00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Трудности перевода: почему кыргызским писателям не хватает переводчиков
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Балдардын суудагы коопсуздугу толугу менен ата-энелеринен көз каранды!». Сууга түшүүдө кандай коопсуздук эрежелерин сактоо керек?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше денег, меньше вакансий: изменит ли реформа кадровый кризис в школах КР
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
13:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий стартап в КР: 10 команд получили гранты и вышли на реальный рынок
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Элди жийиркентпей териңди сүрө кет. Машыгуу залындагы этикет

© AFP / MANAN VATSYAYANAМашыгуу залындагы адам. Архив
Машыгуу залындагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik апта сайын "Этикет" рубрикасынын алкагында коомдук жайларда жана ар кыл жагдайда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Кинотеатр, коомдук транспорт, дүкөн, китепкана сыяктуу жайлардай эле машыгуу залында дагы өзүн-өзү алып жүрүүнүн жазылбаган эрежелери бар. Аны карманбаган кишилер айланадагылар менен мамилесин гана бузбастан, өз ден соолугуна да залака тийгизип алышы ыктымал.

Бул эрежелер тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурмандарына этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Кийим

Машыгуу залы үчүн кийим ыңгайлуу жана коопсуз болушу керек. Модалуу жана кооздугу андан кийинки орунда. Өтө чапташкан кийимдер денени кысып, кыймылды чектейт. Ал эми өтө кенендери машыгуучу жабдууларга илинип, жүдөтүшү мүмкүн.

Машыктыруучуга сый-урмат

Ар бир залда машыктыруучу болот. Эгер жаңы баштаган болсоңуз, сизге сөзсүз анын кеп-кеңеши керек. Ансыз туура эмес машыгып, ден соолугуңузга зыян келтирип алышыңыз мүмкүн. Мурда спорт менен алектенип, машыгууларды жолго коюп алган болсоңуз деле сый иретинде инструктор менен учурашып, ал-жай сурашып коюу ашыктык кылбайт.

Жабдууларды "менчиктеп" алба

Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акча тапканыңды милдет кылба. Жубайлар ортосундагы этикет
Шарт боюнча кайсы бир жабдууда машыгуу үчүн ал бош болбосо кезекке туруу керек. Ал эми сиз машыгып, бир нече киши күтүп калган болсо, ылдамыраак бүтүүгө аракет кылыңыз. Тагыраагы, аны кыскараак убакыт ичинде болушунча көп пайда көргүдөй эпке келтирип алыңыз. Эсиңизде болсун, сиз бир жабдууну ээлеп жайбаракат отурган кезде күтүп жаткан бирөөнүн алтынга тете убактысы "күйүп" жатышы мүмкүн.

Атыр-упа

Тердин жытын атыр менен жеңем деп ойлобоңуз. 20-30 киши бирдей тердеген бөлмөдө сиздин атырдын жыты дагы жүргөнүн элестетсеңиз. Андыктан машыгууга бара жатканда таза жуунуп алуудан өтөрү жок. Ал эми залга жаңы бара баштаган кыз-келиндер жарым сааттан кийин кадимки пандага окшошуп калгысы келбесе, косметиканы чебердеп колдонгону жакшы.

Насаатчы болуп кетпеңиз

Бирөөгө акыл үйрөтүүдөн алыс болуңуз. Өзгөчө жаңы келип, чымыр денелүүлөр арасында өзүн ансыз да ыңгайсыз сезип жаткандарга көп көңүл бурбай эле койгон жакшы. Албетте, эгер өзү жардам сурабаса.

Башкаларга тоскоол болбо

Гиря же гантелди турган жерден алган соң обочороок барып машыгыңыз. Ал жактан башка бирөө дагы гиря алгысы келип калышы мүмкүн. Ошондой эле көпчүлүк ары-бери өтчү жолдорду ээлеп тура бербеңиз.

Машыкканы келдиңизби? Ак жол!

Офис ИА Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жетекчиликке жамандап барба. Кесиптештер ортосундагы этикет
Атайын убакыт жана каражат бөлүп келгенден кийин акы төлөнгөн сааттарды куру сөзгө кетирбеңиз. Сүйлөшүп отуруу үчүн атайын кофекана, чайкана же сейил бак сыяктуу жайлар бар. Ал эми машыгуу залында башкалардын тынчын алып, күчтү сөздөн чыгаргандан көрө гирядан чыгарыңыз. Баса, машыгуу залында телефондун үнүн басаңдатып, колдон келсе сыртка чыгып сүйлөшүп келген туура.

Тазалык

Кайсы бир жабдууда машыккандан кийин анда калган терди өзүңүздүн сүлгү менен сүрө кетиңиз. Мурда машыккан адам шайманды тер бойдон таштап кеткени кийинкилерге бир гана жагымсыздык жаратпастан, оору жугузуп алуу коркунучун дагы пайда кылат.

Жуунуучу бөлмө

Машыгуу залынын жуунуучу бөлмөсү негизинен терди кетирип, чайынып алыш үчүн гана. Андыктан мончодо жүргөнсүп жайбаракат отуруп албаңыз. Себеби баягы эле — сизден кийинкилер күтүп калат. Тазалык боюнча шарттар эч өзгөрүүсүз — өз артыңыздан тазалап, сууну өчүрө кетүүнү унутпаңыз. Ал эми кийим-кече койгон шкафка эч нерсе калтырбай ала чыгыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0