керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Билим берүү министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте 1-класстын окуучуларынын мектепке барып-келүүсүн уюштуруу маселесин карап чыгуусу шарт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында айтты.

Өкмөт башчы бул маселе өзгөчө шаарларга тийиштүү экенин белгилеп, мектептерде санитардык-гигиеналык нормалар так сакталышы керектигине токтолду.

"Тийиштүү санитардык коопсуздук нормалардын тыкыр сакталышын камсыздоого мектеп жетекчилиги жооптуу. Коомдук транспортто илдеттин жугуу тобокелчилиги жогору экенин эске алып, Билим берүү министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте 1-класстын окуучуларынын мектепке барып-келүүсүн уюштуруу маселесин карап чыгуусу шарт. Бул маселе өзгөчө шаарларга тийиштүү", — деди Боронов.

Штабдын чечимине ылайык, жаңы окуу жылында 1-класстын окуучулары мектепке барып окушат. Калган класстын окуучулары, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери онлайн режиминде билим алат. Эпидемиологиялык кырдаалга жараша билим алуунун кийинки тартиби Республикалык штабдын отурумдарында каралып турмакчы.

Бул жылы окуучулардын формасы кандай болот? Министрдин жообу

Өкмөт башчы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын аралыктан билим алуусуна шарт түзүү үчүн сыналгы жана уюлдук телефон менен камсыздоо маселесин чечүү керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары, коомдук транспортто санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын туруктуу негизде көзөмөлдөө зарылдыгы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0