БИШКЕК, 28-июл.— Sputnik. Белоруссия президенти Александр Лукашенко коронавирус менен ооруп айыкканын жар салды. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия маалымдады.
Анын айтымында, оору белгиси жок, алдан-күчтөн тайдырбай өткөн. Ал коронавируска кабылгандыгы тууралуу сырды ИИМдин ички аскер бөлүмүнө барганда айткан.
"Силер бүгүн коронавирусту алдан-күчтөн тайбай жеңип кеткен адам менен жолугуп жатасыңар. Мындай жыйынтыкты дарыгерлер айтышты. Оору белгиси жок эле өттү", — деген ал.
Лукашенко Белоруссияда жашаган калктын 97 пайызы коронавирус менен белгиси жок эле ооруганын, бул тизмеге өзү да илингенин кошумчалаган.
Өлкө ооруканаларында 10 227 киши коронавирус менен алышууда
Эскерте кетсек, буга чейин мамлекет башчысы аталган оорунун бар экенине ишенчү эмес.