Анда кеп башынан болсун. Мурда Түндүктөгү бугуларга тундранын жайыттары гана жетиштүү болуп келсе, Ямал өздөштүрүлгөндөн бери жайыт жерлери такырланып кетти.
Азыр булуң аркылуу тундрадан токойго бет алып, кайра кайтышат. Бул жол менен кышында гана өтүүгө болот. Узак да, кооптуу да чыйыр. Жашоонун мындай нугу бугу багуучулардын баарынын эле көңүлүнө төп келе бербейт, айрымдары токойду биротоло байырлоого бел байлоодо. Бирок Түндүктү байырлаган бугулар жаңы шарттарга ылайыкташа да албай калышы ыктымал.
Тундрадан токойго
Александра Терехина — социалдык антрополог, Лабытнанги шаарындагы Россия илимдер академиясынын Урал бөлүмүнүн Өсүмдүктөр жана жаныбарлар экологиясы институтунун Арктикалык илим изилдөө стационарынын илимий кызматкери. Ал дээрлик он жылдан бери ямалдык бугучулардын турмуш-тиричилигин изилдеп келет. Январда ал күйөөсү жана кесиптеши Александр Волковицкий менен кезектеги экспедициядан кайтышты. Эки ай тегерегинде окумуштуулар ненецтик бугучулар менен аралаша көчүп-конуп жашашкан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Ар жолку мындай сапардын өз максаты, милдеттери бар. Бир жыл мурда биздин стационардын базасында арктикалык экотутумдун дисциплинардык лабораториясы ачылган. Иштин багыттарынын бири — түпкү калктын билгендеринин негизинде бугулардын абалын текшерүү боюнча ыкма иштеп чыгуу. Мал жаюу тажрыйбасын изилдөө" — дейт Терехина.
Ямал-ненец автономдук округунун бийлиги бугучуларга мындай экспериментти – Надым районунун токой аймагына жайгашууну сунуштоодо. Анан ушул сунушка макул болгондорго антропологдор жөнөгөн.
"Биз Константин Сэротэттонун үй-бүлөсү менен бирге көчүп жүрдүк. Шаардын ченеми менен алганда чоң үй-бүлө: ата-энеси, аялы жана алты баласы бар. Алардыкына келгенибизде балдары үйдө эмес экен, башка көчмөндөрдүкүндөй эле мектеп-интернаттарда окуп, каникулда гана ата-энесиникине келишет", — деп кеп салат бугучулардын жашоосунан Терехина.
2013-жылга чейин Константин муниципалдык ишканада малчы болуп иштеген. Кийин өз алдынча бугучулукка өткөн, ушул тапта 300дөй бугусу бар.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Даңазалуу үй-бүлөлөрдөн. Константиндин атасы Яр-Сал кыштагы курулуп жаткан кезде прораб болуп иштеген. Бугу менен почтаны жана геологиялык партияларды ташыган. Апасы мал фермасында иштеген. Тундрага аябай баргылары келген, атасы бугу чегилүүчү чана (нарта) жасап, аны керектүү оокатка алмашкан, энеси улуттук кийимдерди тиккен. Маңдай тери, ак эмгеги менен бир короо мал күтүп калган убакта жайытта жайлап, кыштоодо кыштоого өтүшкөн".
"Жайыттардын жакырланганын көрүп Константин Надым районуна көчүүгө көнөт. Ал былтыр эле ошол жакка жер которууга ниеттенген, бирок аба ырайынан улам көчө албай калган. 2019-жылдын ноябрында түштүккө жылат, жолдошум экөөбүз декабрдын башында алардыкына бардык. Бир эсе жардам берип, экинчи жагынан мындай жер которуу боюнча уникалдуу изилдөө жүргүзүүгө белсенгенбиз", — деп түшүндүрөт окумуштуу аял.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Байланыш чегинен тыш"
Жер которуунун чоо-жайын өз оозунан угалы деп аракет кылганыбыз менен Константин Сэротэттого байланыша албадык. Улам көчүп жүргөндүктөн, көбүнесе байланыш аймагынан сыртта болот экен.
"Экспедиция маалында биз 250 чакырымдай жол бастык. Адегенде Сэротэттолор менен гана жүрдүк, кийин Обь дайрасынын жээгинен бизге дагы эки бугучунун үй-бүлөлөрү кошулду. Айтмакчы, малчылар канчалык көп болсо, малды айдоо ошончолук жеңил, — деп кебин улантат Александра. — Обь дайрасын адатта бир нече нартаны чиркеп алып, карда жүргүчтөр менен өтүшөт. Ошол эле убакта эзелтен келе жаткан ыкмадан танбаган үй-бүлөлөр да бар. Биз да ошондон жазбай, бугуга нарталарды чиркеп жүрүп отурдук. Башкача айтканда, эркектер карда жүргүчтөр менен малды айдашат. Ал эми оокаттар бугуларга чиркелген нарталарга жүктөлөт".
Ямал-ненец автономдук округунда он жети миңдей киши көчмөн турмушту кечирет. Сексен пайызы — жеке фермерлер. Алардын канчасы тундрадан токойго көчүүгө макул экенин болжош кыйын. Шаарга кайтар алдында Константиндин көчүнө дагы бир киши — Владимир Слепушкин кошулду. Келерки айларда эки үй-бүлө менен чогуу көчүп-конушмакчы. Округдук грантка ээ болгон Владимир былтыр жайда жумушчулардын бригадасы менен биргеликте токой ичинде бугулар оттогонго айланасын тосуп турган кашаа курушкан. Константин болсо эми гана курууга киришет.
