Тегеран АКШнын сокку урам деген коркутуусуна жооп берди

© AP Photo / Iranian Defense MinistryРакета-носитель "Хордад-15" в Иране
Ракета-носитель Хордад-15 в Иране - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иран генералынын өлтүрүлүшүнөн кийин Трамп АКШ өлкөнүн 52 объектиси боюнча тездик менен оор сокку урарын айтып чыккан.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары Ирандын 52 объектисине кол сала албайт. Мындай билдирүүнү Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Абдулрахим Мусави жасаганын РИА Новости жазды.

"Келечекте болуп калчу чыр-чатактын жүрүшүндө 5 жана 2 сандарынын мааниси ачылат. Бирок абалды курчутууга алардын кудурети жетеринен күмөнүм бар", — деген Мусави.

Буга чейин АКШ лидери Дональд Трамп америкалыктар чабуулга тушуга турган болсо, Ирандын 52 объектисин бутага аларын эскерткен.

Сулейманинин өлүмү

Солдат армии США на одной из улиц Багдада - Sputnik Кыргызстан
Ирак Сулейманинин өлүмүнөн кийин америкалык аскерлер боюнча чечим кабыл алды
3-январда Пентагон АКШ Багдаддагы аба майданда Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы "Кудс" бөлүгүн баштаган Касем Сулейманиге каршы операция жүргүзгөнүн тастыктаган. Каза болгондордун арасында Сулейманиден тышкары кошуун жетекчисинин орун басары Абу Махди аль-Мухандис менен дагы төрт офицер болгон. Аль-Мухандисти АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 31-декабрда Багдаддагы Американын элчилигиндеги кол салууга күнөөлөгөн. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи менен президенти Хасан Рухани генералдын өлүмү үчүн өч алууну убадалаган. Өз кезегинде Американын президенти ирандык генералды миллиондогон адамдын, анын ичинде ирандыктардын өлүмүнө күнөөлөдү. Ошондой эле Трамп Касем Сулеймани миңдеген америкалыктарды өлтүрүп же жабыр тарттырганын билдирген.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мамлекеттик катчы Майк Помпеого АКШ генералды өлтүрүү менен эл аралык укукту бузганын айткан. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын башчысы Эммануэль Макрон Сулейманинин өлүмүнө кабатыр болуп жатышканын билдиришкен.

Ирак бийлиги өлкө аймагындагы америкалык аскерлердин ишмердүүлүгүнө чектөө киргизген чечим кабыл алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0