Балдакчан күйөөгө узап... Согуш отун кечкен пулемётчу, панфиловчу Рахимованын баяны

© Фото / из личного архива Дастана ЮсуповаВетеран ВОВ, пулеметчица в Панфиловском дивизионе Галина Рахимова
Ветеран ВОВ, пулеметчица в Панфиловском дивизионе Галина Рахимова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүктүн Орто Азия элдеринин кыздары да кан майданда салгылашканы жөнүндө кабары жок. Ошол баатыр кыздардын бири, Панфилов дивизиясынын пулемётчусу Галина Рахимова тууралуу колумнист Алмаз Батилов айтып бермекчи.

Каракол шаарында ар жылы 9-майда Жеңиш күнүнө арналган салтанатка аскердик орден-медалдарын тагынган узун бойлуу, чырайлуу, кара тору татынакай келген Рахимова Галина апанын бара жатканы көпчүлүк тургундардын дагы деле эсинде. Ошол күнү анын алдынан чыккандар улуу-кичүү дебей чын дилинен Жеңиш күнү менен куттукташчу. Ал жылмайып башын ийкеп, ыраазычылыгын билдирип, салтанат өтчү жерге жолун улачу. Аны тааныбаган чет жактан келгендер абдан таң калып карашчу эле. Улгайган мусулман аял кандайча Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болуп калган деген ойго келчү.

Галинанын бала чагы

Франциялык макизарлардын үй-бүлөсү Досой Кадыров менен Елена Бертран.Фрунзе шаары. 1965-жыл - Sputnik Кыргызстан
Концлагерден качып барып француз кызы Еленага үйлөнгөн. Макизар Досой Кадыровдун баяны
1924-жылы Рахимова Каракол шаарында төрөлгөн. Атасы Юлдаштын теги өзбек эле, ал Караколдун комендатурасы, милициясы жана СИЗОсунун жетекчиси болгон. Энеси Сахипа татар кызы эле. Балдары токтобой улам чарчап калгандыктан, кызы төрөлгөндө тукумубуз улансын деген ырым менен атын орусча Галина деп коюшат. Ал эми өзбекче аты Гүлжамал болчу. Андан кийин иниси Хамид төрөлөт. Рахимова кичинекей кезинен эркек балдар менен өскөндүктөн, мүнөзү да аларга окшоп калган. Анын үстүнө бала чагынан атасы мылтык менен тапанчадан атканды да үйрөтөт. Гүлжамал шаардагы орус тилдүү Ленин атындагы мектепти ийгиликтүү аяктап, комсомолдун катарына кабыл алынат. Алгачкы ирет кыздын кийимин мектепти аяктаган кезде кийген экен. 

Ворошилов аткычы

1940-жылы Ленинград шаарындагы Ветеринардык институтка өтүп, ал жакта мыкты окуйт, анча-мынча немец тилин үйрөнөт. Бош убактысы болуп калса, тирге барып мылтык менен тапанчадан атып, машыгуусун калтырбайт. Белгилей кетчү жагдай, спорттун бул түрү СССРде абдан популярдуу болчу. Анткени 1917-жылы совет мамлекети жаңыдан түптөлүп жаткан учурда жарандык согуш башталат. Абалдан пайдаланып айрым чет өлкөлөр аскерин киргизип мамлекеттин байлыгын тоноп, айрым бөлүктөрүн басып алганга умтулган. Буга карабастан, Советтик Армия жарандык согушта жеңип, чет элдик баскынчыларды СССРден сүрүп чыккан. Дал ушул себептен 1927-жылы Кеңеш өкмөтү Кызыл армиянын резервин камсыздаш үчүн өлкөбүздүн коргоо, авиациялык жана химиялык курулушуна көмөкчү коомун (Осоавиахим) түптөйт. Коомдун башкы максаты — СССР калкынын басымдуу бөлүгүн спорт менен машыктырып, мылтык жана тапанчадан жакшы атканды үйрөтүү болчу. Бул багытта мелдеш да өткөрүлүп, мыктылар даңазалуу маршал Климент Ворошилов аткычы атындагы төш белги менен сыйланган. 1934-жылдан 1941-жылга чейин бул төш белги менен ар түрдүү маалымат боюнча 6 миллиондон 9 миллионго чейин аткычтар сыйланган. Алардын арасында Рахимова да бар эле. Ворошилов аткычтарынын көпчүлүгү Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда снайпер же пулемётчу болду.

