Нурайым Азыкбаева менен Назбек Кенчинбаев бири-бирин толуктап, колдоп-коштоп турган жаш жубайлардын бири. Алар скрипка менен комузду айкалыштырып, өзгөчө номерлери менен эл оозуна алынды. Кош жылдыз менен Sputnik Кыргызстан агенттиги баарлашты.
Жубайлар өтө жөнөкөй, кичи пейил жана ачык-айрым экен.
— Кыргыздар көбүнчө учурашкандан кийин эле "эмне жаңылык?" деп сурашат эмеспи. Анын сыңарындай, мен да ошол суроодон баштайынчы. Чыгармачылыкта, жеке жашооңордо кандай жаңылыктар бар?
Назбек Кенчинбаев: — Нурайка экөөбүз тең чыгармачыл адам болгондуктан, концерттерге чыгып, чет өлкөлөргө барып өнөрүбүздү тартуулап коюп жүрөбүз. Бир тууган иним экөөбүз "Кенч" деген топ түзгөнбүз. Буга чейин Нурайка экөөбүз дуэт болуп чыгып келсек, эми трио болдук.
Нурайым Азыкбаева: — Назбек айткандай, жакшы чыгармаларды жаратуудабыз. Мындан сырткары, балдардын "Сейтек" борборунда өзүмдүн мектебимди ачып жатам. Ал жактан "Азыкбаевдин системасы" менен сабак өтүлөт. Алган билим, тарбиямды балдарга үйрөтөйүн деп чечтим. Мектепте скрипка, ыр-хор, вокал боюнча сабактар өтүлөт.
— Жакшы. Сиздерди чыгармачылык эле табыштырса керек. Же башка жактан тааныштыңар беле?
Н.К.: — Бизди тааныштырып, табыштырып, жакындаткан бул — музыка. Нурайка мен бала кезде эле атактуу болчу. Айылдан телевизор көп көрөбүз да. Анан эфирге скрипкасын алып Нурайка чыгат. Өзүм да музыка, чыгармачылыкка жакын болуп, комуз черткендиктен, ага суктана берчүмүн. Кийин бул кыз менин өмүрлүк жарым болот деген нерсе ойго да келген эмес.
Кийин мектепти бүтүп келип консерваторияга тапшырдым. Ошол жактан тил табышып, сүйлөшүп, чогуу иштешип жүрүп анан мамилебиз жакындады окшойт. Кантип үйлөнүп калганыбызды өзүбүз да түшүнбөй калдык (күлүп).
— Нурайым, сиздин сезимдер Назбекке качан, кантип ойгонду эле?
Н.А.: — Назбек Улуттук консерваторияга тапшырып, окуй баштаганда мен турмушта элем. Боюмда бар болчу.
Назбекти окуу жайдын коридорунан көп көрчүмүн. Курсташтары менен залда сүйлөшүп туруп калар эле. Арыкчырай, тармал чачтуу, комузун колунан түшүрбөгөн бала көз алдымда. Кайсы маал болбосун, саламын үзчү эмес, жылуу учурашчу.
Ашканага түшүп калсам дагы "келиңиз, чай ичиңиз" деп тамак алып берип жүрдү. Бир ирет үйгө кетип бараткам, анан коридордо Назбек достору менен туруптур. Өзүм аябай тамашакөй адаммын, булардын жанынан өтүп баратып бетинен кармап "ии ушу сага эле тийип албай" деп тамашалап өтүп кеткем. Назбектин ошондогу көз карашы азыр да эсимде. Мени башкача эле карап калган.
Чынын айтсам, биринчи жолдошум экөөбүз таптакыр окшошпогон, эки бөлөк чөйрөдөн элек. Ал аскер адамы, мен музыка дегенде ичкен ашымды жерге койчумун. Аны менен жашап жүргөндө бир нерсе жетпей жаткандай туюлчу. "Чыгармачылыгымды түшүнгөн адамга турмушка чыксам болмок" деп өкүнгөн күндөр болгон. Анткени мен төрөлүп, көзүмдү ачканда эле ушул чөйрөдө элем. Атамдын музыкалык аспаптары менен чоңойдум. Чындыгында кыйын болду, кысыла берчүмүн. Назбек менен азыр жашоом таптакыр башкача. Анын жанында өзүмдү кенен сезем. Кандай болсом өзүмдү ошондой алып жүрөм. Назбек да мага дем-күч берип, колдоп, бактымды табууга мүмкүнчүлүк берди. Азыр мен бактылуумун.
— Жаш курак, ортодогу бала тоскоолдук болгон эмес турбайбы?..
Н.А.: — Чынын айтсак, баары жаңыдан башталганда экөөбүз баш кошуп, бирге түтүн булатып калабыз деп деле ойлогон эмеспиз. Кызым алты айлык боюмда бар кезде эле ажырашып кеткем. Назбек менен мамилебиз жакшы болуп сүйлөшө баштаганда кызым басып, анча-мынча сүйлөп калган.
