00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Энергетическая дипломатия для Центральной Азии: новый сезон школы фонда Горчакова
08:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Соттордун ишин жеңилдетет. Медиация жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңеш биринчи окууда жактырды
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Блог — это тоже дипломатия»: что блогеры из России увидели в Кыргызстане
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Социалдык контрактын» суммасы өстү - Өзгөрүүлөр программанын келечегине кандай таасир этет?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Курулуш учурунда археологиялык изилдөө иштери жөнөкөйлөтүлөт — мыйзамга кандай өзгөрүүлөр кирди?
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстан ЕАЭБде өнөр жай кооперациясын чыңдоого өзгөчө маани берет — Евразиялык интеграция кандай жүрүүдө?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Будущее в женских руках: как поддерживают женщин-предпринимательниц в регионах
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Спорт ооруларды жеңүүгө жана чемпиондукка жол ачкан — Алинур Алмазбековдун баяны
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Кыргызстан и Таджикистан: что изменил визит Садыра Жапарова в Душанбе
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Кайсы өлкөдө пенсиялык система мыкты? Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү пенсиялык системалар
19:06
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстан ЕАЭБде өнөр жай кооперациясын чыңдоого өзгөчө маани берет — Евразиялык интеграция кандай жүрүүдө?
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алмазбек Атамбаевге 14 айып коюлду. Тизме

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Алмазбек Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Мурдагы президентке каршы кылмыш ишин ИИМ менен Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жалпысынан 14 кылмыш жасагандыгы боюнча билдирүү берилди. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев кабарлады.

Жактоочунун айтымында, эски кодекс боюнча алып караганда Атамбаевге 14 кылмыш иши боюнча айып тагылууда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев сотко качан алып келинери белгилүү болду
Биринчи иш кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ачылган. Анда Атамбаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча айып тагылган. Аны ИИМ тергеп жатат.

13-августта Башкы прокуратура 7-8-августтагы окуялар боюнча бир нече иш сотко чейинки тергөөгө алынганын маалымдап, Атамбаевге бир нече оор кылмыштарды жасаганы боюнча билдирүү берилген. Бул иштерди ИИМ карап жатат. Слесарев бул иштер боюнча беш берене менен тергөө жүрүп жатса, жалпысынан 9 кылмыш иши тууралуу сөз болуп жатканын түшүндүрдү.

14-августта Аскер прокуратурасы мурдагы президент Атамбаевге "Медиа Форумдун" имараты жана Бишкек ТЭЦтин модернизациясы боюнча шектелип жатканы тууралуу билдирүү берилгенин кабарлаган. Эки иш тең "Коррупция" беренесинин алкагында тергелүүдө. Бул айыптоолор Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын корутундусунда да белгиленген болчу. Эл өкүлдөрү Атамбаевдин беш кылмышка тиешеси болушу ыктымалдыгын айтышкан.

Бүгүн, 15-августта, Аскер прокуратурасы Атамбаевге Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча дагы эки билдирүү берген. Кой-Таштагы жер тилкеси мыйзамсыз берилип кеткен деген айыптоо депутаттык комиссиянын корутундусунда да айтылган. Азыр бул иштер экиге бөлүнгөн. Биринчиси, мыйзамсыз сатып алуу, экинчиси, мыйзамсыз түрдө ижарага берүү. Эки иш тең "Коррупция" беренеси боюнча каралып жатат.

Кой-Таштагы окуя

Неформальная встреча В.Путина с лидерами ряда стран СНГ - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин камерадагы шарты менен абалы айтылды
7-августта кечинде УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет кылып, бирок ал ишке ашпай калган. 8-август күнү ИИМ атайын операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген болчу. Ошол күнү кечинде Атамбаевдин тарапташтарыбыз деп "Ала-Тоо" аянтына чогулган адамдарды милиция күч менен тараткан болчу. Акыркы маалыматтар боюнча, эки күндөгү чыр-чатактан 136 киши ар кандай түрдүү жаракаттарды алышкан. Спецназдын бир кызматкери окко учкан. Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген. Аны менен кошо бир нече жактоочусу да кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0