00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:56
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Унаалар, акча жана "оңой утуштар": интернет-лотереялардын тузагына түшүп калбоо жолдору
11:04
25 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
10 мин
Личный интерес
«Главная ценность - люди»: эксперты по туризму о форуме ШОС и конкурентных преимуществах Кыргызстана
16:11
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Айыл чарбадан инвестицияга чейин: Таластын экономикасы кандай өнүгүп жатат?
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
On air
18:10
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ачык кеп
Кыргыздардын этногенези: тарыхый-культурологиялык изилдөө кандай жүргөн?
19:07
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Чокморова: 41 миңден ашуун адам гепатит менен каттоодо, эмдөө – алдын алуунун эң натыйжалуу жолу
21:08
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Адвокат: Атамбаев ооруп калгандыктан сотко келген жок

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүВизит президента РФ В. Путина в Киргизию
Визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы мамлекет башчы ден соолугуна байланыштуу сот залына келбей калгандыктан процесс башка күнгө жылдырылды.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ооруп калгандыгына байланыштуу сотко алып келинген жок. Бул тууралуу журналисттерге анын адвокаттары Сергей Слесарев менен Замир Жоошев билдирди.

Алар Атамбаевдин эмнеси ооруп калганын тактаган жок, бирок кан басымы боюнча көйгөй жаралышы ыктымалдыгын болжошту. 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук процесс 17-декабрга жылдырылды.

Буга чейин Атамбаев сотко келүүдөн эки ирет баш тартып койгон, бирок 29-ноябрда аскерлер аны Биринчи май райондук сотуна алып келген. Адвокат Замир Жоошев ал кандайча сотко келүүгө макул болгонун түшүндүргөн. Ал күнү адвокаттар иш менен таанышуусу керек деп жыйын башка күнгө жылдырылган. Атамбаев күтүү залында отуруп, андан соң кайра тергөө абагына жеткирилген

Батукаевдин иши

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен.

2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0