Кой-Таштагы окуя: чуу жараткан пакеттин ичиндеги буюмдар ачыкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековБывший президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев
Бывший президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламент бүгүнкү жыйынында 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун карады.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Башкы прокурордун орун басары, аскер прокурору Нуркамал Набиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн алып чыгып баратканда ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асанов жардамчысына берген кызыл пакеттин ичинде Атамбаевге таандык документтер болгонун айтты.

Парламент бүгүнкү жыйынында 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун карады.

"Кызыл пакетте Атамбаевге тиешелүү документтер жана башка буюмдар болгон. Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу аларды айта албайм", — деди ал.

Белгилей кетсек, 13-августта социалдык тармактарда Атамбаевди кармоо учурунда Асанов андан акча, зер буюм жана маанилүү документтер салынган пакет алып жатат деген видео тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0