Жарым кылымдан бери элди күлдүргөн куудул. Келдибек Ниязов тууралуу 9 факты

© Фото / Азат АкаевНародный артист Кыргызстана, юморист Келдибек Ниязов
Народный артист Кыргызстана, юморист Келдибек Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз сатирасынын аксакал куудулу Келдибек Ниязовдун сахнага чыкканына 50 жыл болду. Жарым кылымдан бери элге күлкү тартуулаган залкар инсан азыр небере жытын жыттап, татыктуу карылык доорун сүрүүдө.

Куудулдук — өтө татаал өнөр. Муну улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов да тастыктаган. Ал Келдибек Ниязов катышкан концерттердин бирине келип, сахна артында куудулдарга жолугуп, "сатира — эң татаал жанр. Эл муну жеңил ойлойт. Мен күлкүнү аябай жакшы көргөндүктөн тамашалуу нерселерди да жазып калам, бирок эртеси уялып ыргытып жиберем" деп айткан экен. Бүгүн ушул оор өнөрдү жарым кылымдан бери аркалап келе жаткан Келдибек Ниязовдун туулган күнү. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги куудул тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Мугалимдердин куудул баласы. Келдибек Ниязов 1952-жылы 8-сентябрда Нарын облусуна караштуу Куланак айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келет. Элет жеринде агасы жана эки карындашы менен бирге колхоз ишине аралашып, чөпкө, кой кыркынга, сакманга чыгып чоңоёт. Болочоктогу куудулдун азил-тамашага болгон жакындыгы ошол кезде эле билинет. Ал убакта айыл калкы эки нерсени — артисттерди жана кинону абдан күтүшчү. Ниязов да концертте көргөн сатиралык номерлерди эртеси мектепке барып, сөзмө-сөз туурап бергенди абдан жакшы көрчү. 

© из семейного архива Келдибека НиязоваКелдибек Ниязов 1952-жылы 8-сентябрда Нарын облусуна караштуу Куланак айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген
Жарым кылымдан бери элди күлдүргөн куудул. Келдибек Ниязов тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Келдибек Ниязов 1952-жылы 8-сентябрда Нарын облусуна караштуу Куланак айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген

Сот эмес, ырчы болууну каалап. Келдибек Ниязов мектепти аяктаар кезинде эстрада өнөрү жаңыдан жайылып жаткан кез эле. Адамдар элетке барган ырчыларды жөө-жалаңдап кошуна айылдарга чейин ээрчип барып көрүшчү. Жаш балдар кетмен-күрөктү музыкалык аспап кылып, ар бир үйдө бирден ырчылардын тобу пайда болот. Окуучу Ниязов да элден калбай ырчы болууну чечет. Анын үстүнө тунгуч кыргыз эстрада ансамблин уюштурган Чоро Кожомжаров да Куланак айылынан чыккан эле. Ата-энесинин сот же башкарма бол деп айтканына карабай, 1969-жылы мектепти аяктаган соң Фрунзе шаарына келип, эстрадалык студияга тапшырат. Бирок жаш жигиттин тилеги таш каап, ырчылыкка таланты жок экендиги сынак учурунда эле байкалат. Максатынан кайтпай студиянын көркөм сөз окуу факультетинде окуй баштайт.

