Кыргыз бийлигиндеги бир туугандар. Эки тизгин, бир чылбырды колго алып...

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЖыйында сөз сүйлөп жаткан адам. Архив
Жыйында сөз сүйлөп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жумада УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун агасы Искендер Кадыркулов Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды. Баса, Кадыркуловдордун улуусу эки жылдан бери "Түндүкэлектр" ишканасын жетектеп келет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги азыркы бийлик башында турган башка бир туугандарды тизмектеп көрдү.

Арасында өлкө башында турган адамдардан тарта, элчи, акимине чейин бар.

Жээнбековдор

Галстук тагынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кимдин баркы менен? Атасын ээрчип саясатка баш баккан уул-кыздар
Өлкөнүн саясий турмушундагы айтылуу бир туугандардын сап башында Сооронбай, Асылбек жана Жусупбек Жээнбековдор турат. Президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек агасы өкмөт башчы болуп келген кезде Жогорку Кеңештин төрагалык кызматын тапшырып берген. Азыр катардагы депутат. Өлкө башчынын агасы Жусупбек Жээнбеков Кыргызстандын Кувейттеги элчиси. Дипломаттык карьерасында Марокко, Иорданияда дагы элчилик кызматын аткарган.

Жумабековдор

Өлкөнүн экинчи адамы, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун иниси. Баса, Сабырбек Артисбекович 2010-2011-жылдары саламаттык сактоо министри болуп эмгектенген. Ал учурда Дастан Жумабеков катардагы депутат болчу.

Түлөбердиевдер

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусун эки жылдан бери башкарып келе жаткан Ренат Түлөбердиевдин иниси Асхат Түлөбердиев дагы бул жааттан анча алыс эмес тармакты башкарат. Ал "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын жетекчиси.

Алимбековдор

Саммит глав государств Центральной Азии в Астане - Sputnik Кыргызстан
Депутат, мэр, миллиардер... Борбор Азия ажолорунун уул-кыздары эмне иш кылат
Бир тууган Алимбековдордун бири Жогорку Кеңештин депутаты болсо, экинчиси министрдин орун басары. Эл өкүлү Нурбек Алимбековдун бир тууган агасы Давлетбек Каарыевич Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштейт.

Мариповдор

Парламенттин эки жолку депутаты Асамидин Мариповдун эки уулу мамлекеттик кызматта. Биринчиси — Улукбек Марипов Эсеп палатасынын төрагасы. Экс-президент Алмазбек Атамбаевге жардамчы болгон жайы бар. Кичүүсү — Бакытбек Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башкарат.

Исаевдер

Бул бир туугандардын башынан кара булут айланып барып өтүп кетти көрүнөт. Депутат Канат Исаев учурунда коорупция, массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу боюнча айыпталып камакка алынган. Кийин ал иштеринин бири кыскартылган. Былтыр үй камагына чыгарылып, учурда кайрадан Жогорку Кеңеште отурат. Агасы Талантбек Исаев 2017-жылы ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчилигинен четтетилген. Ага чейин ИИМдин Жол кайгуул кызматын башкарып, өзү рейддерге чыгып, катардагы кызматкерлерди тоготпогон бир топ унааларды кармап, айыпка жыгып жүргөнү эсибизде. Баса, ал акыркы кызматынан четтетилгенден кийин бир жыл бош жүрүп, ошол эле ишине 2018-жылдын 11-октябрында кайтып келди.

Матраимовдор

Галстук тагынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кимдин баркы менен? Атасын ээрчип саясатка баш баккан уул-кыздар
Матраимовдор кланы тууралуу Кыргызстанда билбегендер аз болсо керек. Бир туугандардын улуусу Искендер Матраимов — Жогорку Кеңештин депутаты. Андан кийинкиси Тилек Матраимов — Ош облусунун Кара-Суу районунун акими. Бир туугандардын арасында эң популярдуусу — Райымбек Ысмайылович декабрь айынын аягында Бажы кызматынын төргасынын орун басарлыгына кайра кайтам деп сотко кайрылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ишти анын пайдасына чечип берген. Бирок ал кызматына кайтып барып отура элек. Коомчулукка "Райым миллион" деп таанылган аткаминердин дагы бир бир тууганы мамлекеттик кадырлуу кызматта. Исламбек Матраимов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттигинин алдындагы Коопсуздук жана ички иликтөө башкармалыгынын начальниги болуп иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0