Мейманканадагы ошол түн эсимден кетпейт. Чет элдиктин Кыргызстандан алган таасири

© Sputnik / Дильноза АлымоваУчитель в бишкекской школе из Южно-Африканской Республики Джо Лабускахне
Учитель в бишкекской школе из Южно-Африканской Республики Джо Лабускахне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жо Лабускахне Кыргызстанга алгач келгениндеги бир жаңылыштыгын эстеген сайын күлкүсү келет. Мейман киши мейманкана деп ойлоп, кокустан сойкуканага жайгашып алат...

Маектешим Жо - Түштүк Африка Республикасынан. Ушул тапта Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштейт. Ал Кыргызстандан алган таасирлеринен ачык бөлүшүп, Ысык-Көлдөгү эс алуу үйлөрүндөгү бааны да сынга алды.

— Тарыхы болуп көрбөгөндөй өлкөдөн экенсиз. Түштүк Африка Республикасындагы (ТАР) апартеид (расалык бөлүү) 1994-жылы эле жоюлду. Ага дейре кара терилүү калк резервацияларда жашап, ал эми эки бөлөк расадагы адамдар жакын мамиле курганы үчүн мыйзам менен жазаланчу. Ошол убак жадыңыздабы?

— Акыркы жылдарын көрүп калдым, кичинекей элем анда. Үзүл-кесил эсимде. Ар кай жерде белги, көрсөткүчтөр, мисалга, суу жээгинде "Териси каралар жээктин бир тарабында, ак жуумал калк башка жагында эс алууга тийиш" деген жазуу илинип турчу. Мындай көрүнүш соода борборлорунда да, дааратканада да орун алган эле...

Албетте, ак жуумал эл да күңүрт терилүүлөр сымал өкмөттүн мындай саясатына макул эмес болчу, алар да бардык адамдар бирдей экенин түшүнгөн. Бирок өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бийликке каршы чыгуу татаал. Жан дилиң менен каршысың, бирок эч нерсе кыла албайсың. 

© Sputnik / Дильноза АлымоваЖо Лабускахне Түштүк Африка Республикасынан. Ушул тапта Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштейт.
Мейманканадагы ошол түн эсимден кетпейт. Чет элдиктин Кыргызстандан алган таасири - Sputnik Кыргызстан
Жо Лабускахне Түштүк Африка Республикасынан. Ушул тапта Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштейт.

— Расалык бөлүү жоюлгандан кийин жагдай кандай өзгөрдү?

— 1990-жылдары Нельсон Мандела (адам укугу үчүн күрөшкөн даңазалуу инсан, 1994-1999-жылдардагы ТАР президенти — ред.) абактан чыгат. Темир тор аркасында ал 27 жыл жаткан. Мандела бийликке келгени баары кескин алмашты. Эбегейсиз жана эң туура өзгөрүүлөр жүрдү.

— Бирок апартеид жоюлганда ТАР экономикасы кыйрап калбадыбы...

— Ооба. Ошентсе да дүйнө алигүнчө эмне болуп жатканын жакшы түшүнө элек. Өлкөдө ири бир окуя болсо, экономикалык абал начарлайт. Бизнес инвестиция кылуудан чочулайт, бул кадыресе көрүнүш. Бирок убагы келет, экономика кайра тирденет.

— Эмне үчүн Кыргызстанга келүүнү чечтиңиз?

— Англияда турчумун. Ал жакта баары сонун эле, билинбей эле аталган мамлекетте 11 жыл жашап коюптурмун. Дүйнөнү көрүшүм керек дедим да, Интернеттен англис тили мугалими кайда керек экенин караштырдым. Кыргызстандагы жарыяны көрүп, эч ойлонбостон билет сатып алдым. 

© Фото / Джо ЛабускахнеЖо Лабускахне: Бишкекке конгондо аябай таң калдым, бул шаар турбайбы дедим. Google бул калаа тууралуу маалымат берген эмес. Күткөнүмдөн кыйла сонун чыкты.
Мейманканадагы ошол түн эсимден кетпейт. Чет элдиктин Кыргызстандан алган таасири - Sputnik Кыргызстан
Жо Лабускахне: Бишкекке конгондо аябай таң калдым, бул шаар турбайбы дедим. Google бул калаа тууралуу маалымат берген эмес. Күткөнүмдөн кыйла сонун чыкты.

— Ошентсе да эмнеге дал Кыргызстанды тандадыңыз? Дүйнөнүн кайсы бурчу болбосун, англис тили мугалимин кучак жая тосуп алышмак...

Преподаватель английского, японка Риса Мацумаро - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тилин эки айда үйрөнгөн япон кызы Риса: тойдогу элди көрүп таң калдым
— Өлкөңүздөр туурасында мурда эч уккан эмесмин, сүрөттөрдөн да көрбөпмүн. Эң сонун тажрыйба болчудай туюлду. Албетте, келердин алдында "Гуглдан" бир сыйра изилдеп чыктым. Кооз сүрөттөрдөн тоолор, көлдөр, боз үй, жылкыларды көрдүм. Бишкекке конгондо аябай таң калдым, бул шаар турбайбы дедим. Google бул калаа тууралуу маалымат берген эмес (күлүп)!.. Ачыгын айтыш керек, көзүм менен көргөнүм Желедеги сүрөттөрдөн алда канча айырмаланды. Анан да Интернет кымыздын даамын таттырып, керемет инсандар менен көзмө-көз сүйлөштүрө албайт эмеспи. Күткөнүмдөн кыйла сонун чыкты.

