БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Ысык-Көл райондук сот аткаруучулар кызматынын өкүлү соттолгондор айып пул катары төлөгөн каражатты мыйзамсыз алып жүргөн деп кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал 2018-жылдын октябрь айынан 2019-жылдын январына чейин Жазыктар кодексинин 246-беренеси ("Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү") менен соттолгон үч адамдан айып пул катары 600 миң сом алганы айтылат.
"Андан соң каражат тиешелүү жактарга жөнөтүлгөндүгү тууралуу банктык квитанцияларды жасап, жаза аткаруу боюнча документтерге тиркеген. Бирок текшерүү маалында аталган каражат мамлекеттик бюджетке түшпөгөнү белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Бүгүнкү күндө мамлекетке келтирилген чыгымдын орду толугу менен толтурулду.
Анткен менен иликтөө маалында бул кызматкер акча алган дагы 33 факты аныкталды. Учурда алар боюнча мамлекетке канча чыгым келтирилгени такталууда.