Тойдо 100 орун бербесеңер, кызды албайсыңар! Азыркы кудалардын трагедиясы

Жазылуу
Колумнист Бегимай Бакашева акыркы кезде баш кошкусу келген кыз-жигитти арзыбаган кызыкчылыктар үчүн эки жакка бөлүп койгон ата-энелер жөнүндө кеп кылды.

Уул-кыздары чоңоюп бойго жетип калган ата-энелер бул жазганымды окуса, "өзүңдүн башыңа келгенде көрөсүң" деши мүмкүн. Бирок мен алардын оюна азыр дагы, кудай өмүр берсе, келин алып, кыз узатаар күнү дагы кошула албайм.

Акыркы кезде кудалашкан тараптар "принциптеринен" тайбай туруп алып, сүйүшкөн кыз-жигиттердин эки ача жолго түшкөн окуяларын көп укчу болдум. Каармандардын атын өзгөртүп, бир нечесин мисал келтирейин.

Тойдо бизге 100 орун бересиңер!

Акча жана шакек кармаган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мен калың төлөөдөн баш тартам! Шаарда өскөн бойдок жигиттин "бунту"
Айдай менен Акыл эки жылдан бери кыз-жигит. Чогуу иштешет, достору дагы бир. Быйыл баш кошолу деп чечип, ата-энесин Бишкектеги чайканалардын биринен жолугуштурат. Башында баары ойдогудай, келечектеги кудалар бири-бирин "сизиң-бизиң" болуп сыйлап отурат. Сөз тойго жеткенде Айдайдын апасы "Куда, Айдай жалгыз кыз. Тууган-уруктун баарын чакырбасак уят болобуз. Бизге 100 орун бересиңер" дейт. Кыз алчу тараптын мүмкүнчүлүгү жокпу, айтор, аларга бул талап жакпай калат. Ары тартышып, бери тартышып, акыры жигит тарап макул болбогонун көргөндө кыздын апасы "анда Акыл башка, төркүнү аз кыз издесин" деп ээрчите келген абысындарын алып чыгып кетет. "Айдай менен эми кантип чогуу иштейм" дегенби, иши кылып, Акыл досторунун чакыруусу менен Түштүк Кореяга кетип калыптыр. Кызды качан көрсөң, маанайы суз. Апасы "коркпо, кызым, "любой" жигитти чекесинен чертип тандайсың!" деп "жооткотуп" коет.

Чихуахуа кусадан өлүп калат

Өткөндө тааныштар келин алыптыр. Өздөрү бир топ жыл мурда Нарындан көчүп келип, Бишкектеги жаңы конуштардын биринде жашайт. Алина (келин) шаарда чоңойгон, бир үй-бүлөнүн жалгыз эрке кызы экен. Кадимкидей шаан-шөкөт менен той өтүп, эртеси күнү апасы бир аз кийим-кечегине кошуп, чет элдик шоу-бизнес жылдыздары сумкасына салып жүрчү чихуахуа деген итти кошуп бериптир. Келин менен жаныбар бир туугандарча көрүшүп, ит үйдүн ичинде жүрөт дейт. Андайга көнбөгөн карапайым кишилерге кызыктай эле көрүнсө керек, тамак-ашка жакындай калганда кайнене үйдөн кийген тапичке менен бир чааптыр. Мунун айынан жаңы үйлөнгөн жубайлар уруша кетип, Алина апасына даттанат. Кудагый кудагыйына телефон чалып, ит кичинесинен Алина менен чоңойгонун, эгер экөөнү ажыратса, кусадан өлүп каларын айтат. Ага кошуп, ушинте берсе, итти эмес кызын дагы алып кетип каларын кеп кылат. Ошентип эки тарап бир нече күн тирешип, аягында Алинаны апасы чындап эле алып кетип калды. Эми эмне болот, өзүңөр ойлоп көрсөңөр?

Кудасы менен бет карашпай...

Сөйкө тагынып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үйлөнүү үчүн сөзсүз куда түшүп, кызга сөйкө салуу керекпи? Каадалардын мааниси
Бир топ жылдан бери чет өлкөдө иштеп, 30га чыгып калган баласы келинчек алып барарын укканда Роза эже менен Таалай байке аябай сүйүнгөн. Уулу Нурсултан "биз баргыча кудаңар менен таанышып, ырым-жырымын жасап койгула" деп апасына акча салыптыр. Экөө тең ишинен көпкө кете албагандыктан, Кыргызстанда нике кыйдырып, ата-эненин алдынан өтүп эле кетебиз деп пландап коюшуптур. Үйдөгүлөр Нурсултандын сөзүн эки кылбай, калыңдын үстүнө бодо мал алып, сүт акысын кошуп куданын алдына барат. Бирок алар үйүнө киргизбей туруп "ресторанда үлпөт той бересиңерби?" деп сураптыр. Жигит тараптын "ресторанда той бере албайбыз, жаштардын планы башкача экен" дегенин укканда кудагый болчу неме "анда кызды албайсыңар, кете бергиле" деп коюптур. Ал эле эмес, кудалардын бир эле уй жетелеп келгенине, кыздын апасына алтын сөйкө, шакек салбаганына дагы нааразы болуптур.

Кулдук уруп баргандар "албасак койдук" деп шаабайы сууп үйгө барса, уул-келини айтпай туруп "сюрприз" кылып келип калышыптыр. Кызынын келгенин уккан кудалар милицияга даттанып, кудасынын үйүнө жиберген экен, кызы "мен бойго жеткен эркин адаммын. Бул үйгө өз каалоом менен келдим" деген мааниде түшүнүк кат жазып бериптир. Нике кыйдырып, бир нече күндөн бери кадимкидей түтүн булатып жатышат. Эми кудалар кантип бет карашат? Кыз тарап эми элдешүүгө биринчи кадам жасабаса керек ээ?

Работа кафе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Устукансыз той өткөрүүгө бийлик өкүлдөрү кандай карайт? 6 пикир
Кызды малдай соодалап же өмүр бою сыйлашып өтчү кудага 100 киши чакырасың деп талап койгон туурабы? Тойго келбей калса, 10-15 киши таарынаар же кыз узаткан үйгө калың бир нече миң сомго азыраак келип калаар, бирок ушунун баары баланын бактысынан өйдө турабы?

Балким мен жаштык кылып, туугандар, достор, кудалар арасындагы "дипломатиянын" майда-чүйдөсүн түшүнбөй жаткандырмын.

Канткен күндө дагы кудалар арасындагы атаандаштык менен соодалашууга ар дайым каршымын.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0