© Фото / из личного архива Дастана Юсупова1924-жылы Галина Рахимова Каракол шаарында төрөлгөн. Атасы Юлдаштын теги өзбек, апасы Сахипа татар кызы эле.
Балдакчан күйөөгө узап... Согуш отун кечкен пулемётчу, панфиловчу Рахимованын баяны - Sputnik Кыргызстан
1924-жылы Галина Рахимова Каракол шаарында төрөлгөн. Атасы Юлдаштын теги өзбек, апасы Сахипа татар кызы эле.

Галянын кан майданга аттанышы

1940-жылы Галина ич келте менен ооруп, атасы аны Кыргызстанга алып кетет. 1941-жылы Рахимова айыгып, кайра Ленинградга окуусун улантканы келет. Келечекте окууну бүтүп, Караколго кайтып адистигим боюнча иштеп, үй-бүлө курам деп кыялданган кыздын тилегин 22-июнда башталган Улуу Ата Мекендик согуш таш каптырды. Галина апа Ата Мекенди коргойм деген курдаштары сыяктуу дароо Аскер комиссариатына барып, өз ыктыяры менен Кызыл армиянын катарына жазылат. Аны аскердик жетекчилик Ворошиловдун аткычы экенин билип, Москвага пулемётчуларды даярдаган курска жиберет. Ал жерден Галина сибирдик Мария Стаценко менен таанышып, экөө бир туугандай болуп калышат. Ошол учурда Рахимованын атасы да кан майданга аттанат. Анын аркасынан сүргүндөгү иниси Хамид да өз ыктыяры менен штрафбаттын курамында фронтко жөнөйт.

Пулемётчу курсун бүткөн Галина менен Марияны жетекчилик Москванын алдындагы 16-армиянын курамындагы 316-аткычтар дивизиясына жөнөтөт. Белгилей кетчү жагдай, Орто Азиядан саналуу гана кыздар кан майданга аттанган. Алардын катарында жердешибиз Рафа Айдарбекова, теги өзбек Роза Ибрагимова, Сабира Маджидова, Рахима Алимова, Зебахон Ганиева, улуту казак Баян Байгожина, Маншук Маметова, Алия Молдагулова, Хиуаз Доспанова, Халида Маманова, Алтыншаш Нургожинова, Альмереке Кобеева, Роза Момынова, Малика Токтамасова, Куралай Натулева, Шакира Ботаканова, Бикен Садуакасова, Шагиле Кусанова, Орынкеш Мысырова, Мариям Сырлыбаева, Рахима Жанбекова бар эле. 

Панфилов дивизиясынын түптөлүшү

8 жашында концлагерге түшкөн Вера Мусиенко - Sputnik Кыргызстан
8 жашында концлагерге түшкөн Вера апа: фашисттер бизден кан алып, аскерлерин дарылачу
Адегенде бул дивизияны Фрунзе шаарында өлкөбүздүн жетекчиси Иосиф Сталиндин буйругу менен Кыргыз ССРинин аскер комиссары генерал-майор Иван Панфилов түптөй баштайт. Дал ушул себептен улам республикабызда куралган 1077-аткычтар бөлүгүнүн бейрасмий аталышы "кыргыз полку" болчу. Панфилов Биринчи дүйнөлүк согушка катышып, такшалган эле. 1918-жылы өз ыктыяры менен Кызыл армиянын катарына өтүп, жарандык согушта даңазалуу командир Василий Чапаевдин дивизиясында согушкан. Эң кызыгы, Чапаевдин бөлүгүндө Панфилов менен чогуу белгилүү аскердик учкуч генерал-лейтенант Александр Беляков, Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда украиналык партизандардын легендарлуу колбашчысы Сидор Ковпак, чехиялык сатирик жазуучусу Ярослав Гашек кызмат өтөгөн. Иван Васильевич Польша жана басмачыларга каршы согушуп, алардын тактикасын жакшы үйрөнөт. 316-аткычтар дивизиясынын штабы борборубуздун Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги мурдагы "Эркин Тоо" басмаканасында жайгашкан.

