Өлкөдө коронавирустан 7 киши каза болду

© REUTERS / CALLAGHAN O'HAREМедициналык кызматкерлер жана коронавирус оорусу менен бейтап
Медициналык кызматкерлер жана коронавирус оорусу менен бейтап - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан республика боюнча коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын жалпы саны 57 кишиге жетти. Алардын көбүнүн өнөкөт оорусу болгон.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан жети киши каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

  • Республикалык клиникалык ооруканасынан — 2 (55 жашта эркек киши, 76 жаштагы эркек киши);
  • Ош шаардык клиникалык ооруканасынан — 2 (70 жаштагы аял киши, 49 жаштагы аял киши);
  • №2 клиникалык төрөт үйүнөн — 1 (27 жаштагы аял киши);
  • Жайыл аймактык ооруканасынан — 1 (44 жаштагы эркек киши);
  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасынан – 1 (53 жаштагы эркек киши).

Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын жалпы саны 57 кишиге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0