4 млн. сомдук зер буюм. Баалуу металл сактаган депутаттардын тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат на заседаним Жогорку Кенеша
Депутат на заседаним Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Жогорку Кеңештин депутаттарына таандык баалуу металлдардан жасалган зер буюмдардын баасын билүүгө аракет кылды. Бул үчүн 2018-жылга карата тапшырган декларациясын карап көрдүк.

Эл өкүлдөрүнүн биринде төрт миллион сомдук зер буюму бар экенин билчү белеңиз. Башкаларында 70, 200 жана 400 миң сомду түзөт. Албетте, бул депутаттар өз эрки менен жазган расмий маалымат. Алдыда парламентарийлердин зер буюмдарынан башка да байлыгы менен тааныша аласыздар.

Махабат Мавлянова

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Махабат Мавлянова
4 млн. сомдук зер буюм. Баалуу металл сактаган депутаттардын тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Депутат Махабат Мавлянова

Баалуу металлдарды чогулткан депутаттардын сап башында Махабат Мавлянова турат. Анын зер буюмдарынын баасы 4 миллион 180 миң сомду түзөт.

Ал эми колдонуп жүргөн эмереги 4,6 миллион сомго бааланган. Сүрөт, аудио, видеотехника, компьютер жана тиричилик техникасынын баасы 800 миң сом. Мавлянованын жылдык кирешеси 3,1 миллионго жетип, чыгашасы 1,8 миллион сом болгон. "МЖА Групп" жана "Мега МБЛ" компанияларын ишенимдүү тараптарга өткөрүп берген. Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаа айдайт.

Жакын туугандары 34,8 чарчы метрлик батирге ээлик кылат.

Таалайбек Масабиров

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Таалайбек Масабиров
4 млн. сомдук зер буюм. Баалуу металл сактаган депутаттардын тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Депутат Таалайбек Масабиров

Депутат Таалайбек Масабировдун үй-бүлөсү эки миллион сомдук зер буюмдарга ээлик кылат. Ал эми эмерек, тиричилик техникасынын баасы бир миллион сом. Башка дагы 200 миң сомдук кыймылдуу мүлкү бар. Lexus жана Toyota Land Cruiser унааларын айдайт.

Ал эми Масабировдун өзү 2,7 миллиондук жылкыга, 3,3 миллиондук бодо малга жана 2,1 миллион сомдук кой-эчкиге ээлик кылат. Ал эми эмерегинин баасы эки миллион сомго жетет. Сүрөт, аудио, видеотехникасы 500 миң сомдун тегерегинде.

Акылбек Жамангулов

© Фото / Пресс-служба Жогорку Кенеша2018-жылдын октябрында MegaCom компаниясынын жетекчиси болуп дайындалган Акылбек Жамангулов
4 млн. сомдук зер буюм. Баалуу металл сактаган депутаттардын тизмеси - Sputnik Кыргызстан
2018-жылдын октябрында MegaCom компаниясынын жетекчиси болуп дайындалган Акылбек Жамангулов

2018-жылдын октябрында MegaCom компаниясынын жетекчиси болуп дайындалган Акылбек Жамангулов бул жылы депутат катары декларация тапшырган. Анын баалуу металлдарынын баасы 2,9 миллион сом экени көрсөтүлөт.

Салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Декларациядан буйтаган 14 миңден ашуун кызматкер. Материал прокуратурага жөнөтүлдү
Маданий баалуулугу бар буюмунун баасы 500 миң, кыймылдуу мүлкү 3,85 миллион сомго бааланган. 130 миңдик үй канаттуулары, 2,95 миллиондук жылкысы, 3,6 миллиондук бодо малы жана 4,9 миллион сомдук кой-эчкиси бар. Тиричилик техника, эмерек, үйгө керектүү буюмдарын баарынын баасы 2,2 миллион сом. Gold King Plus компаниясындагы 60 пайыздык үлүшүн ишенимдүү тарапка өткөрүп берген. 140 чарчы метрлик батирде жашайт. Мындан сырткары, контейнер, гаражы бар. Бир жылда 544 миң сом киреше тапкан.