Бир аз убакыттан кийин ушул аскердик бөлүк Алма-Ата шаарына которулуп дагы толукталат. Дивизиянын басымдуу бөлүгү кыргызстандык жана казакстандык жоокерлерден куралган. Тарыхчылардын айтымында, бул аскердик бөлүктүн катарында отуздан ашык улуттун жоокери бар эле. Алар Талгар жана Иссык шаарларынын жанында машыгат. Биринчилерден болуп Панфилов Кызыл армияда аскерлерин танктан кантип коргонушту үйрөтөт. Адегенде ал жоокерлерине окоп каздырган. Коңшу колхоздон бир нече трактор алдырып, окоптун үстүнөн айдатып, андан кийин жоокерлерди жыгачтан жасалган гранаталарды трактордун аркасынан ыргытып машыктырат. Иван Васильевич жоокерлерге абдан камкор болчу. Панфиловдун жөнөкөйлүгү жана камкордогу үчүн аскерлер аны ата деп аташат. 1941-жылы 18-августта Панфиловдун бөлүгү Алма-Атадан чыгып Новгород облусундагы Крестцы айылына келет. Ал жерден 5-октябрда дивизия Москваны коргоо үчүн жөнөтүлүп, панфиловчулар 16-армиянын курамына кошулат. Бул армияны совет элинин даңазалуу колбашчысы Константин Рокосовский жетектеген. 316-дивизия Москванын алдындагы Волокаламск багытын коргогонго киришет. 

© Фото / из личного архива Дастана ЮсуповаСогуш башталганда Галина апа Ата Мекенди коргойм деген курдаштары сыяктуу дароо Аскер комиссариатына барып, өз ыктыяры менен Кызыл армиянын катарына жазылат. Ал жерден Галина сибирдик Мария Стаценко менен таанышып, экөө бир туугандай болуп калышат.
Балдакчан күйөөгө узап... Согуш отун кечкен пулемётчу, панфиловчу Рахимованын баяны - Sputnik Кыргызстан
Согуш башталганда Галина апа Ата Мекенди коргойм деген курдаштары сыяктуу дароо Аскер комиссариатына барып, өз ыктыяры менен Кызыл армиянын катарына жазылат. Ал жерден Галина сибирдик Мария Стаценко менен таанышып, экөө бир туугандай болуп калышат.

Москваны коргоо

Бул дивизиянын катарына Галина апа да кошулат. Ал "максим" пулемётунун аткычы эле. Курбусу Мария менен Жора Харин ок ташып берчү. Пулемёттун узундугу 1067 миллиметр жана салмагы 27,7 килограмм эле, ошону үчөө алмак-салмак ташычу. Салгылаштын биринде Мария курман болот. Москваны генерал Доватордун атчандары, түрмө менен курчоодон чыккан жоокерлерден куралган батальондор, генерал Катуковдун танкачылары, панфиловчулар коргоду. Иван Васильевичтин аскерлери оор жоготууларга карабастан фашисттик чабуулдун мизин кайтарат. Алар башка советтик аскерлерден айырмаланып, Гитлердин танктарынан чочулабастан таш-талканын чыгарышчу. Согуш башталганда фашисттик Германия аскердик техниканын күчүнө таянып, советтик армияны сүрүп, бир топ аймактарды басып алганга жетишкен эле. Булардын чабуулунда танктар өзгөчө роль ойногон. Ушул себептен немистердин танктары пайда болгондо советтик аскерлер качкан учурлар көп болгон. Панфиловчулар өжөрлөнүп контрчабуулга өтүп, фашисттердин шайын оодарган. Иван Васильевич Орто Азияда басмачыларга каршы согушуп жүргөн учурдагы тактиканы колдонду. Өзгөчө мындай контрчабуулду теги казак ага лейтенант Бауржан Момуш уулу мыкты жүргүзгөн. Немистер 316-аткычтар дивизиясынан мындай каршылык күткөн эмес эле. Гитлердик армиянын генералы Эрих Гепнер панфиловчуларга "Жапайы дивизия бардык эрежени бузуп салгылашат. Алар жанкечтилер, өлүп баратса да туткунга түшпөйт" деп мүнөздөмө берген.

ДВИЖЕНИЕ СОПРОТИВЛЕНИЯ ВОЙНА ИТАЛИЯ - Sputnik Кыргызстан
"Француз каршылыгындагы" кыргызстандыктар же майышпаган макизарлар
Аскердик жетекчиликтин буйругу менен 316-дивизия Кызыл Туу ордени менен сыйланып, 8-гвардиялык деп аталат. 1941-жылы 18-ноябрда генерал Панфилов каза болот. 23-ноябрда мамлекеттик коргоо комитетинин токтому менен анын дивизиясына Панфиловдун ысмы берилет. Белгилей кетсек, буга чейин Советтик Армияда колбашчы Чапаевдин атынан ал жетектеген аскердик бөлүк аталган. Андан кийин мындай көрүнүш СССР армиясынын тарыхында кайталанган жок.