Арктикалык стационардын илимий кызматкерлери жайында дагы Константинден кабар алып, ненецтиктердин жана малдын жаңы шарттарга кандай көнүшүп жатканын билүү үчүн ал-жайын сурап келишмекчи: "Эмнелер гана болуп кетпейт. Калк жапырт көчө башташы да ыктымал, бирок кандай болгон күндө кайсы короо кайсы токойлордо оттошору боюнча илимий эсеп керек. Ошондой эле токойдун жаңы "байырлоочуларында" малынын бир бөлүгүн жоготуп алуу тобокелдиги бар. Ошентсе да, токойдо туулган музоолор – бугулардын жаңы тукуму жеңил көнүп кетет деп эсептелет".
Александра ушунча жылдык изилдөөлөрдөн улам ненецтик бугучулардын жашоо образына көнүп калганын кошумчалайт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Көчүү маалында бороонго кабылмай кадыресе көрүнүш. Бул кишилердин катаал аба шарттарына жана күн сайын кайталанган оор кара жумушка чыдамкайлыгына таң бересиң".
Муундан муунга өткөн кесип ээси
Кандай болсо да ненецтердин өздөрүнө кышкы көч жүк эмес. "Дагы жакшы, сүйлөшүүгө сиз үлгүрүп калдыңыз! Бир нече күндөн кийин кайра кыштоого аттанабыз", — деп күлөт телефондон 65 жаштагы Сергей Сэротэтто (Ал Константиндин тууганы эмес, тек гана фамилиялары окшош).
Бугучу менен Яр-Сал кыштагындагы батирине барып кезиктик. "Доктурга көрүнүп алып, кайра бугуларга кетем" деп үйүнө бир нече күнгө келиптир. "Азыр мен тааныгандардын баары: өкмөттүн малын (беш кишиден турган 19 бригада бар) да, өз малын да баккандар деле көчүүдө. Ошондуктан кыштакта бугучуларды эми табыш кыйын", — деп түшүндүрөт Сэротэтто.
Отуз жылдан ашуун убакыттан бери ал совхоздо катардагы бугучу, кийин бригадир болуп иштеген. "Короодо 2000дин тегерегинде бугу бар. Тундрадан улам жер которуп жатып келген. Карск деңизине чейин жетип, кайра кайтышкан". Азыр Сергей — жеке фермер, 500 баш бугусу бар. Анын айтымында, "бул өтө эле аз".
Бугучулардын салттуу турагы конустук формада. Абдан оңой орнотулат: беш метрлик жыгач бакандар бекитилет, ал эми жогортон ылдыйга бугунун териси жабылат. Чабандар дайым жолдо жүргөндүктөн, алачыктарды күн сайын орнотуп, кайра чечишет. Алар адатта күнүнө 30 чакырым жүрө тургандыктарын айтты.
Түпкү көчмөн элдин өкүлдөрү катары ненецтик бугучулар мамлекеттен төлөм алышат. Мындан тышкары, жеке фермерлер мал гана бакпастан, этин, терисин, мүйүздөрүн сатышат. Сергейдин айтымында, "аларга ошол жетиштүү".
"Эч ким күчтөп кыйнаган эмес"
Сэротэтто кыштакка түшкөндө малды анын уулу карайт.
"Балам да салтты улай атасынын жолун жолдоду. Эч ким деле мажбурлаган жок. Үч кызым дагы бар, алар кыштакта иштешет. Жубайым да мага окшоп бугуларсыз жашай албайт. Шаардагы иштерди бүтүргөн соң, бугуларыбызга ашыга кайтабыз. Баса, аялым мурда мени менен совхоздо иштечү. Алачык тигип, тамак жасачу", — дейт ал.
Сэротэттонун малы жайында жарым аралда, ал эми азыр Надым районунда багылат. "Яр-Салдан 210 чакырым ыраакта. Биздин карда жүргүчүбүз бар, тез эле жетип алабыз. Кышкысын кыйналабыз дегенден алысмын. Бул – биздин турмушубуз. Көчмөн кишилердин көргөн күнү бугулар".
Сергей Сэротэтто токойго биротоло көчкүсү жок.
"Албетте, жайыттар такыр болуп баратат, бирок мындай жолду басып өтүш мага оор деле эмес", — деп кошумчалады биздин каарман.
Жашоо нугу
Бугучулардын малын айдап Надым районуна көчүшүнө эмне түрткү болгону боюнча "РИА Новости" Россия илимдер академиясынын Урал бөлүмүнүн Өсүмдүк жана жаныбарлар экологиясы институтунун директору Михаил Головатинге суроо салган.
Анын айтымында, Надым районунда кышкысын абал дурус.
"Жайында токойдо малды караш татаал. Бугуларды чымын-чиркей жөн койбойт, андайда мал кайтарыш кыйын. Анан калса, токойду жырткыч айбанаттар — карышкыр, аюулар байырлайт. Алар малга эч жалтанбай эле кол салышы ыктымал", — деп тактайт Головатин.
Сөз соңунда окумуштуу ненецтердин жашоосунда ушул жаныбарлар маанилүү экенин айтат. Канча баш бугусу болсо, алар ошого жараша бай деп саналары калыптанган.
"Бугу – алар үчүн бүтүндөй дүнүйө: азыгы да, көлүгү да, баш калкалар чатыры да... Канатына айланган бул жандыктарды сойгонду жактыра беришпейт өздөрү, ошондуктан малдын саны тез көбөйөт", – дейт ал.
Чындыгында бугу аларды боор эти менен тең болуп калган.