Самат Курманкуловдун абалы жөнүндө досу айтып берди

© Фото / пресс-служба ГУВДЧүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов. Архив
Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Самат Курманкулов менен үй-бүлөлүк катышта болгон досу Москвага барып, Кой-Таш айылында болгон башаламандыкта жабыркаган Чүй облустук милициянын жетекчисинин абалынан кабар алган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов сүйлөп, ал тургай тамашалаганга жарап калды деп жазган алар менен үй-бүлөлүк катышта болгон Татьяна Дементьева Facebook баракчасына.

Ал Курманкуловдун абалын көрүп, таң калгандыгын да кошумчалаган.

"Жылыш байкалат. Самат жакшы сүйлөп, ал тургай тамашалап калыптыр. Өткөн окуяларды көзүнө жаш алып эстеди. Мен деле жашымды араң кармап отурдум. Жакшы сүйлөштүк. Самат кандай дарыланып, эмне дарыларды алып жаткандыгын жана реабилитация учурунда бир топ сакайып калганын айтып берди", — деп жазган Дементьева.

2019-жылдын 11-ноябрында Самат Курманкуловдун сүйлөп, басып калганы боюнча маалымат тараган.

Подготовка к открытию Центра предоставления государственных услуг МВД КР - Sputnik Кыргызстан
Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкуловго "Эрдик" медалы ыйгарылды
Эскерте кетсек, Курманкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы операцияда башына таш тийип жабыркаган. Комага түшүп калган милиционер-жетекчиге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалып, Москвадан да адистер чакырылган. Кийин аталган шаарга которулуп, дарылануусун уланткан. Бир аз убакыттан кийин Курманкулов өзүнө келип, абалы жакшыра баштаганы белгилүү болгон.

Кийин ИИМ жетекчиси Москвага барып, Самат Курманкуловго ыйгарылган "Эрдик" медалын тапшырып кайткан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0