Нурматов Кубанычбек Советович — өмүр баяны

Жазылуу
Кубанычбек Нурматов 1966-жылы 27-ноябрда Ош облусунун Араван районундагы Маңгыт айылында туулган.

Билими:

2002 — Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык академияны аяктаган;

2009 — Ош технологиялык университетин "финансы жана кредит" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1986-1990 — Ош шаарында кирпич зоводунда кызматкер;

1990-1994 — Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери;

1994-2004 — жеке ишкер;

2004-2005 — "Ошкрастекс" ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары;

2005-2007 — КР Жогорку Кеңеш депутатынын референти;

2008 — Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын материалдык-техникалык камсыз кылуу бөлүмүндө башкы адиси;

2008-2009 —Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын социалдык-протоколдук камсыз кылуу бөлүмүндө сектор башчысы;

2009-2010 — Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын имараттарды пайдалануу жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

2010-2011 — Жогорку Кеңештин Москва шаарындагы атайын өкүлү;

2012 — Эсептөө палатасында аудитор;

2015 — КР Жогорку Кенешинин VI чакырылышында "Кыргызстан" партиясынан депутат.

Мамлекеттик кызматтынын 3-класстагы кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0