Москвага келген туристтер шаардын эмнесин мактап, эмнесине нааразы болушат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүПразднование Нового года в Москве
Празднование Нового года в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
World Travel Awards — Дүйнөлүк саякат сыйлыгынын лауреаты Москва чет элдиктердин купулуна толгон шаар болгону менен саякат учурунда көкөйгө тийчү жагдайлар да бар.

Туристтерди кайдыгер калтырбаган нерселер тууралуу биздин өнөктөш — РИА Новости агенттигинин макаласынан окуңуздар.

Кимге англис тилинде, кимге грекче кайрылуу керектигин билген оң

"Англисче билип-билбегендерин сураганымда "жок" деп, кайра эң сонун деңгээлде англис тилинде сүйлөшө билгендерди көп кезиктирдим! — дейт Австралиядан келген Таня Симпсон. — Бирок сылыктыкка салып "здравствуйте", "пожалуйста", "спасибо", "нет" жана "да" деп орус тилинде эки ооз сөз менен кайрылып, жооп берип коем".

Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек кайсы орунда? Дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын рейтинги түзүлдү
Германиялык Поль "англис тилиндеги жол көрсөткүчтөрдү шаардын ар кай бурчунан көрүүгө болот, жолду табыш оңой. Ал эми россиялык саякатчылар Лондон, Париж же Германиянын бир шаарынан кириллицадагы жазууларды таба алары арсар" — деп ой жоруйт.

Гид-котормочу Елена Бреустун айтымында, туристтер шаардын чет жакасында жол көрсөткүч иштебей калганына наалышат.

Бирок айрымдар Москвада англис тилин билбесе деле ачка калбайт. Елена Савина италиялыктар мектепте грек тилин окугандыктан тез эле көнүп, жол белгилерин, жазууларды окуй башташат дейт.

Жер алдындагы кыймыл

Сырттан келген меймандар үчүн саякатта сөзсүз көрчү жай — баш калаанын жер төлөсү: тарыхый станциялар, кооз сүрөт түшүрүлгөн дубалдар, көз жоосун алган асма чырактар...

"Мен коштоп алып жүргөн туристтерге Москва метросунун тоннелинин диаметри Спас мунарасындагы циферблат куранттарынын өлчөмүнө шайкеш экенин эскертем, — деп баяндайт гид-котормочу Мария Сорокина. — Ушундай учурлар четөлкөлүктөргө дайым кызык, алар Москва Кремлинин курулуш пропорциясына дейре элестете алышат".

Бирок Quora туристтик маалымат алмашуу сервисинде америкалык Питер МакДональд метро менен электричкаларды "кымгуут маалда бул азаптын азабы" деп жазат.

"Бүктөлүп, бир бутумду көтөргөн боюнча 20 мүнөттөй жол жүргөм", — деп бөлүшөт америкалык турист Москвадан алган таасирлеринен.

Калган тынч убактарда жүргүнчүлөрдүн бири-бирине орун бошотушканы чет элдиктерди таң калтырат. "Москвада коомдук транспортто улгайган адамдарды көргөндө дароо орундарынан тура калышканы жагат. Мисалы, Италияда мындай адат өтө сейрек", — деп белгилешет туристтерди коштогондор.

Жер үстүндө

Римден келген Антонио Томасини кең проспекттерге, жакшы нукка салынган жол кыймылына суктанат. Анан качып кутулгус жол тыгындарын да эстебей койгон жок. 

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМосквадагы жолдор
Москвага келген туристтер шаардын эмнесин мактап, эмнесине нааразы болушат - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы жолдор

МакДональд Москвада ижаралаган батирге жакын жердеги жолдун жеңилдетилиши жөнүндө: "Жолдун мындай курулушу боюнча Лос-Анджелестин ар бир жол долбоорлоочусу сыймыктанмак" деп жазган. Бирок, анын айтымында, натыйжада жол тыгыны ылдый карай бир нече чакырымга оошуп кеткен.

"Москваны Чикагого салыштырар элем, коомдук-транспорттук тутуму эффективдүү, бирок айдоочулары начар экенин айтпасак болбос", — деп жазат анын мекендеши Грег Стивенс.

Тайвандык турист таксидеги сапарына нааразы: шаардын чок ортосундагы мейманканадан Вернадский проспектине чейин эле андан алты миң рубль алып коюшкан. Ага чейин москвалыктар ага мобилдик тиркеме аркылуу машина чакырып, Тагандан Театралдык өткөөлгө 500 рубль менен жетип алышына жардам беришкен экен.

Празднование Нового года в Москве - Sputnik Кыргызстан
Көз жоосун алат! Дүйнөнүн ири шаарларында атылган жаңы жылдык салюттар. Видео
Туристтик топтор үчүн эң башкы көйгөйлөрдүн бири — автобустар токтоп, саякатчыларды түшүрчү жерлердин жоктугу. "Кээде бир чакырым жөө жүрүүгө туура келет. Мисалы, Васильев эңкейишинен Кремлдин кире беришине чейин. Андан ары да экскурсия уланат, бир нече саат тынымсыз жөө басабыз, — дейт Елена Бреус. — Туристтердин көбү, арасында улгайгандары да бар, алар буга чыдай албайт. КЭР жарандары гана басып жүрө беришет".

Гиддер да, калаанын меймандары да жолдордун улам жабыла беришине нааразы, андай учурлар туристтик программаларды бүт бузат.

