Россиялык дарыгерлердин миссиясы аяктап, мекенине кайтып кетишти. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевМиссиясынын ийгиликтиктүү аякташы менен россиялык дарыгерлер мекенине учуп кетишти
Миссиясынын ийгиликтиктүү аякташы менен россиялык дарыгерлер мекенине учуп кетишти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымында, башкыртстандык дарыгерлер кыргызстандык кесиптештеринин эмгегине жогорку баа беришкен.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Россиянын Башкыртстан Республикасынан келген медицина кызматкерлеринин делегациясы миссиясын ийгиликтүү аяктап, мекенине учуп кетишти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министр Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, башкыртстандык дарыгерлер кыргызстандык кесиптештеринин эмгегине жогорку баа беришкен.

"КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан дарылоо протоколдору, алгоритмдер жана башка расмий документтер туура кабыл алынып, туура ишке ашырылып жатканын россиялык кесиптештер тастыкташты. Алар бир айга жакын убакыттын ичинде Кыргызстандын бардык аймактарындагы медициналык мекемелерде иштеп, илдетти дарылоого активдүү катышышты. Бизге керектүү кеп-кеңештерин айтышты. Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу жигердүү тажрыйба алмашуу жүрдү десем жаңылышпайм", — деп айткан Абдикаримов.

Министр россиялык кесиптештеринин колдоосун жогору баалап, Ардак грамота менен эстелик белектерди тапшырды. Мындан сырткары, жөнөкөй, карапайым кыргызстандыктар ыраазычылык каттарын жазып, журналисттер аркылуу белектерди берип жиберишкен.

Кыргызстандагы апаат россиялык врачтардын көзү менен

Ал эми Башкыртстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов кыргыз элинин меймандос жана кичи пейил мүнөзүнө ыраазычылыгын билдирип кетти.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевРоссиянын Башкыртстан Республикасынан келген медицина кызматкерлеринин делегациясы миссиясын ийгиликтүү аяктап, мекенине учуп кетишти
Россиялык дарыгерлердин миссиясы аяктап, мекенине кайтып кетишти. Сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Россиянын Башкыртстан Республикасынан келген медицина кызматкерлеринин делегациясы миссиясын ийгиликтүү аяктап, мекенине учуп кетишти
"Кыргызстанда колу жеңил, адискөй, кесибин сүйгөн дарыгерлер көп экен. Алар COVID-19 илдети менен күрөшүүдө мол тажрыйба топтошконуна жогорку баа бердик. Бийик тоолору жана таза суусу менен кооз Кыргызстанды сагынабыз. Бизге жүктөлгөн милдеттерди толугу менен аткарганга жетиштик. Илдеттин очогунда коронавируска каршы кыргызстандык кесиптештерибиз менен бирге иштегенибизге сыймыктанабыз", — деди Кустов.

Белгилей кетсек, россиялык дарыгерлердин Кыргызстандагы миссиясы 25 күнгө созулду. Министрликтин маалыматы боюнча, алар өлкөнүн 30дан ашуун медициналык мекемесинде иштеп, 4000ден ашык бейтапты караган. Анын ичинен 564 жаран сакайып чыкты, өпкөнү иштетүүчү аппаратка 20 бейтап жаткырылды. Ал эми 17 адам өпкөнү иштетүүчү аппараттан чыгарылып, бешөө жасалма дем алдыруучу аппараттан бошотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0