00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Айчурок Зайырбекова: как психология помогает милиции в экстремальных условиях
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Кыргызстандыктардын санариптик сабаттуулугу кандай? – Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдына коюлган милдеттерди кандай аткарды?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Шанс стать крутым бизнесменом — беседа о работе Университета «Евразия» с вице-спикером Госдумы РФ
10:04
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкектеги ышты өлчөгөн жабдуулар туура эмес иштейби? Ыш менен күрөшүү кандай жүрүүдө?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Цифровизация таможни: борьба с контрабандой и снижение бюрократии
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2025-жылы канча чакырым жол салынат? – инвестиция, жаңы техника, акы төлөнүүчү жол, кадр маселеси
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Пайыздык коюмдар жана инфлация
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Страна детей и открытой, предприимчивой молодежи — глава представительства «Россотрудничества» о Кыргызстане
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Мекенинде ийгиликтүү ишкерге айланган мурдагы мигрант
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жээнбеков: кыргыз-кытай өнөктөштүгүн кеңейтүүгө бардык аракетимди жумшайм

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков Си Цзиньпинди Кытайдын жогорку жетишкендиктериндеги жеке эмгеги баа жеткис экендигин айтты.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай төрагасы Си Цзиньпинди аталган мамлекеттин түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы менен куттуктап, эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө, бекемдөөгө бардык аракетин жумшарын айткан. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кытай Эл Республикасы түзүлгөн күндөн баштап өткөн жылдар ичинде өлкөдө кытай элинин турмушун жакшыртууга, ал эми мамлекетке дүйнөдөгү эң ири жана алдыңкы экономиканы түзүүгө мүмкүнчүлүк берген чындыгында улуу өзгөрүүлөр болуп өттү. Өлкөнүн жогорку жетишкендиктеринде сиздин жеке эмгегиңиз баа жеткис", — деген Жээнбеков.

Ал кыргызстандыктар Кытайдын мындан ары дагы гүлдөп-өсүшүнө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда байланыштардын туруктуу жана ырааттуу өнүгүүсүнө үмүт кыларын айткан.

Таасири күч лидердин КРге болгон мамлекеттик сапары кандай өттү? Видео - Sputnik Кыргызстан
Таасири күч лидердин КРге болгон мамлекеттик сапары кандай өттү? Видео
"Өз кезегинде ынак коңшулук, достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө мындан ары дагы сиз менен биргеликте бардык аракеттерди көрүүгө даяр экенимди ырастайм", — деп айтылган мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Жээнбеков Си Цзиньпинге бекем ден соолук, бакты-таалай жана кытай элинин бакубатчылыгы, тынчтыгы жана гүлдөп-өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик жооптуу ишине ийгиликтерди каалаган.

Эске салсак, бул күндөрү Кытай Эл Республикасы өзүнүн түптөлгөндүгүнүн 70 жылдыгын белгилеп жатат. Юбилейдин урматына өлкөдө бир нече иш-чаралар өтүүдө. Анын ичинен маанилүүсү Кытайдын тарыхындагы эң ири аскер парады болмокчу. Буга мамлекеттин армиясынан 15 миң аскер катышары, 580 атайын техника, 160 учак жана тик учактар колдонулары айтылды. Парадды Кытай төрагасы Си Цзиньпин кабыл алат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0