00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жинденип, каның кайнап турса рулга отурба. Маршрутка айдоо этикети

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота маршрутного такси в Бишкеке
Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik апта сайын "Этикет" рубрикасынын алкагында коомдук жайларда жана ар кыл жагдайда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Коомдук транспорт — айдоочулардан жана эл ташуу кызматын көрсөткөн компаниялардан чоң жоопкерчиликти талап кылган тармак. Айдоочулардын колунда күн сайын жүздөгөн адамдардын өмүрү болгондуктан алар чыныгы иш билги жана сабырдуу болушу керек.

Машыгуу залындагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элди жийиркентпей териңди сүрө кет. Машыгуу залындагы этикет
Борбор калаада айдоочу менен жүргүнчүнүн кайым айтышын же айдоочунун оройлугун көрүү үчүн алыс басып кереги жок. Албетте, жүргүнчүлөр арасында дагы кемчиликтер кетет. Бирок бүгүн күн сайын эл ташып, бир топ өмүргө жоопкерчилик алып жүргөн коомдук транспорттун айдоочулары тууралуу кеп кылабыз. Тагыраагы, алардын жүрүм-туруму, кызматтык маданияты жөнүндө.

Айдоочу үчүн жазылбаган эрежелер боюнча этикет мугалими Нуржан Исмаилова түшүндүрүп берди.

Тазалык

"Эшигин көрүп төрүнө өт" дегендей, кайсы гана кызмат көрсөтүү жааты болбосун кардардын көзүнө алгач тазалык жана тыкандык урунат. Андыктан эл ташуучу транспорттун ичи-тышы, отургучу жана кармоочтору таза болгону жакшы. Муну менен катар жайкысын ысып, кышкысын үшүп турган жүргүнчүлөргө транспорт ичинде ыңгайлуу шарт түзүп берген туура.

Чөгүңкү маанай менен ишке чыкпа

Жашоодо ар кандай учурлар болот эмеспи. Кээде бирөөгө жиниң келет, маанай чөгөт, же бир нерсеге сарсанаа болосуң дегендей. Албетте, бул нерсе ишке дагы терс таасир этиши мүмкүн. Андыктан жан дүйнө кыйналып турган учурда ишке чыкпай эле койгон туура. Жогоруда айтылгандай, айдоочу рулда отурганда бир эле учурда ондогон адамдын өмүрүнө жоопкер болот.

Уруш-талаштын кереги жок

Пикир келишпестик, уруш-талаш чоң негатив жаратары айдан ачык. Бул нерсе кардардын дагы, айдоочунун дагы маанайын түшүрүп, айрым учурда өзүнөн чыгарып жибериши мүмкүн. Эки тарап тең эмоцияга алдырбаганы жакшы. Өзгөчө бул айдоочуларга тиешелүү, анткени ал кызмат көрсөтүп жаткан адам.

Башкага алагды болбо

Кулагына ийини менен телефонду такап алган, бир колунда суусундук, экинчисинде акча менен руль, оозунда чылым... Ар бириңер эле ушундай айдоочуну көрсөңөр керек. Өзүңөр деле элестетип көрсөңөр, мындай учурда жол белгиге, жүргүнчүнүн өтүнүчүнө, алды-арттагы автолорго көңүл буруу деле оңой эмес да.

Аялдаманы айтып тур

Айдоочу аялдамаларды айтып турганы жакшы. Анткени транспортто шаарды жакшы билбеген же кысылышта сыртты карай албай бара жаткан жүргүнчүлөр болушу ыктымал.

Орто жолго таштап кетпе

Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акча тапканыңды милдет кылба. Жубайлар ортосундагы этикет
Айрым айдоочулар иши чыгып калса же машинада 2-3 гана киши калса акыркы аялдамага чейин барбай коймой жайы бар. Бул өзгөчө шаар четине каттаган маршруттарда кездешет. Мындай мамиле кызмат көрсөтүү маданиятына гана эмес, мыйзамга дагы туура келбейт. Кардарды автоунаага салып, жол киресин алгандан кийин айдоочу аны көздөгөн жерине жеткирүүгө милдеттүү. Ал эми орто жолдо калгандар машруткага ээлик кылган компанияга же мэриянын тиешелүү бөлүмүнө даттанууга укуктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0