Жалгыз бой эненин жалгыз уулу. КМШ президенттеринин бир туугандары

© Пресс-служба премьер-министра Армении / Медиабанкка өтүүКМШ өлкөлөрүнүн президенттери. Архив
КМШ өлкөлөрүнүн президенттери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл башкарган адамдардын жеке турмушу дайым кызык. Алардын ата-энеси, сүйүктүү жары, балдары, ага-тууганы кимдер экенин, эмне иш кыларын коомчулук ар дайым билгиси келет. 

КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин бири 10дон ашык бир тууган болсо, экинчиси үй-бүлөнүн жалгыз баласы. Андан тышкары, уялаштары ымыркай кезинде чарчап калып, бир туугансыз чоңойгону дагы бар.

Sputnik редакциясы бүгүн шериктеш мамлекеттердин  башчыларынын эже-карындаш жана ага-инилери тууралуу кеп кылат.

Ильхам Алиев

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүАзербайжандын президенти Ильхам Алиев
Жалгыз бой эненин жалгыз уулу. КМШ президенттеринин бир туугандары - Sputnik Кыргызстан
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Севиль аттуу жалгыз эжеси бар. Кесиби боюнча композитор. Анын Лондон шаарында жашап жүргөнүнө 20 жылдан, мекенине келе элегине 15 жылдан ашты. Айрым жергиликтүү ЖМКлардын жазганына караганда, иниси мамлекетти башкара баштагандан тартып, экөөнүн саясий көз караштары келишпей калган. Мындан улам бир туугандардын ортосунда таарыныч жана пикир келишпестик бар экени айтылат.

Никол Пашинян

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАрмениянын премьер-министри Никол Пашинян
Жалгыз бой эненин жалгыз уулу. КМШ президенттеринин бир туугандары - Sputnik Кыргызстан
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян

Арменияда тышкы саясат менен президент Серж Саргсян эмес, өкмөт башчы Никол Пашинян алектенет. Андыктан биз премьердин бир туугандары тууралуу сөз кылууну туура көрдүк. Пашиняндын Артак жана Армен аттуу эки агасы бар. Алар кичине кезинде апасы оорудан каза болуп, балдар атасынын экинчи аялы Ержаниктин колунда чоңойгон. Бирок ал балдарга өз энесиндей жакын болуп калгандыктан, өгөй экенин көпчүлүк билген эмес. Пашиняндын агалары тууралуу ЖМКларда маалымат көп кезикпейт.

Александр Лукашенко

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүБелоруссиянын президенти Александр Лукашенко
Жалгыз бой эненин жалгыз уулу. КМШ президенттеринин бир туугандары - Sputnik Кыргызстан
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко

Белоруссия лидеринин жалгыз бой эненин жалгыз уулу экени айтылат. Ачык булактарда атасы тууралуу маалыматтар жок.

Касым-Жомарт Токаев

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүКазакстан президенти Касым-Жомарт Токаев
Жалгыз бой эненин жалгыз уулу. КМШ президенттеринин бир туугандары - Sputnik Кыргызстан
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев эки кыздын агасы. 63 жаштагы карындашы Карлыга үй-бүлөлүк бизнеске аралашкан. Президенттин уулу Тимур экөө "Аби Петролеум Кэпитал" ишканасында жетекчилик кызматтарды ээлешет. Экинчи карындашы Карлыгаш Токаева саясий илимдердин кандидаты. Негизи Токаевдердин үй-бүлөсүнүн турмушу Фрунзе шаары (Бишкектин мурдагы аталышы — ред.) менен дагы тыгыз байланышкан. Президенттин “Ата тууралуу толгонуу” китебинде атасы Кемел өз атасы Тока менен Казакстандагы ачарчылык убагында Фрунзеге көчүп келип жан сактаганы жазылган. Ошол учурдагы көпчүлүк үй-бүлөлөрдөй эле оор турмушту башынан кечирип, Кемел Токаев энесинен жана карындашынан ажыраган.