Народный артист Кыргызской Республики, акын, певец, дастанчи Ашыраалы Айталиев - Sputnik Кыргызстан
Унаа бузулуп суукта талаада калчубуз... Залкарлардын таберик сүрөтү
Асанкул Шаршеновдун шакирти. Келдибек Ниязов окуу жайдын маданий иш-чараларына активдүү катышып, студенттердин алдыңкысы болуп чыга келет. Муну байкаган мугалимдер аны окуусун токтотпостон эле филармонияда иштей берүүнү сунушташат. Ошентип 1969-жылы 17 жаштагы Ниязов чыгармачылыкка кадамын таштайт. Аны дароо эле Балыкчы шаарында гастролдоп жүргөн дагы бир залкар талант, куудул Асанкул Шаршеновдун жанына жөнөтүшөт. Ал кезде Шаршенов менен бирге иштешкен Тууганбай Абдиев жогорку окуу жайга тапшырып, филармониядагы ишмердигин убактылуу токтотуп жаткан кези эле. Андыктан Ниязов белгилүү куудулдун сахнадагы жаңы өнөктөшү болмок. Бирок Ниязов Асанкул Шаршеновдун ким экендигин билчү эмес. Экөө алгач жолукканда болочоктогу устаты ага "Эй, Тууганбайдын ролун кечинде жатта. Эртең сахнага чыгасың. Жаттабасаң көлдүн түбүнө кетесиң" дейт. Бул сөзгө жини келген Ниязов борборго кетүүгө камына баштайт. Жанындагы артисттердин "Асанкул деген чоң куудул ушул болот. Ал ушинтип сүйлөйт" деген сөзүн укканда гана калууга көнөт. Ниязов эки сааттык спектаклди бир көргөндө эле жаттап алат. Экинчи күнү сахнага чыгып, дээрине жеткире аткарат. Аны баары жактырып, Тууганбай Абдиев батасын берет. Ошондон баштап Шаршенов экөө 30 жылга жакын ата-баладай мамиледе болушат. Ниязов көп нерсени үйрөнгөн маркум устатынын атын азыркыга чейин унутта калтырбай, жыл сайын эскерүү кечелерин өткөрүп келет. 

© из семейного архива Келдибека НиязоваКелдибек Ниязов көп нерсени үйрөнгөн маркум устатынын атын азыркыга чейин унутта калтырбай, жыл сайын эскерүү кечелерин өткөрүп келет
Жарым кылымдан бери элди күлдүргөн куудул. Келдибек Ниязов тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Келдибек Ниязов көп нерсени үйрөнгөн маркум устатынын атын азыркыга чейин унутта калтырбай, жыл сайын эскерүү кечелерин өткөрүп келет

120 сом айлык. Келдибек Ниязов филармонияда иштеп жүргөн кезде 120 сом айлык алчу. Бул азыркы акчага салыштырганда жүз миң сомго жакын маянага туура келет. Буга анын бир концертти башынан аягына чейин алып барып, жеке өзү сатиралык монолог окуп, ошол эле маалда Асанкул Шаршенов экөө тамашалуу номерлерди аткаргандыгы себеп эле. Ал жерде көп жылдан бери иштеген артисттер айына 80-90 сомдон алышчу. Андыктан "кечээ эле келген жогорку билими жок жаш бала бизден көп акы алат" деген сөздөр чыга баштайт. Мындан улам куудул билимин өнүктүрүүнү чечет. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданий массалык иштер боюнча факультетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктап, дипломун колуна алат.

Элдин көйгөйүн уккан куудул. Келдибек Ниязов Эстебес Турсуналиев, Токтосун Тыныбеков, Ашыралы Айталиев, Замирбек Үсөнбаев сыяктуу залкар таланттар менен бирге отуз жылдан ашык иштейт. Алар ашпаган ашуу, барбаган айыл калган эмес. Өлкөнүн булуң-бурчун кыдыруу менен тим болбостон кошуна Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, андан ары Россиянын шаарларына чейин барып өнөр тартуулашат. Ниязов ошол кездеги элдин көйгөйлөрү азыркыга чейин чечилбей келгенин айтат. "Советтик доордо эле Баткендин ары жагында Тажикстандын аймагында жашаган кыргыздар өз жерине келүүнү самашчу. Бир жолу Тажикстандын Исфара районуна барып калдык. Концерттен кийин бирөө келип кагаз карматып кетти. Окусам "чек ара илгери бөлүнгөндө биз ушул жерде калып калганбыз. Ворух айылы менен бизди алмаштырып коюшса жакшы болмок" деген жазуу бар экен. Катты бийликтегилерге берсек каткыра күлүп, тытып ыргытып жиберишкен", – деп эскерген жайы бар. 

© Фото / Азат АкаевАта-энесинин сот же башкарма бол деп айтканына карабай, 1969-жылы мектепти аяктаган соң Фрунзеге келип, эстрадалык студияга тапшырат. Бирок ырчылыкка таланты жок экендиги сынак учурунда эле байкалып, студиянын көркөм сөз окуу факультетинде окуй баштайт.
Жарым кылымдан бери элди күлдүргөн куудул. Келдибек Ниязов тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Ата-энесинин сот же башкарма бол деп айтканына карабай, 1969-жылы мектепти аяктаган соң Фрунзеге келип, эстрадалык студияга тапшырат. Бирок ырчылыкка таланты жок экендиги сынак учурунда эле байкалып, студиянын көркөм сөз окуу факультетинде окуй баштайт.

