БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков Владимир Путиндин чакыруусу менен Россияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өткөрүлүп жаткан машыгуулардын негизги максаты — азыркы мезгилдин шарттарында аскердик аракеттерди жүргүзүүгө үйрөтүү, союздаш мамлекеттердин аскердик башкаруу органдарынын ыкчам шайкештигин жогорулатуу.
Ошондой эле Кыргызстандын жана Россиянын башчылары жолугушуу өткөрүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде аймактагы коопсуздукту камсыздоо маселелерин дагы талкуулашат.
Президентти коштоп кеткендер:
Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов.