Сирия, Ирактан кайткан КР жарандарынын тагдыры кандай болот? УКМКнын жообу

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСитуация в сирийском городе Алеппо
Ситуация в сирийском городе Алеппо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандар мекенге кайтып келгенде реабилитациядан өтүп, мыйзамдын талаптарына ылайык жоопкерчилиги аныкталат.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Согуш жүрүп жаткан Сирия, Ирак аймактарында жана ар кандай качкындар лагеринде жүргөн кыргыз жарандарын кайтарып келүү иш-чаралары жүрүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, аталган иш-чара президенттин тапшырмасы менен улуттук коопсуздук органдары жана өнөктөш кызматтар менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

"Учуда террористтик иш-аракеттерге катышкандардын жарандыгын аныктоо иштери жүрүп жатат. Алардын көбүнүн балдары бар болгондуктан, аларды мекенге кайтарып келүү үчүн ата-энелеринин макулдугу керек болууда. Эреже боюнча текшерүү иш-чаралары аяктагыча атасы же энеси качкындар лагеринде калуусу шарт. Эгер ата-эненин террористтик иш-аракеттерге катыштыгы бар болсо, анда алар ата-энелик укуктан ажыратылат", — деп жазылат маалыматта.

УКМКнын билдирмеси боюнча, жарандар мекенге кайтып келгенде реабилитациядан өтүп, мыйзамдын талаптарына ылайык жоопкерчилиги аныкталат. Кыргызстандыктарды Сирия, Ирак өлкөлөрүнөн кайтарып келүү иш-чарасы президенттин көзөмөлүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0