Сатиралык монолог. Келдибек Ниязов Кыргызстанда алгачкылардан болуп сатирадагы азыркы тил менен айтканда стенд-ап же болбосо монолог түрүн аткаргандардын бири. Өлкөдөгү аттуу-баштуу куудулдар да "сахнага жалгыз чыгып элди күлдүргөндү Келдибек агайдан үйрөндүк" деп айтышат. Ниязов тамашалуу монолог айтууну Германияда аскердик кызматын өтөп жүргөн кезинде өздөштүрөт. Ал убакта СССРдеги белгилүү артисттер жоокерлер үчүн концерттик программаларды коюшчу. Буга таасирленген Ниязов Кыргызстанга келгенде куудулдуктун ушул жолунда өзүн көрсөтө баштайт.

Акча ордуна варенье. 1990-жылдары СССР кулап, Кыргызстан эркиндигин алган кезде башкаларга окшоп куудулдар да оор абалга туш болот. Кыйын кезеңде элде концертке кирүү үчүн акча жок эле. "Концерт коюп барган кезде маданият үйлөрүнө эл аябай көп келет. Бирок акчасы жок болгондуктан кире алышпайт. Бекер кылалы десек, биздин да өз турмушубуз бар. Анан карапайым эл вареньесин, сары майын көтөрүп келет. Кээ бирлери кой жетелеп келип, билетке алмаштырышат. Ошентип айылдардан чөнтөгүбүздө акчабыз жок, бирок унаа толо варенье менен кайтчу элек. Ушундай кыйын кезеңде тизе бүкпөй, болгон аракетибизди кылып, куудулдук өнөрдү сактап калдык десек болот", — дейт Ниязов. 

© Фото / из семейного архива Келдибека НиязоваКелдибек Ниязов жубайы бир уул, бир кыздын ата-энеси, жети неберенин чоң ата, чоң энеси жана таята-таенеси
Жарым кылымдан бери элди күлдүргөн куудул. Келдибек Ниязов тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Келдибек Ниязов жубайы бир уул, бир кыздын ата-энеси, жети неберенин чоң ата, чоң энеси жана таята-таенеси

Үй-бүлөсү. Келдибек Ниязов жубайы менен 1974-жылы таанышат. Ал кезде куудулдун достору Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде музыкант болуп иштешчү экен. Бир жолу алардын жанына эс алууга барган кезинде кошуна столдо отурган үч кызга көзү түшөт. Аларга ичимдик тартуулап, жандай отуруп болочок жубайы менен жакындан таанышат. Азыркы учурда бир кыз, бир уулду татыктуу тарбиялашып, жети неберени чоңойтушууда.

Шорпо деген лакап аты менен калың журтка кеңири таанылган куудул Жаныбек Алыкуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Акаевдин алтын кол саатын "чечип алган" Жаныбек Алыкулов. Куудул тууралуу 8 факты
Сахнаны таштай албаган куудул. Келдибек Ниязов өргүүгө чыкканына карабастан сахнаны, сатираны таштай албай келет. Дале болсо өлкө аймактарына концертке чакыруулар көп болот. Куудул күйөрмандардын каалоосун четке кага албагандыктан аларга барып турат. Ошол эле кезде бир катар гезиттерге азыркы учурдагы коомдук-саясий окуяларды сатиралык көз караш менен жазып келет. Мисалы, жакында Нарын шаарында орун алган контейнер-мектепти да көз жаздымда калтырган эмес. Окуя тууралуу "Мурдатан эле Нарындан көптөгөн кыйындар чыкчу. Алардын баары боз үйдө төрөлүп, чоңойгон. Азыр өлкөдөгү байлардын 70 пайызы Нарындан экен. Балким, ошол байлар окуучулар контейнерде окуса кийин кыйын инсандарга айланат деп ойлоп жатса керек", – деп жазган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0