Курсан Асановдун үйүн тинткендер эмне алып кеткенин адвокаты айтып берди

© REUTERS / Mohamed Abd El GhanyОбменный пункт в центре Каира
Обменный пункт в центре Каира - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асанов Атамбаевдин үйүнөн акча жана баалуу буюмдарды алып кеткен деген шек менен үйү тинтүүгө алынган.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үйүн тинткен Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү 2000 доллардан ашыгыраак акча жана белекке берилген сааттарды алып чыгып кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

Жактоочунун айтымында, тергөөчүлөр мурдагы президент Алмазбек Атамбаев акча жана баалуу буюмдарын Асановго берген деген шек менен тинтүү жүргүзгөн.

"Үйдөн 2000 доллардан ашыгыраак акча, 1000 сом, 5 жана 10 евро, 5 жана 10 дирхам алып кетишти. Андан тышкары, белекке берилген үч комплект саатты алышты. Анын бири Россиянын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген, экинчисин Тажикстандын президентинин жардамчысынан алган экен. Аз суммадагы акчаны алып кетишкени үчүн тергөөчүлөр жазаланат деп ойлойм. Анткени мындай акча күнүмдүк керектөөсүнө жумшайм деген бардык эле үйдө болот", — деди жактоочу.

Начальник УВД Оша Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан
Алгачкы маянасын көрүп талып кала жаздаган. Курсан Асанов тууралуу 9 факты
Ошондой эле ал сурак учурунда Асанов телефонун өзү берип, андан кийин жаңы телефон колдонуп жатканда аны да алып коюшканын кошумчалады. Азырынча телефондору бериле элек.

Айткулов жакын арада Курсан Асановго айып таккан ИИМдин ички иликтөөсүнүн жыйынтыгына нааразылыгын билдирип, Башкы прокуратурага даттанарын белгиледи.

Буга чейин адвокат тергөө ачык-айкын болушу үчүн президентке, премьер-министрге кайрылып, иликтөө бүткөнгө чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди ээлеген кызматтан четтетип турууну суранган.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, Курсан Асанов 7-8-августта ички иштер министринин талаптарына жана буйругуна бир нече ирет баш ийбей жана укугу жок болсо да министрдин макулдугусуз өз алдынча чечим кабыл алган. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жеке курамын башкаруусуз калтырган деп айыпталууда.

Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен 13-августта ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулган.

Министр внутренних дел Кашкар Джунушалиев - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура: Курсан Асанов Кашкар Жунушалиевдин тилин албай койгон
Өз кезегинде Асанов кызматтан алынганы боюнча пикирин билдирип, мамлекеттин жана өзүнүн абийири алдында таза экенин белгилеген.

Эске салсак, 7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы кызматы мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзүп, ишке ашпай калган. "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алды.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев колго түшкөн. Мурдагы президент менен Курсан Асанов сүйлөшүп, багынып берүүгө көндүргөн видеосу жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0