Баскынчыларды СССРдин аймагынан кууп чыгуу

Галина апа панфиловчулар менен баскынчыларды Москвадан баштап Балтика деңизинин боюндагы республикаларга чейин сүрүп барды. Ал согуш учурунда нечен үзөңгүлөштөрүнөн айрылып, кан жутту. Ошол эле учурда бошотулган аймактарда фашисттик запкыдан кутулган элдин советтик аскерлерди кубаныч менен тосуп жатканын көрүп, жүрөгү кубанычка толуп жатты. Тилекке каршы, 1943-жылы атасы Ленинграддын алдында каза болот. Рахимованы өлкөбүз Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи, экинчи даражадагы ордендери, "Эрдик", "Каармандыгы үчүн" медалдары менен сыйлайт. 1944-жылы Галина апа 2-Балтика фронтунда оор жарадар болуп, контузия да алат. 

© Фото / из личного архива Дастана ЮсуповаГалина Рахимова Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи, экинчи даражадагы ордендери, "Эрдик", "Каармандыгы үчүн" медалдары менен сыйланат
Балдакчан күйөөгө узап... Согуш отун кечкен пулемётчу, панфиловчу Рахимованын баяны - Sputnik Кыргызстан
Галина Рахимова Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи, экинчи даражадагы ордендери, "Эрдик", "Каармандыгы үчүн" медалдары менен сыйланат

Тынч жашоого кайтуу

Ярославль шаарындагы госпиталда дарылангандан кийин жетекчилик Рахимованы үйүнө алты айга эс алууга жиберет. Ооруканадан чыккан Галина апанын шинель менен гимнастёркадан башка кийими да жок эле. Ал Кыргызстанга шинель кийип, эки балдак таянып келет.

Галина апа фронттон өргүүгө келген аскер Касым Юсупов менен таанышып, экөө баш кошот. Ал убакта Галина апа балдагын таштай элек болчу. Үй-бүлөлүк шартына карап аскердик комиссариат анын өргүүсүн дагы узартат. 1945-жылы 9-майда жубайлар уулдуу болушат.

Советтик Армия Будапешт калаасына чабуул коюп жаткан учурда иниси Хамид оор жарадар болуп, сол көзүнөн, эки бутунан жана сол колундагы эки манжасынан ажырайт. 1945-жылдын аягында иниси да кайтып келип, үйлөнүп, көп балалуу болуп, атасынын үйүндө очогун өчүргөн эмес.

Тилекке каршы, Галина апа фронттогу жараатына байланыштуу окуусун уланта алган эмес. Аз убакыт бала бакча менен шаардык билим берүү башкармалыгында иштейт. Галина апа менен Касым ата беш уул жана бир кызды тарбиялашат. Бирок кан майдандан алган жараттарынын айынан дагы үч ирет операция болот. Буга карабастан Рахимова шайыр, колунан келсе эч кимден жардамын аябаган адам эле. 

© Фото / из личного архива Дастана ЮсуповаКаракол шаарында ар жылы 9-майда Жеңиш күнүнө арналган салтанатка аскердик орден-медалдарын тагынган узун бойлуу, чырайлуу, кара тору татынакай келген Рахимова Галина апанын бара жатканы көпчүлүк тургундардын дагы деле эсинде. Ал 2011-жылы 87 жашында каза болгон
Балдакчан күйөөгө узап... Согуш отун кечкен пулемётчу, панфиловчу Рахимованын баяны - Sputnik Кыргызстан
Каракол шаарында ар жылы 9-майда Жеңиш күнүнө арналган салтанатка аскердик орден-медалдарын тагынган узун бойлуу, чырайлуу, кара тору татынакай келген Рахимова Галина апанын бара жатканы көпчүлүк тургундардын дагы деле эсинде. Ал 2011-жылы 87 жашында каза болгон

Караколдун сыймыгы

Галина апа 2011-жылы 87 жашында каза болду. Жашы улгайып калса да эс тутуму жана баскан-турганы тың болчу. 9-май панфиловчу Рахимова үчүн кайгы менен кубаныч аралашкан ыйык күн эле. Ал Караколдогу Жеңиш күнүндөгү салтанатта фронтто кан кечип жүргөн курбулары, теңтуштары менен жолугуп, аябай кубанчу. Согуштан кайтпай калган жолдошторун эстеп, арбактарына таазим кылып, фронттогу ырларын ырдап, жаштыгын эстешээр эле...

Белгилей кетчү жагдай, азыркы күндө да АКШ, Израиль, Куба жана Никарагуанын аскердик окуу жайларында Панфилов менен Бауржан Момыш-уулунун согуштук тажрыйбасы жөнүндө окутулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0