Мультфильмдегидей... АКШлык жигит өзгөчө ыкма менен сүйүктүүсүнүн колун сурады

Жазылуу
Интернетке АКШлык жигит өзгөчө ыкма менен сүйүктүүсүнүн колун сураган видео тарап, кызуу талкууланып жатат.

CBS Boston басылмасынын билдиргенине караганда, жигит "Уйкудагы сулуу" жомогундагы ханзаада менен сулуунун ордуна өзү менен сүйүктүүсүн коюп, анимациялык тасманы өзгөртүп чыккан.

Манас аэропортунан сүйүктүүсүнүн колун сураган жигиттин видеосу - Sputnik Кыргызстан
"Манас" аэропортунан сүйүктүүсүнүн колун сураган жигиттин видеосу
Мультфильмди көрүп кетүү үчүн жигит туугандары менен досторун 31-декабрь күнү Бруклиндеги Кулидж Корнер кинотеатрына чакырган.

Сценарий боюнча, тасмадагы ханзаада сулууну өпкөндөн кийин каармандар америкалык жигит менен анын сүйгөнүнө айланат. Ошол маалда ханзаада сүйгөнүнө сунуштаган шакекти бери көздөй ыргытып коет. Ал эми экрандын сыртында турган жигит сахна артынан ыргытылган шакектин кутучасын тутуп алып, жанындагы кыздын колун сурайт. Аягында кыздын макул болгонун көрүүгө болот.

Ролик YouTube тармагына 9-январь күнү жарыяланып, бир суткада 812 миң ирет көрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0