Туманбаева Рада Мураталыевна — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековТуманбаева Рада Мураталыевна
Туманбаева Рада Мураталыевна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рада Туманбаева 1970-жылы 5-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен айылында туулган.

Билими:

1992 — Фрунзе политехникалык институтун "технолог" адистиги боюнча аяктаган;

2013 — Ош технологиялык университетин "экономист" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1992 — Шамалды-Сай отун-ашырып өтүү базасындагы "Урмат" ишканасында кадрлар бөлүмүнүн инспектору;

1993-1998 — Таш-Көмүр нан зоводунда технолог;

1998-2002 — инженер, андан кийин Ош технологиялык университетинде "Азык-түлүк технологиясы" кафедрасында мугалим;

2002-2003 — КР Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жаратылышты коргоо республикалык фондусунун киреше жана анализ бөлүмүнүн башкы адиси;

2004-2010 — "Этникалык азчылыктын жана чет өлкөлүк жарандардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо борбору" коомдук фондусунун ыкчам байланыш корпоративинин координатору;

2010-2011 — "Радиус-Түштүк" ЖЧКсынын директору;

2011-2012 — "Алик Транс" ЖЧКсынын директор орун басары;

2012-2014 — "Бай Транс" ЖЧКсынын директор орун басары;

2014-2015 — "Аргымак Карго" ЖЧКсынын директору;

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышына "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат.

Үй-бүлөлүү, эки баланын апасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0