БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Россияда "Өлбөс полк — онлайн" жүрүшүнө билдирүүлөрдү кабыл алуу аяктады. Жалпысынан 2 837 681 анкета келип түшкөнүн уюштуруучулар билдирди.
Маалыматка ылайык, эң көп Одноклассники жана ВКонтакте социалдык түйүндөрүнөн активдүү катышышкан. Ар биринен миллионго жакын адам кошулган. Ал эми "Өлбөс полк — онлайн" сайтынан 580 миң анкета толтурулса, Сбербанктан 200 миңге чукул билдирүү келген.
9-майдан тарта жүрүштүн түз эфири бир катар каналдарда толугу менен же кээ бир кадрлары көрсөтүлүп баштады.
"Өлбөс полк — онлайн" долбоорунун уюштуруучусу — "Россиянын Өлбөс полку" коомдук бирикмеси. Өнөктөштөр: "Сбербанк" банкы, Mail.ru Group. Маалыматтык өнөктөштөр: "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги, ТАСС маалымат агенттиги, Sputnik эл аралык маалымат агенттиги, "Аргументы и факты" басылмасы, Мегафон жана Tele2 уюлдук операторлору, "Okko", Море.тв, Ivi.ru онлайн-кинотеатрлары, СТС, "Победа" телеканалдары.