Назбекти түшүнөм. Мен аз да болсо турмушту, жашоонун өйдө-төмөнүн башыман өткөрүп, эне болуп калгам. Ал эми Назбек болсо жаңыдан түптөлүп, өзүнчө пайдубал түзүп келе жаткан жигит эле. Анан эле бир балалуу аялды жубайлыкка алуу эркек үчүн чоң жоопкерчилик да. Бирок экөөбүздүн ортобуздагы сезим эч нерсени көзгө илген жок, баарын жеңип кетти.
Назбек экөөбүздүн сүйүүбүз биринчи Көчмөндөр оюнунан кийин, андан соң Түркмөнстанга барып келген сапардан кайтканда күч алды. Назбек жарашпаса "жарашпайт", жакпаса "жаккан жок" деп баарын ачык, бетке айтчу. Түркмөнстанга президенттин атайын чакыруусу менен концерт коюп барганда "сен көп нерсеге татыктуусуң, оор басырыктуу ойлоносуң" деп жүрөгүмдү жибиткен. Ошол жактан келгенден кийин чыгармачылыктан сырткары өзүнчө жолугуп, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп анан үйлөндүк.
— Назбек, ата-энеңиз сиздин чечимди кандай кабыл алды эле?
Н.К.: — Нурайка айтып кеткендей, күтүүсүз нерсе болду. Сезимдер жеңип, акыры Нурайкага үйлөнмөй болдум. Чоң атам кыргыздын музыкалык аспаптарын жасаган белгилүү уста. Мындан улам ата-энем чыгармачылыкты жакшы түшүнүшөт. Апам Москвада иштейт. Мен чечим чыгарган убакта апам Кыргызстанга келип калыптыр, ачык эле айттым. Эч ким каршы болгон жок, батасын беришти.
Сезим күчтүүлүк кылса, жаш курак же дагы башка нерселер тоскоол боло албай калат экен. Нурайка экөөбүз эч кимге көз каранды болбой өз оокатыбызды өзүбүз кылып, ынтымакташып турмушта да, чыгармачылыкта дагы ийгиликке жетип келе жатабыз.
— Жубайлар урушуп, таарынышып турбаса да жашоо кызык эмес дешет. Силер чарт-чурт болуп кетсеңер кантип жарашып, кимиңер биринчи жазыласыңар?
Н.К.: — Нурайка экөөбүз жумуш боюнча эле урушабыз. Чарт-чурт болуп кеткенде келинчегим бат жазылат. Мен бир аз көк бетирээкмин. Нурайка жаркылдап бат эле тартып кетет. Негизи жаңы баш кошкондо болор-болбоско таарыныша берчүбүз. Азыр урушпайбыз.
— Аял киши үчүн үй-бүлө менен жумушту бирдей алып кетүү оңой эмес. Тиричилик деген нерсе көп аялды карьера болобу, чыгармачылык болобу, чектеп коёт. Мындай мисалдар көп эле. Нурайым, экөөнү тең чогуу алып кетиш үчүн эмне керек, эмне маанилүү деп ойлойсуз?
Н.А.: — Ар бир үй-бүлөдө казан-аяк кагышат. Мындай учур биздин баштан да өткөн. Концерт, съемка, маек деп жүрүп эч нерсеге жетишпей, ошондон чыр чыккан учурлар болду. Бирок убакыт өткөндөн кийин жашоого болгон көз караш да өзгөрөт экен. Убагында үй жыйналбай калса кыжалаттанып, жаман боло берчүмүн. Мындай учурда Назбек "майда нерсе үчүн нерв болбочу, бүгүн жыйнабасаң эртең жыйналат" деп жөнөкөй карап калды.
— Назбек, сизге Нурайымдын кайсы сапаттары жагат?
— Нурайка ар дайым мени колдоп турат. Эркек үчүн деле башкы нерсе — аялынын түшүнүүсү. Түшүнүүнүн ичинде көп нерсе жатат. Жубайым тамакты түрлөп, абдан даамдуу жасайт. Ар дайым изденип укмуш тамактар менен менин маанайымды көтөрөт. Бул дагы жакшы сапат деп ойлойм. Ар тараптан колдойт, ой жүгүртүүсү, жашоого болгон көз карашы жагат. Анан аябай мээримдүү.
— Силердин оюңар боюнча үлгүлүү үй-бүлө кандай болушу керек?
Н.К.: — Менин оюмча, бири-бирин сыйлап, урматтап, түшүнүп, сүйгөн жубайлар үлгүлүү үй-бүлө.
Н.А.: — Бири-бирин толуктап турган жубайлар бактылуу деп ойлойм. Эң башкысы ортодо сезим болушу керек. Сезим болсо көп нерсеге көз жумасың, көп нерсени көтөрөсүң, көп нерсени унутасың, көп нерсени кечиресиң.
Сезим дагы жөн эмес, сый сезим болушу керек. Анан ынтымак.
— Назбек, жубайыңызды эмне деп эркелетесиз?
Н.К.: — Нурайым, Нурайка, Нурайкоуу дейм.
Н.А.: — Мени "Аюу" дейт (каткырды). Бултушка, кикбоксёр деп да коёт. Назбек "сен балбан болсоң, күчтүү балбан аял болмоксуң" деп тамашалай берет.
— Сизчи, Нурайым?
Н.А.: — Мен болсо Назба деп коём.