Тогуз гектардан 180 тоннага чейин карагат алабыз. Түптүк дыйкан менен маек

© Sputnik / Мирбек СакеновУспешный садовод Аскар Сулайманов
Успешный садовод Аскар Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл облусунун 58 жаштагы тургуну Аскар Сулайманов быйыл 10 гектарга жакын жерге карагат тигип, көпчүлүккө үлгү болууда. Анткени облус аймагында аталган мөмө багын чоң аянтка тиккендер жокко эсе.

Чет өлкөлөрдөн билип, алардын тажрыйбасын айылда колдонгон дыйкан, ишин сүйгөн элеттик менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.

— Тогуз гектар жерге карагат тигүү үчүн канча каражат жумшадыңыз?

— Карагат өстүрүү үчүн балдарымдын беш жылкысын, үч уюн саттым. Акчанын басымдуу бөлүгү көчөт алганга жана тегерегин тор менен тосуп чыгууга кетти. Анан өзүбүз колдонгонго жаңы экскаватор алып койдук. Ортосундагы жыгач казыктарды айылдаштардан ар бирин 20 сомдон сатып алдык. Алар кубануу менен эле даярдап беришти. Кудайга шүгүр, бир нече жылдан кийин карагаттарыбыз да, айланасындагы дарактар да жашылданып калат. Жерди болсо айылдаштардан узак мөөнөткө ижарага алдым. Өзүм суу курулушу боюнча инженермин, бул аянтты толугу менен тамчылатып сугарууга өткөрөбүз. Башына суу соргуч коюп, сууну үнөмдөп сугарабыз. Ошол эле маалда түтүктөр аркылуу жер семирткичтерди да кетиребиз. Азыр керектүү жабдыктарды алып даярдап койдук. Жерди башында алганда таш аябай көп болчу, тогуз гектардын баарын тазалап чыктык.

85 гектар жерди эки киши сугарып жетишет. Тоңдогу жаңычыл багбан менен маек

— Карагат өстүрүүгө ыктап кетүүңүзгө эмне себеп болду?

— 2000-жылдары эл капысынан айыл өкмөт башчысы кылып шайлап, ал кызматты алты ай аркалагам. Кийин Швейцариянын, Япониянын уюмдары менен иштеп, дыйкан, малчылар менен биргеликте бир катар долбоорлорду ишке ашыргам. 2006-жылы Япониядан айыл чарба продукцияларынын маркетинги боюнча билим алып, окуумда жер-жемиштерге басым жасалган. Карагат Ак-Суу, Түп жана Жети-Өгүз менен Ысык-Көл райондорунун айрым жерлеринде сонун өсөт. Ошондуктан аталган райондогу дыйкандар бул өсүмдүккө ыкташы керек. Япондор кантип башкалардан арзан жана сапаттуу продукцияны чыгарам деп катуу ойлонушат. Алар менен сүйлөшүп калсам, буудай өстүрүү боюнча Казакстан менен жарышсаңар алардын тебелендисине каласыңар, картошка боюнча Беларусь менен Россиядан ашып өтө албайсыңар деп айткан эле. Ошондуктан Ысык-Көл облусундагылар сапаттуу үрөн чыгаруу, мөмөлүү бак, жер-жемиш өстүрүү менен алектенгиле деп кеп-кеңешин беришкен. Менимче, ошолор түрткү болду. 

© Sputnik / Мирбек СакеновАскар Сулайманов: карагат өстүрүү үчүн балдарымдын беш жылкысын, үч уюн саттым. Акчанын басымдуу бөлүгү көчөт алганга жана тегерегин тор менен тосуп чыгууга кетти
Тогуз гектардан 180 тоннага чейин карагат алабыз. Түптүк дыйкан менен маек - Sputnik Кыргызстан
Аскар Сулайманов: карагат өстүрүү үчүн балдарымдын беш жылкысын, үч уюн саттым. Акчанын басымдуу бөлүгү көчөт алганга жана тегерегин тор менен тосуп чыгууга кетти

— Келечекте түшүмдү сатуу жагы кандай болуп калат?

— Түшүм жыйнаган маалда сатып алуучу издеп убара болбойсуң, карагат ушундай өсүмдүк. Япондор өздөрү экологиялык таза карагат өстүрө алсаңар, биз бардыгын сатып алууга даярбыз деп айткан. Европа жана Азиянын өнүккөн өлкөлөрүндө карагатка азыраак шекер кошуп джем, балдардын тамагын жасашат. Ага дүйнө жүзүндө суроо-талап күч. Кыргызстандын бардык аймагына карагат тигип салса дагы жалгыз Кореяны толук камсыздай албайбыз. Азыр элдин баары С витамини адамга зарыл экендигин түшүндү. Андыктан чийки зат сатуу жагынан көйгөй болбойт. Түп районундагы Чоң-Таш айылынын жайгашкан жери дагы Алматы шаарынан 300 чакырым эле алыстыкта. Казакстанга өзүбүздүн карагатты ортомчусуз алып бара алабыз.

Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги

— Эсебиңиз боюнча үч жылдан соң канча түшүм алып каласыз?

— Төрт жылдан кийин ар бир гектар жерден 10 тоннадан 20 тоннага чейин түшүм алышыбыз керек. Кудай буюрса тогуз гектардан жыл сайын 180 тоннанын айланасында алып калабыз. 

