https://sputnik.kg/20200114/kinoteatrda-tasma-koruunun-pajdasy-1046758350.html
Кинотеатрда тасма көрүүнүн ден соолукка кандай пайдасы бар? Адистин жообу
Кинотеатрда тасма көрүүнүн ден соолукка кандай пайдасы бар? Адистин жообу
Sputnik Кыргызстан
Чоң экран, тасмага берилүү, кинотеатрдагы атмосфера адамдын каармандардын тагдырына көбүрөөк толгонуусуна шарт түзөт. Мындайда адреналин жогорулап, жүрөккө... 14.01.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-01-14T08:48+0600
2020-01-14T08:48+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/102143/39/1021433970_0:22:3071:1759_1920x0_80_0_0_b1e72a7ef38eeafbba53815162e89355.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102143/39/1021433970_0:0:3071:1930_1920x0_80_0_0_f39fc993dc9c579f53255a3a53ff0669.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, басма сөзгө баяндама
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, басма сөзгө баяндама
Кинотеатрда тасма көрүүнүн ден соолукка кандай пайдасы бар? Адистин жообу
08:48 14.01.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Чоң экран, тасмага берилүү, кинотеатрдагы атмосфера адамдын каармандардын тагдырына көбүрөөк толгонуусуна шарт түзөт. Мындайда адреналин жогорулап, жүрөккө таасир этет.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кинотеатрда тасма көрүү машыгуу залына баргандай эле ден соолукка пайдалуу. Бул тууралуу Лондон университетинин (Улуу Британия) окумуштууларына шилтеме берип Daily Mail басылмасы жазды.
25 Жетинин айы 2019, 08:47
Муну аныктоо үчүн илимпоздор 2019-жылы жарыкка чыккан Aladdin тасмасын көрүүгө келген 51 кишиге иликтөө жүргүзүп, алардын жүрөгүнүн согуусун сенсордук аппарат аркылуу карап турган.
Жыйынтыгында 45 мүнөт тасма көргөн адамдын жүрөгү машыгуу залында жеңил-желпи көнүгүүлөрдү жасаган же бир нече чакырымды жөө басып өткөндөй эле тездикте иштегенин аныкташкан.
"Чоң экран, тасмага берилүү, кинотеатрдагы атмосфера адамдын каармандардын тагдырына көбүрөөк толгонуусуна шарт түзөт. Мындайда адреналин жогорулап, жүрөккө таасир этет", — деп айтылат макалада.
Мындан тышкары, адам фильмдин сюжетин эстеп калууга аракет кылып, мээнин иштөөсүн жана эске тутуусун дагы жакшыртарын айтышты.