Сооронбай Жээнбеков

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков
Жалгыз бой эненин жалгыз уулу. КМШ президенттеринин бир туугандары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков

Кыргызстандын президенти 11 бир туугандын бешинчиси. Бирок үчөөнүн көзү өтүп кетип, учурда сегизи бар. Өзүн кошкондо үчөө саясатта, иниси Асылбек агасы өкмөт башчы болуп келген кезде Жогорку Кеңештин төрагалык кызматын тапшырып берген, азыр катардагы депутат. Агасы Жусупбек Жээнбеков Кыргызстандын Кувейттеги элчиси. Дипломаттык карьерасында Марокко, Иорданияда дагы элчилик кызматты аткарган. Эки эжесинин бири мугалим, экинчиси дарыгер. Бир карындашы чет өлкөдө, дипломаттын жубайы. Дагы бири үй кожойкеси. Кичүү иниси дыйканчылык менен алектенип, ата конушун карап калган.

Игорь Додон

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМолдованын башчысы Игорь Додон
Жалгыз бой эненин жалгыз уулу. КМШ президенттеринин бир туугандары - Sputnik Кыргызстан
Молдованын башчысы Игорь Додон

Молдованын башчысы Игорь Додондун Александр аттуу иниси бар, ишкер. Болгондо дагы Россиянын башкы прокурору Юрий Чайканын уулу Игорь менен өнөктөш. Алардын ишканасы таштанды чыгаруу жана кайра иштетүү менен алектенет. Бул тууралуу президенттин пикирин сурашканда “иниси көп жылдан бери Россияда ак эмгеги менен жан багып жүргөнүн жана мындан эч бир жаман нерсе көрбөгөнүн” айткан. 

Владимир Путин

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путин
Жалгыз бой эненин жалгыз уулу. КМШ президенттеринин бир туугандары - Sputnik Кыргызстан
Россия лидери Владимир Путин

Россия лидери бир туугансыз чоңойгон. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Альберт жана Виктор аттуу эки агасы болгон. Бири Ата мекендик согушка чейин, экинчиси блокада учурунда чарчап калышканы айтылат. Согуш учурунда өлгөн ал агасы тууралуу өзү мындайча эскерген:

“1942-жылы атам бутунан катуу жаракат алып госпиталга жатканда апамдан  колундагы уулун аман алып калуу максатында алып кетишиптир. Бирок бала ал жактан ооруп, чарчап калыптыр. Мен анын кайсы жерге көмүлгөнүн дагы билбейм”, — деген Путин.

Эмомали Рахмон

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТажикстандын президенти Эмомали Рахмон
Жалгыз бой эненин жалгыз уулу. КМШ президенттеринин бир туугандары - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон

Ачык булактардагы маалыматтарда тажик лидеринин эки агасы жана бир карындашы тууралуу айтылат. Файзиддин аттуу агасы 1959-жылы Украинанын Львов облусунда “кызматтык милдетин өтөп жүрүп көз жумганы” маалым. Андан кийинки агасы Нуриддин эки жыл мурда 67 жашында узакка созулган оорудан каза тапкан.

Президенттин карындашы тууралуу маалыматтар жокко эсе, бирок 2012-жылы анын үй-бүлөсүнө байланыштуу чуулуу окуя болгон. Жолдошу, ошол учурдагы "Токой чарба жана аңчылык" ишканасынын 57 жаштагы директору Холмумин Сафаров киши колдуу болгон.

Гурбангулы Бердымухамедов

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүТүркмөнстандын лидери Гурбангулы Бердымухамедов
Жалгыз бой эненин жалгыз уулу. КМШ президенттеринин бир туугандары - Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстандын лидери Гурбангулы Бердымухамедов

Түркмөнстандын лидери өзүнүн ар тараптуу адам экенин даңазалап, ырчы, жазуучу, дарыгер, аскер, мыкты айдоочунун ролунда көрсөткөнү менен туугандары жөнүндө маалыматтарды колдон келишинче жашырат. Болгону ал сегиз кыздын арасындагы жалгыз эркек экени белгилүү. Эжелеринин бири Гүлнабат Довлетова Түркмөнстандагы Улуттук Кызыл жарым ай коомун жетектейт. Экинчиси Түркмөнстандагы Улуттук экономикалык университетте окутуучу.

Шавкат Мирзиёев

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев
Жалгыз бой эненин жалгыз уулу. КМШ президенттеринин бир туугандары - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин бир туугандары тууралуу такталган маалымат жок. Болгону жаш кезинде кургак учуктан көз жуган апасынан эки кыз бир тууганы, өгөй энесинен карындашы менен иниси бар экени айтылып жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0