00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Таберик
17:05
45 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо аркылуу инвестициянын көлөмү өсөт — стартаптарга басым жасалат
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Новая валюта или новая реальность? Зачем Кыргызстану цифровой сом
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Бишкектик студент дүйнөгө белгилүү оюнду кыргызча сүйлөттү
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
«Тамчы» финансылык инвестициялык аймагы: алдыга кандай максаттар коюлган?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Көкүрөккө ок жеп... Чек арадагы жаракат алган жоокерлерге операция жасалды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканадагы киши. Архивдик сүрөт
Ооруканадагы киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткендин ооруканасына Ош облустук ооруканасынан дарыгерлердин тобу келди. Жаракат алган бир аскердин абалы оор, калган экөөнүкү орточо деп бааланып жатат.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кечээ, 8-майда, кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жаракат алган үч жоокер менен бир жай тургун Баткен облустук бириктирилген ооруканасына түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда үч аскер кызматкери ооруканада дарыланып жатат. Ал эми жай тургун алгачкы медициналык-санитардык жардам алып, абалы канааттандырарлык деп табылгандан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген.

Стационарда жаткандардын абалы:

1. Жабырлануучу С.у.М. 1994-жылы туулган. Диагнозу: көкүрөк туштагы омурткага, ичине жана жамбаш сөөктөрүнө ок тийген. Операция жасалды, абалы оор деп бааланууда.

2. Жабырлануучу А.у.М. 1995-жылы туулган. Диагнозу: көкүрөгүнө ок тийип, операция жасалды. Абалы орточо, туруктуу деп айтылды.

3. Жабырлануучу Т.у.Ч. 1996-жылы төрөлгөн. Диагнозу: ок көкүрөгүн тешип чыккан. Жаракатын алгачкы хирургиялык дарылоодон өткөрүшкөн. Абалы орточо, туруктуу деп бааланып жатат.

Бардык жабырлануучулар медициналык көзөмөлдө экендиги белгиленди. Дары-дармек, медициналык шаймандар жана кан компоненттери жетиштүү өлчөмдө.

Ошондой эле Баткендин ооруканасына Ош облустук ооруканасынан нейрохирург, торакалдык хирург жана реаниматологдон турган дарыгерлер тобу келген.

Баткендеги окуя

Эске сала кетсек, кечээ, 8-майда, кечке жуук Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен.

Село Максат Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү, кырдаал салыштырмалуу туруктуу
Анда тургундар бири-бирине таш ыргытып, мергенчилик куралдан ок чыгарышкан. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетпеши үчүн эки өлкөнүн чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, элди тынчтандырышкан. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй гранатомёттон ок чыгарган.

Көп өтпөй эки өлкөнүн мамлекеттик чек ара кызматынын башкы штабынын жетекчилери телефондон сүйлөшүп, натыйжада ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашышкан. Анын кесепетинен кыргызстандык үч чек арачы жаракат алган.

Окуя боюнча эки өлкөнүн ТИМ башчылары, вице-премьерлери, облустагы өкүлдөрү, Чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, бир пикирге келишкен. 10-майда бир катар жооптуу кызматтын жетекчилери кайрадан жолукмай болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0