00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Илимий ишмер, профессор Мария Нанаева 93 жашында көз жумду

Жазылуу
Нанаева медицина ишмердүүлүгү менен катар коомдук иштерге активдүү катышып, үч жолу Фрунзе шаардык депутаттар кеңешине депутат болуп шайланган.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстанга эмгеги сиңген илимий ишмер жана дарыгер, медицина илимдеринин доктору, профессор Мария Нанаева 93 жашында каза тапты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Некрологдо анын фармокологияга, медицинада кадрларды даярдоого жана коомдук иштерге кошкон салымы белгиленген.

"Нанаева Кыргызстандын бийик тоолуу фармакологиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. Анын илимий иштеринин көбү дал ушул темага арналган. Ошондой эле медицинада кадрларды даярдоодо баа жеткис салымы бар. Ал кесиптик ишмердүүлүгү менен катар коомдук иштерге активдүү катышып, үч жолу Фрунзе шаардык депутаттар кеңешине депутат болуп шайланган", — деп айтылат билдирмеде.

Мария Нанаева 1927-жылы 22-ноябрда Талас облусунда туулган. Ал 1949-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун (КММИ) мыкты баа менен аяктаган. Андан соң Н.И.Пирогов атындагы Москва мамлекеттик медициналык институтунда аспирантураны окуган. 1952-жылы кандидаттык диссертациясын мөөнөтүнөн эрте жактаган.

Белгилүү кинорежиссер Бакыт Карагулов көз жумду

Жаш адис 1954-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна жумушка чакырылат. 1955-1960-жылдары окуу жайдын фармакология кафедрасынын ассистенти, андан соң доценти болгон. 1961-жылдан 1997-жылга чейин, башкача айтканда, 36 жыл бою КММИнин фармакология кафедрасын жетектеген. Бул жылдар ичинде кафедранын окутуу-усулдук, илимий изилдөөчүлүк жана тарбия иштерин өркүндөтүүгө зор салым кошкон. Кыргызстанда иштеген дарыгерлердин көбү Мария Нанаевадан билим алышкан.

Нанаеванын жетекчилиги менен 10 кандидаттык диссертация жакталып, 5 монографиянын жана окуу пособиелеринин, 80 окутуу-усулдук сунуштамалардын автору болуп саналат. 200дөн ашык илимий эмгектерди ал өзү жана окуучулары бийик тоолуу фармакологиянын актуалдуу көйгөйлөрүнө арнап чыгарышкан. Бул эмгектери чет өлкөдө да белгилүү.

Ысымы тарыхта калат! Болот Шерге бийликтегилер тарабынан жазылган некролог

Ишиндеги жетишкендиктер үчүн Ардак грамота, орден, медаль, сыйлык жана наамдарга татыган.

Өкмөт Мария Нанаеванын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус кайгыларын тең бөлүшөрүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0