Тынч, бирок сактансаң сактайм дейт

Австралиялык Таня Симпсон көчөдөгү жана коомдук жайлардагы коопсуздукту белгилейт: "Дурус жагдай. Ар жакта полиция, көзөмөлчүлөр, андыктан өзүңдү толук коопсуз сезесиң". Бирок буга карабастан, Гонконгдон келген турист жагымсыз окуяга тушугуп, телефону менен камсыздандыруусунан кур жалак калган.

"Мобилдик телефонун шаардын чок ортосунан уурдап кетишкен. Камсыздандыруучу компанияга каражатын кайтарып алууга кайрылуу үчүн полициядан тастыктама зарыл, — дейт Елена Бреус. — Биз жакын жайгашкан полиция бөлүмүнө бардык. Бирок туристтин телефону алардын районунда уурдалбагандыктан, алар бизге көмөк көрсөтүүдөн баш тартты".

Туристтердин көпчүлүгү кайсы маал болбосун Москва тынч экенин, айрыкча шаардын борборунда жай жүрө берүүгө болорун, бул калаа эбак эч качан уктабаган шаарга айланганын белгилешет.

Ошентсе да социалдык медиада чет элдиктер шылуундуктун кеңири таралган ыкмаларын эскертишет. Мисалы, көчөдө жаткан капчык. Аны жерден алдың дегенде эле өз акчаңдан куру каласың. Капчыктын "кожоюну" заматта табыла калып, ичиндеги акчасы кем экенин айтып догурунат.

Тамактын түрүн айтпа!

Москванын тамак-аш жаатындагы артыкчылыктарын туристтер жогору баалашат. "Тамактар сонун, үйдө жасалгандай. АКШда тез татым жана зыяндуу кошумчалар арбын, — дейт америкалык Рене. — Орус ашканасы пайдалуу, таза, даамдуу да келет". Бирок кээде "кайда барбасын" майонез кошулганына кабак чытыган туристтер да жок эмес.

Чет элдиктерге Москванын гастромаркетке айланган базарлары жагат.

"Жайнаган нан, куурулган жашылчанын түркүн түрү, эт (өзүм жебесем да байкадым) жана балыктан көп неме жок, — деп ар бирин атай белгилейт Таня Симпсон. — Даамдуулугун айтпаңыз, анан да ар кандай баада тапсаңыз болот. Мен башта бул жактын ашканасы жеңил болуш керек деп ойлопмун. Көрсө, абдан топуктуу жана кошулган азыктар ар түрдүү келет тура".

Ал Москвадан итальян, япон тамактарын оңой табууга болорун айтат: "Пицца чындап эле даамдуу, суши — ортозаар, укмуш деп күтпөгүлө, бирок жесе болот".

Гид-котормочу Вячеслав Тельминов өз тамактарын сагынган саякатчылар "Италиядагыдай чыныгы камырдан жакшы пицца же чык куюлган паста" жасаган мыкты ресторандарды көрсөтүүнү өтүнүшкөнүн эскерет.

Форостогу чиркөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аска бооруна чегилген тарых. Крымдын даңазалуу храмдары
Кайсы жайларды көрүш керек? Кремлден зоопарк менен ВДНХга карай

"Жубайым экөөбүз Москванын италиялык тамыры бар экенин угуп, таң калдык! Имараттардын бир тобунда — Кремль, Чоң театрдын курулушунда биздин мекендештердин да эмгеги бар экен. Өзүбүздүн Фьораванти, Солари, Джиларди деген сымал фамилияларды укканда абдан сыймыктанабыз, — дейт Антонио Томасини.

Ал эми анын жубайы Иллария Каппони Москванын чиркөөлөрүнүн византиялык архитектурасына суктанат: "Таптакыр бөлөкчө курулуш. Айран таң калдым!".

Туристтердин кыжырын өлкөнүн эң кадырлуу жайларын кыдырууда узун кезек күтүү кайнатат. Мисалы, Австралиядан келген турист: "Бир кезек күтүүнүн ордуна эмнеге үч жерге — Оружейная палата (Курал-жабдык палатасы), Алмаз фонду жана Кремлге өзүнчө кезекке турууга аргасызсың? – деп наалыйт. Таня Симпсон жеке тажрыйбасынан: "Кремлге билетти онлайн жана алдын ала сатып алыңыздар. Мен ал жакка барарда үч күн мурун эле билет калбай калыптыр болчу", — деп кеңеш берет.

Туристтердин Арбатты анчалык жактыра бербегени бизге күтүүсүз болду. Гиддердин айтымында, чет элдиктер ал жактан көрө турган эч нерсе жок, кооз боелгон шылдырактай эле деп эсептешет. Ага караганда, Николь көчөсү аларга кызыгыраак экен. АКШлык турист Москва зоопаркын "дүйнөлүк деңгээлдеги жай" деп атап, андан сырткары, Арбатты жөн коюп, Жеңиш музейин бир көрүүгө кеңеш берет.

Гид-котормочу Оксана Муштанова туристтер Москвага көп деле дегдеп келишпегенин, бозомтук, чаңы сапырылган, суз калааны элестетишерин айтат. Ал эми келген соң жарыгы жанган шаарды, ыкчам ыргакты, асман тиреген имараттарды жана сулуу, келишимдүү кишилерди көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0