00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баткенге вице-премьер Мадумаров менен дарыгерлер бригадасы учуп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор ГКС КР Акрам Мадумаров
Директор ГКС КР Акрам Мадумаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркаган аскер кызматчыларын көргөнү ооруканага барат. Бир аскердин абалы оор, калган экөөнүкү орточо деп бааланып жатат.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Вице-премьер Акрам Мадумаров менен Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык бригадасы жана Чек ара кызматынын аскер дарыгерлери учуп кетти. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар КРдин Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен кетишкен.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, вице-премьер окуядан жабыркаган жоокерлер дарыланып жаткан ооруканага барат. Ошондой эле кечээ чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяга байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрөт.

Чек ара кызматынын айтымында, учурда Баткен облусунун Чек жерлигиндеги чыр-чатак чыккан аймакта Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев жүрөт. Саат 13.30га карата Чектеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт.

Кечээ, 8-майда, кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жаракат алып, операция жасалган жоокерлер Баткен облустук бириктирилген ооруканасында дарыланууда. Бир аскердин абалы оор, калган экөөнүкү орточо деп бааланып жатат.

Баткендеги окуя

Эске сала кетсек, 8-майда кечке жуук Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен.

Ооруканадагы киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Көкүрөккө ок жеп... Чек арадагы жаракат алган жоокерлерге операция жасалды
Анда тургундар бири-бирине таш ыргытып, мергенчилик куралдан ок чыгарышкан. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетпеши үчүн эки өлкөнүн чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, элди тынчтандырышкан. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй гранатомёттон ок чыгарган.

Көп өтпөй эки өлкөнүн мамлекеттик чек ара кызматынын башкы штабынын жетекчилери телефондон сүйлөшүп, натыйжада ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашышкан. Анын кесепетинен кыргызстандык үч чек арачы жаракат алган.

Окуя боюнча эки өлкөнүн ТИМ башчылары, вице-премьерлери, облустагы өкүлдөрү, Чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, бир пикирге келишкен. 10-майда бир катар жооптуу кызматтын жетекчилери кайрадан жолукмай болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0