БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. ИИМдин Бишкек шаары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 7-ноябрь күнү ведомствонун Коррупцияга каршы кызматына бишкектик аял кайрылган. Ал Бишкек шаары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматында иштеген киши күйөөсүнө мурда козголгон кылмыш ишин үй-бүлөнүн пайдасына чечип берүү үчүн үч миң доллар пара талап кылып жатканын айткан.
Мындан улам КРдин Жазык кодексинин 326-беренесине ("Пара талап кылуу") ылайык сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"23-ноябрь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте шектүүнү колго түшүрүү боюнча иш-аракет жасалган. Натыйжада аталган кызматтын жетекчиси, милициянын полковниги Н.Б. талап кылган акчанын 50 миң сомун алып жаткан жеринен кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Бирок аны колго түшүрүү учурунда изин жашырууга аракет кылган. Ал автоунаасын айдап качып баратып, арызданган аялды койдуруп кеткен.
Жыйынтыгында шектүү ыкчам-иликтөө тобу тарабынан кармалып, жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда.
Ал эми кармалган жетекчи УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Виджет news