00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
08:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБде курулуш сектору кандай өзгөрүүдө — курулуш материалдары жетишсизби?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Конец «ограниченной» ответственности: почему новая реформа пугает бизнес в КР
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жумуш жана тобокелдиктер: Россияда кыргызстандыктар кандай көйгөйлөргө туш болушат?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Что делать, если ваш ПИН совпал с чужим - советы специалистов
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандагы жеке пенсиялар: топтомолорду инвестициялоо эрежелери кандайча өзгөрөт?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо системасын түзүүнүн негизги максаты эмнеде?
15:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом 2.0: как университеты Кыргызстана превращаются в научные хабы
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Менеджмент – ишкерликте эмнеге маанилүү?
17:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Туризм на износ: как застройка побережья убивает экосистему Иссык-Куля
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Чехословак «Интергельпо» кооперативинин кыргыз мамлекеттүүтүлүгүнун түптөлүшүнө кошкон салымы
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Актуальное интервью
Посол Ирана - об агрессии, реакции мира и последствиях ударов по стране
20:06
17 мин
Будь в курсе
Как формируется цена на молоко и почему она зависит от сезона
20:23
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо системасын түзүүнүн негизги максаты эмнеде?
21:05
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ат-Башы: 27 адамга COVID-19 жуктурду делген эки дааватчыга иш козголушу мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековКылмыш иши папкасы. Архивдик сүрөт
Кылмыш иши папкасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына ылайык, бул эки киши уруксат кагазы жок Ош жана Баткен облустарына 20-21-март күндөрү дааватка барып келишкен. Ал жактан келгенин эч кимге айтышкан эмес.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Санитардык-карантиндик эрежени сактабаганы аныкталса, Ат-Башы районундагы эки дааватчыга да кылмыш иши козголот. Бул тууралуу Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Буга чейин Нарын шаарына Пакистандан дааваттан келип, коронавирус илдетине чалдыккан жаранга санитардык-карантиндик эреже сактабагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат. Бул киши азыр айыгып, үйүнө чыкты.

"Эгер Нарын шаарындагы тартипти сактабаган жаранга окшоп санитардык-карантиндик эрежелерди бузушкан болсо, анда бул эки жаранга да кылмыш иши козголот. Азырынча тактоо иштери жүргүзүлүп жатат", — деди Аалиев.

Клиникалык ооруканадагы эшиктин табличкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төрт дарыгери COVID-19 жуктуруп алган Чоң-Арыктагы бейтапкана жабылды
Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына ылайык, бул эки киши уруксат кагазы жок Ош жана Баткен облустарына 20-21-март күндөрү дааватка барып келишкен. Ал жактан келгенин эч кимге айтышкан эмес. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен райондук ички иштер бөлүмү тарабынан дааватка барышканы такталып, 29-мартта обсервацияга жаткырылган. Экинчи анализдин жыйынтыгында, 8-апрелде COVID-19 жуктуруп алышканы аныкталган.

Учурда бул адамдар менен байланышта болгон Ат-Башы районундагы 27 адамдан коронавирус аныкталып, алар райондук ооруканада дарыланышууда.

Маалымат жыйын учурунда Аалиев Нарын шаарында коменданттык саатта алты жаран тартип бузгандыгын айтты. Алардын бешөө мас абалында болгон. Анын бири ичип алып автоунаа башкарып жүргөндүктөн, 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, автоунаасы айып короого токтотулгандыгы маалым болду.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 489га жетип, анын 114ү айыгып чыкты. Арасында 116 медицина кызматкери да вирус жуктуруп алган. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапты.

Коронавируска тест жасоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каракол: Индиядан келген кишинин уулу менен балдыздарынан вирус табылды
Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0