Жакын туугандары эч бир мүлккө ээлик кылбайт.

Асылбек Жээнбеков

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Асылбек Жээнбеков
4 млн. сомдук зер буюм. Баалуу металл сактаган депутаттардын тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Депутат Асылбек Жээнбеков

Экс-төрага, азыркы депутат Асылбек Жээнбековдун үй-бүлөсүнө 480 миң сомдук зер буюм таандык.

Алар Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү жолтандабас айдашат. Тиричилик техникасы, эмерек, үйгө керектүү буюмдарынын баарын кошкондо 430 миң сомду түзөт. Башка кыймылдуу мүлкүнүн баасы 120 миң сом.

Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жада калса үйү жок. Жогорку Кеңештин эң кедей депутаттары
Ал эми Жээнбеков өзү 1500 чарчы метрлик үйгө ээлик кылат. Учурда курулуп жаткан 3500 чарчы метрлик объектиси жана башка 9700 чарчы метр конструкциялары бар. Ошондой эле "Бий-Мырза" ЖЧКсынын 100 пайызын, "Алтын-Көл" акционердик коомундагы 91 пайыздык үлүшүн, Айдарова Г.К. деп аталган ишкананы ишенимдүү башкарууга өткөрүп бергени айтылат.

Эл өкүлү 350 миң сомго бааланган жылкынын, 440 миңдик бодо малдын, 250 миң сомдук кой-эчкинин ээси. Андан тышкары, 350 миң сомдук бал челек кармап, 210 миң сом турган акцияга ээлик кылат. Эмерек, тиричилик техникасы жана башка керектүү буюмдарынын жалпы наркы 715 миң сом. Мындан башка 295 миң сомдук кыймылдуу мүлкү бар.

Осмонбек Артыкбаев

© Фото / пресс-служба ЖКСоттолгон экс-депутат Осмонбек Артыкбаев
4 млн. сомдук зер буюм. Баалуу металл сактаган депутаттардын тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Соттолгон экс-депутат Осмонбек Артыкбаев

Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупцияга айыпталып соттолгон экс-депутат Осмонбек Артыкбаевдин үй-бүлөсүндө 420 миң сомдук зер буюм бар. Lexus 460 үлгүсүндөгү жолтандабас айдап, "Ак Илбирс лимитед" компаниясына ээлик кылат. Жылдык кирешеси — 28,8 миллион сом.

Артыкбаев өзү "Ак Фонд" ишканасын ишенимдүү башкарууга өткөрүп берген. Анын жылдык кирешеси 292 миң сомду түзгөн.

Гүлкан Молдобекова

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Гүлкан Молдобекова
4 млн. сомдук зер буюм. Баалуу металл сактаган депутаттардын тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Депутат Гүлкан Молдобекова

Депутат Гүлкан Молдобекова 400 миң сомдук зер буюмдун ээси. Компьютери 100 миң, башка кыймылдуу мүлкү 90 миң сом. Жылкылары 500 миң, майда жандыгы 150 миң сом. Турак жайынын аянты 414,4 чарчы метр, эс алуу үйүнүн көлөмү 58 чарчы метр. Бир жылдык кирешеси 746 миң сом болгон. Жакын туугандарынын эч бир мүлкү жок.

Зиядин Жамалдинов

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Зиядин Жамалдинов
4 млн. сомдук зер буюм. Баалуу металл сактаган депутаттардын тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Депутат Зиядин Жамалдинов

Депутат Зиядин Жамалдиновдун үй-бүлөсү 360 миң сомдук зер буюмдарды сактайт. Lexus LX470 үлгүсүндөгү автоунаасын айдайт, кыймылдуу мүлкүнүн баасы 3,6 миллион сом. 32 жана 34 чарчы метрлик эки үйдүн ээси.

