Бишкекте пара алып жаткан милиционерлер кармалды. Атайын операциянын сүрөтү

Жазылуу
Бишкек шаарынын милициясынын маалымат кызматынан окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк айтып беришерин билдиришти.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Борбор калаада Финансы полициясынын кызматкерлери Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн төрт милиционерин кармагандыгын билдирди. Бул тууралуу ИИМдеги маалымат булактар кабарлады.

Кармоо иштери 24-сентябрга караган түнү болгон. Анын айтканына караганда, аталган райондук милициянын ыкчам үч кызматкерине жана бир тергөөчүсүнүн үстүнөн арыз түшкөн. Алар пара алды деген шек менен күнөөлөнүүдө. 

© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуБорбор калаада Финансы полициясынын кызматкерлери Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн төрт милиционерин кармады
Бишкекте пара алып жаткан милиционерлер кармалды. Атайын операциянын сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаада Финансы полициясынын кызматкерлери Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн төрт милиционерин кармады

"Аларды акча алып жатканда кармашкан. Окуя болгон жерден 1000 доллар табылган", — деп айтып берген маалымат булагы.

Бишкек шаарынын милициясынын маалымат кызматынан окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк айтып беришерин билдиришти.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0