00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
On air
15:58
1 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
On air
23:58
1 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкектеги коомдук транспорттордо тейлөө сапаты кандай? - Атайын рейддин жыйынтыгы
13:08
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кесиптик лицейлердин директорлору кантип тандалууда? - окуу жайды кимдер жетектей алат?
13:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Почему смех продлевает жизнь — беседа с кардиологом
14:06
60 мин
Ачык кеп
Балдардын хирургиялык ооруларынын кескин өскөнү эмне менен байланыштуу?
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Эмгек миграциясы. Аялдардын эмгек миграциясы кандай тобокелчиликтерге алып келет?
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Развитие промышленности и агропрома в ЕАЭС: какие механизмы предлагает Евразийская экономическая комиссия
18:07
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Манасчыларды, төкмө акындарды, Улуу Ата мекендик согуш баатырларын даңазалаган. Үмөталиевди эскерүү
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
Балдардын хирургиялык ооруларынын кескин өскөнү эмне менен байланыштуу?
23:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эртеңден тарта Бишкек катаал карантиндик режимге өтөт. Чектөөлөрдүн тизмеси

Жазылуу
Жаңы эреже боюнча коомдук транспорт күнүнө 7 саат гана иштейт, тамактануу жайлары кечинде кардар тейлебейт.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кайрылуу жасап, калаага карантиндик режим киргизилерин билдирди.

Ага ылайык, эртең, 2-июлдан тарта, бизнестин бир нече түрлөрү жабылып, кээ бирлерине белгиленген бир убакытта гана иштөөгө уруксат берилет.

Sputnik Кыргызстан жаңы эрежелерди тизмектеди

Чектөөнүн негизинде иштеген тармактар:

  • Коомдук транспорт (троллейбустар, автобустар, маршруттук такси) иш күндөрү эртең менен саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечки 17.00дөн 21.00гө чейин иштейт. Ортодо жети саат тыным алат. Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү такыр каттабайт;
  • Такси кызматына иш күндөрү чектөө коюлган эмес, дем алыш күндөрү гана иштебейт;
  • Кафе, ресторан, коомдук тамактануучу жайларына саат 10.00дөн кечки 20.00гө чейин иштөөгө уруксат берилди;
  • Супермаркеттер, соода борборлору саат 07.00дөн кечки 19.00гө чейин иштейт;
  • Бишкек шаарындагы базарлар күн сайын саат 06.00дө ачылып, кечки 17:00дө жабылат.

Жээнбеков: бул кыянатчылык, тойлорго расмий тыюу салууга убакыт келди

Ишмердүүлүгүнө тыюу салынган тармактар:

  • Велосипед ижарага берүү пункттары, балдар оюн аянтчалары менен батуттар. Жалпы жонунан көчөдө уруксатсыз соода жүргүзүү пункттары жана тейлөөнүн түрлөрү;
  • Тойкана, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка көңүл ачуучу жайлар кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. Эрежеге баш ийбегендердин жарыгы менен суусу өчүрүлөт;
  • Балдар оюн-зоок мекемелери, футбол жана ойноо аянтчалары;
  • Мындан сырткары, мэрия парк, сквер, бульвар, борбордук аянт жана башка коомдук жайларга барууга чектөө койду.

Ал эми ишмердүүлүгүнө уруксат берилген жайларга күн сайын рейд жүргүзүлүп турат. Санитардык нормаларды аткарбагандарга эскертүүсүз айып салынары айтылды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2 392ге, Чүй облусунда 1 047ге жетти. Азыркы тапта ушул эки аймакта эпидемиологиялык абал күндөн-күнгө оорлошуп жатат.

Бишкекте коомдук транспорттун иш тартиби өзгөрдү

Жаңылыктар түрмөгү
0