БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Акыркы суткада коронавирустан 14 адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкүдөй:
- Бишкек шаары — 2;
- Ош шаары — 1;
- Чүй облусу — 3;
- Ош облусу — 2;
- Нарын облусу — 1;
- Ысык-Көл облусу — 4;
- Баткен облусу — 1.
Талас менен Жалал-Абадда адам өлүмү катталган жок.
Пандемиядан бери өлкөдө коронавирустун кесепетинен көз жумган адамдардын саны 1 378ге жетти.