00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаныңыздагы 2-3 кишиге ишенсеңиз жаңыласыз! Депутат Рысалиев Жээнбековго кайрылды

© Фото / Пресс-служба ЖКДепутат Зарылбек Рысалиев Жогорку Кенештин жыйынында. Архив
Депутат Зарылбек Рысалиев Жогорку Кенештин жыйынында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат президентке тегерегиндеги эки-үч кишинин көзү менен көрүп, акылы менен туюп иштеп калышы жаңылыштык экенин эскертти.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Депутат Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңештин трибунасынан сөз алып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Ал Таластагы “Манас ордого” жана “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине коюлган эстеликтер коомго терс түшүнүктөрдү таңуулап жатканын белгилейт.

“Үч айдан бери ушуну ойлонуп жүрдүм, убакыт-сааты чыкпай отуруп бүгүн акыркы сессияда айтууну чечтим. Бүгүн, Сооронбай Шарипович, сиз Кыргызстанда Манас атанын ордуна Манассыз. “Манас ордо” 1995-жылы курулган, ошондон бери бир дагы өзгөрүү жок. Манас атабыз найзасына таянып Аккуласы жок турат. Каныкей энебиз, Бакай атабыз, Кошой атабыз, Алмамбет баатырыбыз жөө турат. Эгер Манас казак, түркмөн же өзбек уруусунан болуп калса ушундай мамиле жасайт беле? Жок, себеби Манас элди, жерди түптөгөн адам”, — деп сөзүн баштады Рысалиев.

Мындан улам депутат президентке жөө турган баатырлардын атка минип отурган эстелигин коюну сунуштап, алардын минтип турушу чоң намыс жана уят иш экенин эскертти.

Андан сырткары эл өкүлү “Ата-Бейитте” түндүк жерге түшүп, үзөңгү үзүлүп жана көз жаш төгүлгөн эстеликтер турганына кейиди.

“Кыргызда “түндүгүң түшкүр”, “үзөңгүң үзүлгүр”, “көз жашың кан болуп аксын” деген каргыш сөздөр бар. Тилекке каршы, ушул үчөө тең эстелик болуп турат. Биринчи түндүгүбүз Аскар Акаев, экинчиси Курманбек Бакиевдин тушунан бери жерде жатат, үзүлгөн үзөңгүлөр Алмазбек Атамбаевдин учурунан бери илинип турат. Үч президенттин тагдыры эмне болгонун жакшы билебиз. Жакында Апрель революциясынын 10 жылдыгы болду, анда ачылган музейде энелердин көз жашы чагылдырылыптыр. Биздин качанкыга чейин эле көз жашыбыз тыйылбай, түндүгүбүз түшүп, үзөңгүбүз үзүлүп жүрө беребиз? Ушул жагыбызды оңдоп албайлыбы! Баатырлардын эрдик кылган тилегин эстеликке түшүрсөк болбойт беле? Сөзсүз көз жашын түшүрүш керекпи? Бул бизге душмандын жасаган иши деп ойлойм”, — деди депутат. 

Рысалиев мамлекет башчыдан бул иштерди көзөмөлгө алууну  суранды. Маселени президенттин жеке өзүнө айтуу үчүн жолугууга аракет кылып, бирок жанындагылары жолотпой койгонуна нааразы болду.

Жогорку Кеңештин жолугушунда өкмөт мүчөлөрү жана депутаттар өкмөтүнүн отчету каралып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тилинен көп жаңылган "элита". Азыркы депутаттарды унуттурбай турган 10 факты
“Урматтуу Сооронбай Шарипович, мен кирсем сизге өзүнчө айтат элем, бирок жаныңыздагылар киргизбей койду. Сизге айтарым, ошол тегерегиңиздеги эки-үч кишинин көзү менен көрүп, акылы менен туюп иштеп калсаңыз жаңыласыз. Сиздин жакыныңыз, сиз үчүн күйгөн киши катары суранам, иш тартибиңизди кичине өзгөртсөңүз. Өзгөчө ден соолук бир күнү сенден тескери караганда айтылчу сөздөр айтылып, кыла турган иштер жасалдыбы деп ойлонот экенсиң. Сизге ден соолук каалайм, Сооронбай Шарипович, мен айткандарды эсиңизге алып, команда берип бүтүрүп койсоңуз жакшы болмок”, — деди Рысалиев.

Ошондой эле депутат аталган көйгөй боюнча мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге айтканын, бирок ал эске албай коюп президентке кайрылып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0