Ал эми Жамалдиновдун өзүнө таандык 12,1 миллион сомдук мүлкү бар. 30 миң сомдук жылкы багат. Батиринин аянты 150 чарчы метр жана 1,17 гектар айыл чарба багытындагы жер иштетет. Жылдык кирешеси — 825 миң сом.

Азамат Арапбаев

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Азамат Арапбаев
4 млн. сомдук зер буюм. Баалуу металл сактаган депутаттардын тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Депутат Азамат Арапбаев

Азамат Арапбаевдин зер буюмдарынын баасы — 280 миң сом. Мындан башка тиричилик техникасы, эмерек, үйгө керектүү буюмдарынын баарынын баасын кошуп эсептегенде 4,5 миллион сомду түзөт. Башка кыймылдуу мүлкүнүн наркы 39 миллион сомго жетет. Үч автоунаанын ээси, алты компаниясын ишенимдүү тараптарга өткөрүп берген. Эл өкүлүнүн жылдык кирешеси — 7,7 миллион сом.

Арапбаевдин жакын туугандарынын да 272 миң сомдук баалуу металлдары бар.

Алар баалуу кагаздардан жана ишкерликтен 960,4 миллион сом тапкан. Toyota Camry жана Toyota Land Cruiser унааларын айдашат. Алты батирге ээлик кылышат. Жылдык кирешеси 1,1 миллин сомду түзгөнү менен чыгашасы 15,7 миллиард сомду чапчыган.

Кубанычбек Нурматов

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Кубанычбек Нурматов
4 млн. сомдук зер буюм. Баалуу металл сактаган депутаттардын тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Депутат Кубанычбек Нурматов

Депутат Кубанычбек Нурматовдун үй-бүлөсү 150 миң сомдук зер буюм колдонот. Тиричилик техникасы, эмерек, үйгө керектүү буюмдарынын жалпы наркы 600 миң сомду түзөт. Батиринин аянты — 162,8 чарчы метр.

Нурматов өзү 500 чарчы метрлик үйгө, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаага ээлик кылат. Бир жылда 788 миң сом иштеп тапкан.

Данияр Аттокуров

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаЭл өкүлү Данияр Аттокуров
4 млн. сомдук зер буюм. Баалуу металл сактаган депутаттардын тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлү Данияр Аттокуров

Эл өкүлү Данияр Аттокуровдун үй-бүлөсүнүн зер буюмдарынын баасы 75 миң сомго бааланат. Компьютер, эмереги 215 миң сом, Lexus LX470 унаасы бар.

Аттокуров өзү Toyota Land Cruiser унаасын айдайт. Тиричилик техникасы жана эмерегинин наркы 170 миң сом. Жылкылары 1,5 миллион сомдук, кой-эчкиси 1,6 миллион сомго бааланат. 122 чарчы метрлик батири, айыл чарба багытындагы 5,45 гектар жери жана гаражы бар. Депутаттын бир жылдык кирешеси 1,1 миллион сомду түзгөн.

Рада Туманбаева

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Рада Туманбаева
4 млн. сомдук зер буюм. Баалуу металл сактаган депутаттардын тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Депутат Рада Туманбаева

Депутат Рада Туманбаева 72 миң сомдук зер буюм колдонот. Тиричилик техникасы, эмерек жана башка буюмдарынын баасы 213 миң сом. 58 чарчы метрлик батирде жашайт. 2018-жылы 680 миң сом киреше тапкан. Жакын туугандары бир жеңил, эки жүк ташуучу унаага ээлик кылат.

Илхом Маннанов

© Sputnik / Табылды КадырбековИлхом Маннанов
4 млн. сомдук зер буюм. Баалуу металл сактаган депутаттардын тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Илхом Маннанов

Депутат Илхом Маннановдун зер буюмдары 70 миң сомду түзгөн. Тиричилик техникасы, эмерек, сүрөт, аудио видеотехникасынын наркы — 385 миң сом. Жылдык кирешеси 857 миң сом болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0