00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Праздник, шашлык и скандал: почему длинные выходные опасны для многих семей
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын жапайы жоогазындары: жоголуп кетүү коркунучу жана аларды коргоо чаралары
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги транспорттук-логистикалык интеграция кандай абалда — транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, санариптештирүү
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баткенде "Айгүл гүлү" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чараны дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айлантуу мүмкүнбү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кызматкердин укугу — биринчи орунда: бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин ролу кандай?
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз киносунун тирөөчү эле. Режиссёр Бакыт Карагуловго жазылган некролог

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКиши видео тартуу учурунда. Архив
Киши видео тартуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакыт Карагуловдун кинематографиядагы ишмердүүлүгүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы өзгөчө орунду ээлеген.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кыргыз улуттук маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. 70 жаш курагында каза болгон Кыргыз Республикасынын эл артисти, элибиздин белгилүү кинорежиссёру, сценарист, публицист Бакыт Карагуловдун элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы тараткан некрологдо жазылат.

Карагулов кечээ, 27-июнда, катуу оорудан кийин дүйнө салган. Ал учурда "Кыргыз фильм" фондунун директору болуп иштеп жаткан.

"Жаркын инсан, чыгаан режиссёр, сценарист, публицист Бакыт Карагуловдун жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп жазылган маалыматта.

Бакыт Карагулов 1950-жылы 12-августта Фрунзе (Бишкек) шаарында жарык дүйнөгө келген. 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1977-1979-жылдары Москвада Жогорку режиссёрдук курста атактуу режиссёр Александр Миттанын өнөрканасында окуган. Анын дипломдук иши "Ээрде олтур" (1981) кыска метраждуу тасмасы болгон.

Илимий ишмер, профессор Мария Нанаева 93 жашында көз жумду

Карагуловдун кинорежиссёр катары алгачкы ийгилиги "Айдагы жезкемпир" (1985) толук метраждуу көркөм фильми 1985-жылы Кыргызстандын борборунда өткөн Бүткүл Союздук "Жомок" кинофестивалында атайын байгеге ээ болгон.

Карагулов 1979-2000-жылдары тарткан "Токтогулдун урпактары", "Биринчи генерал", "Тынчы жок күндүн жылдары", "Айылдагы фабрика", "Миндаль качан гүлдөйт", "Атчандын көлөкөсү" ж. б. даректүү тасмалары менен мыкты документалист катары да таанылган.

Анын кинолорунда Айтматовдун чыгармачылыгы өзгөчө орунду ээлеген

Бакыт Карагуловдун кинематографиядагы ишмердүүлүгүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы өзгөчө орунду ээлеген. Карагулов залкар жазуучунун адабий чыгармаларын ийгиликтүү экрандаштырып, көрүүчүлөрдүн сынына: "Келгин куштун ыйы" (1990, "Бетме-бет" повестинин негизинде), "Бороондуу бекет" (1995, Берлинде эл аралык кинофестивалда алтын камерага татыктуу болгон — 1996), "Саманчынын жолу" (1996, "Саманчынын жолу" повестинин негизинде), "Найман эненин ыйы" (2004, "Кылым карыткан бир күн" романындагы "Дөнөнбай куш" уламышынын негизинде) сындуу керемет тасмаларды тартуу кылган.

Ысымы тарыхта калат! Болот Шерге бийликтегилер тарабынан жазылган некролог

2018-жылы Бакыт Карагулов Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган "Айтматовдун ааламы" аттуу көп метраждуу даректүү фильмин тарткан. Ал Кинематография департаментинин коллегиясында 2018-жылдагы мыкты фильм деп таанылган.

Режиссёрдун соңку фильми Апрель революциясынын 10 жылдыгына арналган "Менин жалгыз мекеним бар — ал Кыргызстан" деп аталган. Фильмде кыргыз элинин тарыхы, ошондой эле көз карандысыздык алгандан кийин 2010-жылдагы окуяларга чейинки тарыхый окуялар чагылдырылган.

Карагулов бир нече жылдар бою Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" Улуттук киностудиясын үзүрлүү жетектеген. Кыргызстан кинематографисттер бирлигинин мүчөсү болгон. Кыргыз киноискусствосуна сиңирген зор эмгеги үчүн "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери", "Кыргыз Республикасынын эл артисти" деген ардактуу наамдарга ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0