© Sputnik / Мирбек СакеновАскар Сулайманов: япондор буудай өстүрүү боюнча Казакстан менен жарышсаңар алардын тебелендисине каласыңар, картошка боюнча Беларусь менен Россиядан ашып өтө албайсыңар. Ошондуктан Ысык-Көл облусундагылар сапаттуу үрөн чыгаруу, мөмөлүү бак, жер-жемиш өстүрүү менен алектенгиле деп кеп-кеңешин беришкен
Тогуз гектардан 180 тоннага чейин карагат алабыз. Түптүк дыйкан менен маек - Sputnik Кыргызстан
Аскар Сулайманов: япондор буудай өстүрүү боюнча Казакстан менен жарышсаңар алардын тебелендисине каласыңар, картошка боюнча Беларусь менен Россиядан ашып өтө албайсыңар. Ошондуктан Ысык-Көл облусундагылар сапаттуу үрөн чыгаруу, мөмөлүү бак, жер-жемиш өстүрүү менен алектенгиле деп кеп-кеңешин беришкен

— Көчөт өстүрүп, аны өлкөнүн бардык аймактарына да сатат экенсиз. Муну дыйкандар эриш-аркак алып кетиши керекпи?

— Негизи бир иштин эле майын чыгара жасаш керек. Бирок кошумча каражат табуу максатында көчөт өстүрүү зарыл болууда. Биз Польшадан алып көчөттөрдү Ысык-Көлдө көбөйтүп жатабыз. Аны Нарын, Ош, Жалал-Абад облусундагы дыйкандар алдын ала акчасын төлөп сатып алууда.

Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат

— Сизде билим, тажрыйба дагы бар экен. Чийки түшүмдү эле сата бербей, аны кайра иштетип жакшы киреше көрүү планыңызда барбы?

— Быйыл карагаттын бир килограммы 200 сомго чыгып, көпчүлүгү карагат өстүргүсү келип калды. Бирок бул учур жыл сайын бир айга чейин эле созулат, чийки затты алуучулар да аз. Биз ал учурду узартышыбыз керек. Мисалы, жарым фабрикат кылып чыгарууну жолго салып алсак, өзүбүз каалагандай 1,5 жылга чейин сактап сатып, кошумча баада кардарларга сунуштай алабыз. Азыр айыл өкмөт менен сүйлөшүп, эски кырманды сурап жатабыз. Буюрса быйыл алып, карагатты кайра иштетүүчү база курабыз. Анткени үч жылдан кийин биз ал жайга муктаж болобуз. 

© Фото / Мирбек СакеновАскар Сулайманов: биз башкалардын ишин, ыкмасын көрүп үйрөнүшүбүз керек. Буга чейин Германия, Франция, Польша, Японияга барып, алардын айыл чарбасын көрүп келгем. Ар бир адамдын өзүнүн кесиби болот, дыйкан жер иштетиши керек
Тогуз гектардан 180 тоннага чейин карагат алабыз. Түптүк дыйкан менен маек - Sputnik Кыргызстан
Аскар Сулайманов: биз башкалардын ишин, ыкмасын көрүп үйрөнүшүбүз керек. Буга чейин Германия, Франция, Польша, Японияга барып, алардын айыл чарбасын көрүп келгем. Ар бир адамдын өзүнүн кесиби болот, дыйкан жер иштетиши керек

— Айыл чарбанын казанында көп жылдан бери кайнап келе жаткан экенсиз. Биздеги адистердин жетишсиздиги боюнча эмне дейсиз?

— Кээде тегерек стол, түрдүү талкууларга чакырып калышат. Ошондо жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында, мамлекеттик түзүмдө иштеген айыл чарба боюнча кесипкөй эмес адистер өтө эле көп экенин байкайм. Айрымдары бул тармактагы жаңычылдыктар жөнүндө такыр маалыматы жок болсо, дагы бири такыр түшүнбөйт. Бул деген асманда учуп бараткан учакты адистигин жөндөй албагандар башкарып жатат дегендей эле кеп. Бизде азыр кадр жетишсиздиги эң чоң маселе.

Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги

— Көпчүлүк кыргызстандыктар элет жеринде мал чарбасы же дыйканчылык менен алектенет. Адискөй дыйкан катары сизди түйшөлткөн маселелерди айта кетиңизчи...

— Биз башкалардын ишин, ыкмасын көрүп үйрөнүшүбүз керек. Буга чейин Германия, Франция, Польша, Японияга барып, алардын айыл чарбасын көрүп келгем. Ар бир адамдын өзүнүн кесиби болот, дыйкан жер иштетиши керек. Колунан келбегендер айыл чарбага жолобогону эле жакшы. Айылда эле көрүп жүрөбүз, бирөөнүн жылкысы сыланган, экинчисиники ырбыйган. Кыргызстанда 90-жылдары жер бөлүштүрүлгөндө бардыгына үлүш тийди. Жер иштете алганы дагы, албаганы дагы жерлүү болгон. Айыл өкмөт болуп иштеп жүргөндө айылга тиешелүү жерлерди анализ кылдым. Элдин жалпы айдоо жери 700 гектар болсо, анын 34 гектары бири-биринин ортосундагы чек экен. Душман кол салып тартып албай эле жөн эле жатат. Мисалы, кичинекей эле жерде алты чек бар. Ар биринин узундугу 600 метр, туурасы бир метр болот, алты сотых жер калып жатат. Аны алтыга көбөйтсөң 36 сотых, ал аянт бир үй-бүлөнүн жараган эле бир айдоо жери болуп атпайбы. Жыйынтыгында үч жолу зыян тартып жатабыз. Биринчиден, эрозия, экинчиден, отоо чөптөрдүн уругу арыктар менен тарап жатат, үчүнчүдөн, бош турган жер колдонулбайт. Мен келечекте ошонун баарын эске алган, дыйкандарга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан кооператив түзүү планымда бар. Буюрса, анын ишмердүүлүгүн бүт Кыргызстанга үлгү кылабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0