БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медициналык кызматынын врач-ординатору Жамал Тазабекованын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу анын жакындары менен туугандарына көңүл айтты.
© Фото / пресс-служба УВД Ошской областиОш шаары жана Ош облусу боюнча медициналык кызматынын врач-ординатору Жамал Тазабекова
Ош шаары жана Ош облусу боюнча медициналык кызматынын врач-ординатору Жамал Тазабекова
© Фото / пресс-служба УВД Ошской области
Дарыгер жумуш учурунда COVID-19 жугузуп алып 22-июнда ооруканага түшкөн. Тилекке каршы, оорудан айыга албай бүгүн, 30-июнда, көз жумган.
"Врач-ординатор Жамал Тазабекованын коронавирустан каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Акыркы апталарда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуп, биздин кайраттуу медицина кызматкерлерибиздин мойнуна эки эсе жүк түштү. Абдан өкүнүчтүүсү, бул күрөштө биз алардын эң мыктыларынан айрылып жатабыз. Жамал Тазабекованын жакындарына, туугандарына жана балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм", — деди Жээнбеков.
Ошондой эле президент дарыгер өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин ак кызмат кылып, бейтаптарды дарылап, душман менен күрөшүүгө баа жеткис салымын кошконун баса белгиледи.