Акча тапканыңды милдет кылба. Жубайлар ортосундагы этикет

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOҮйлөнүү үлпөтү. Архив
Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik апта сайын "Этикет" рубрикасынын алкагында коомдук жайларда жана ар кыл жагдайда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Жубайлар дүйнөдөгү бири-бирине эң жакын адамдар эмеспи. Алар жашоонун ысык-суугун бирге көтөрүп, ата-энеге татыктуу бала, өз балдарына үлгүлүү ата-эне болууга аракет кылышы зарыл.

Бирок чогуу күн кечирип, көр оокат менен бирге алышкан адамдардын ортосунда сый-урмат, ысык мамилени сактап калуу үчүн бир топ аракет керек. Бүгүн этикет мугалими Нуржан Исмаилова жубайлардын мамилесиндеги гармонияны кармап турчу эрежелер жөнүндө айтып берди.

Аял өзүнө кам көрүүдөн чарчабашы керек

Аял киши ар дайым жолдошунун назарында болуу үчүн өзүн өстүрүп, өнүктүрүүдөн тажабашы керек. Ар бир күндүн 24 саатын жолдошунун "көлөкөсүндө", анын кулак-мээсин жеп өткөрбөй, өз хоббиси, пикири, иши бар аял эркекке кызыктуурак көрүнөт. Ошондой эле аял киши үйдө өзүн үй кызматкердей эмес, кожойкедей алып жүргөнү жакшы. Башкача айтканда, күйөөсү эркелетип гана тургусу келгендей жагымдуу болуп турушу зарыл.

Сөзгө сараң болбоңуз

Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бири-бириңердин жеке убактыңарды уурдабагыла! Үй-бүлө этикети
Айрым эркектер аз сүйлөп, өзүн иши менен көрсөткөндү жакшы көрөт. Бирок психологдор үй-бүлөлүү эркектерге жубайына келгенде жылуу сөзүн аябай эле коюуну сунуштайт. Анткени "аял кулагы менен сүйөт" деп бекеринен айтылган эмес экен. Ал майда-чүйдө нерсеге чейин көңүл бурат. Мисалы, жумушка кетип бара жатканда же кайтып келгенде күйөөсүнүн беттен сүйүп, жылмайып койгону эле аялзатына бир топ энергия берет.

Ата-энени жамандоого болбойт

Аялы менен күйөөсү бири-биринин ата-энесин, жакын туугандарын сындап, жамандабай эле койгону туура.

Кол көтөргөн жарабайт

Үй-бүлөдөгү эң жаман жорук — аялга кол көтөрүү. Кандай гана пикир келишпестик болсо дагы акыл-эси ордунда эки киши сүйлөшүү жолу менен чечип алса болот. Бир ирет кол көтөргөн адам (айрым учурда аялга гана эмес, бири-бирине дагы) бул адатты экинчи жолу да кайталашы мүмкүн. Бул учурда аялы менен күйөөсүнүн ортосундагы сүйүү көпчүлүк учурда өчүп калат.

Катасын унут

Офис ИА Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жетекчиликке жамандап барба. Кесиптештер ортосундагы этикет
Тирүү адам болгондон кийин ар бирибизден катачылык кетет. Бири-биринин кемчилигин унутпай, эске сала берген үй-бүлөдө жашоо жакшы болбойт. Эң жөнөкөй мисал, күйөөсү жаңылышып колбасанын башка түрүн алып келди дейли. Айрым аялдар муну улам-улам баса белгилеп, үйдөгүлөрдүн баарына айтып чыгышы мүмкүн. Чындыгында бул трагедия эмес. Тескерисинче, жакшы жагын издеп көрүңүз, балким колбасанын ушул түрү дагы силерге жагып калар.

Акча тапканыңды милдет кылба

Жагдайга, шартка жараша үй-бүлөдө кээде эркек, кээде аял киши негизги акча тапкыч болуп калат эмеспи. Бирок ар дайым бир гана киши табышкер болгон күндө дагы "мен акча алып келип жатам, мын кыйынмын" деген маанидеги сөздөр айтылбашы керек. Үйдө отурган адамдын мойнунда дагы чарба иштерине байланыштуу толгон-токой милдет бар. Үйдөгү кут сырттан келген каражаттан гана эмес, аны ичте туура бөлүштүрүп, пайдалануудан дагы көз каранды.

Аялын достор менен талкуулабайт

Жакшы эркек эч качан аялын, өзгөчө төшөк мамилесин достору менен талкуулабашы керек.

Отчет берүү

Эркек киши жумуштан тышкаркы учурда кайда жүргөнүн жана үйгө канчада кайтарын жубайына айтып койгону туура. Үйдө отурган адам сырттагы кишини ар дайым күтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0