БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Коронавирус илештирип алган 10 227 киши азыркы тапта стационарларда дарыланууда. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда маалымдады.
Анын айтымында, дарыланып жаткандардын ичинен 4 428 бейтаптан коронавирус аныкталса, 5 799у анын өтүшүп кеткен түрү, пневмония менен алышууда.
Ооруканада медициналык жардам алып жаткандар:
- Бишкек — 4 195;
- Ош шаары — 611;
- Чүй облусу — 1 263;
- Ысык-Көл облусу — 991;
- Ош облусу — 1 210;
- Баткен облусу — 524;
- Жалал-Абад облусу — 839;
- Талас облусу — 367;
- Нарын облусу — 227.
Акыркы суткада Кыргызстанда 548 адамдан коронавирус табылды
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 33 844кө жетти. Анын ичинен 22 296сы ооруну жеңип, айыгышты. Тилекке каршы, коронавирус 1 329 кишинин өмүрүн алды.