— Кээде милиция менен көйгөй жараларын чет элдиктерден угуп калам. Сиз андайга кабылган жоксузбу?

— 2012-жылы келгем. Ошол убакта документтеримди текшерүү үчүн мени көп токтотушчу, тартип сакчылары мени америкалык авиабазада кызмат өтөйт деп ойлошчу (аны 2014-жылы жабышкан — ред.). Паспортумду кечке карап, анык документ экенине ишенишчү эмес. "Эгер Африкадан болсоң, териң күңүрт болмок да. Сен эмнеге ак жуумалсың?" — деп таң калышчу. Бирок жаман нерсеге кабылган жокмун, милиционерлер акча талап кылышчу эмес, документимди кайра кайтарып берип коюшчу. 

© Фото / из личного архива Джо ЛабускахнеЖо Лабускахне: Кыргызстанда Европага караганда алда канча арзан. Бирок Ысык-Көлдө баалар ыгы жок жогору, ал жакта баарын жөн эле кымбаттата беришет экен. Чет элдиктердин көбүнө Ысык-Көлгө барганча Түркияга бир нече күнгө учуп баруу арзан түшөт.
Мейманканадагы ошол түн эсимден кетпейт. Чет элдиктин Кыргызстандан алган таасири - Sputnik Кыргызстан
Жо Лабускахне: Кыргызстанда Европага караганда алда канча арзан. Бирок Ысык-Көлдө баалар ыгы жок жогору, ал жакта баарын жөн эле кымбаттата беришет экен. Чет элдиктердин көбүнө Ысык-Көлгө барганча Түркияга бир нече күнгө учуп баруу арзан түшөт.

— Биздин дагы бир көзгө дароо урунарлык маршруткаларыбыз бар. Ар бир чет элдик жаран аларды эстегенде селт этет...

— Ишенип коюңуз, ал мага жат эмес. Түбүм Африкадан экенин унутпаңыз, мени таңгалта турган нерсе чанда болот. Менин мекенимде да ушундай эле 12 кишилик кичи автобус жүрөт, бирок андан эки эсе көп киши батат. Мен үчүн бул — кадыресе көрүнүш.

— Кыргызстанда арзанчылык дешке болобу?

Профессиональный гид Уланбек Уметов  - Sputnik Кыргызстан
"Атамдын жабыла турган конок үйүн эки турист кыз сактап калган". Гиддер менен маек
— Ооба. Мында аз акчага укмуш даамдуу тамак келет, көркөмү көз тайгылткан жерлерди көрөсүң. Европага караганда алда канча арзан. Ошол эле Лондондо баары асмандын башы.

Бирок Ысык-Көлдө баалар ыгы жок жогору, ал жакта баарын жөн эле кымбаттата беришет экен. Мисалы, Бишкекте отелдеги номерге төлөйсүң, ал эми Чолпон-Атада ар бир кишиге төлөнөт. Натыйжада ири сумма чыгат. Борбор калаага салыштырмалуу тамак-аштын сапаты төп келбесе да негедир кымбат. Чет элдиктердин көбүнө Ысык-Көлгө барганча Түркияга бир нече күнгө учуп баруу арзан түшөт.

Ага карабастан, туристтер керемет тоолору, көлдөрү үчүн баары бир Кыргызстанга келе беришет. Эч түйшөлбөстөн табият койнунда сейилдөө эмне деген ырахат!? Балким, сиздер көктө каалгый учкан бүркүт менен шумкарды көргөнгө көнүп калган чыгарсыздар, бирок сырттан келгендер үчүн бул сөз менен жеткире алгыс нерсе! Ааламда баштапкы калыбында сакталып калган жерлер аз. 

© Фото / Джо ЛабускахнеЖо Лабускахне: Балким, сиздер көктө каалгый учкан бүркүт менен шумкарды көргөнгө көнүп калган чыгарсыздар, бирок сырттан келгендер үчүн бул сөз менен жеткире алгыс нерсе! Ааламда баштапкы калыбында сакталып калган жерлер аз.
Мейманканадагы ошол түн эсимден кетпейт. Чет элдиктин Кыргызстандан алган таасири - Sputnik Кыргызстан
Жо Лабускахне: Балким, сиздер көктө каалгый учкан бүркүт менен шумкарды көргөнгө көнүп калган чыгарсыздар, бирок сырттан келгендер үчүн бул сөз менен жеткире алгыс нерсе! Ааламда баштапкы калыбында сакталып калган жерлер аз.

— Кыргызстандыктар чет элдиктердин көңүлүн эмне ээлери боюнча ар кыл пикирде. Айрымдары меймандар ыңгайлуу турмушка көнүшкөн, аларга жайлуу кафе, ысык суу жана асем буюмдар дүкөнү зарыл дешет. Башкалары чет элдиктер андайдан тажады, аларга бөтөнчө бир нерсе керек деп эсептешет. Биздин республиканын алар үчүн кол тие элек жаратылышы кызык, цивилизация мында ашыкчалык кыларын айтышат.

— Кайсы, кандай турист болгонуна жараша. Албетте, эгер тоого тырмышкан жаштар же байкерлер болсо, аларга жайлуулук кеп эмес. Кыргызстанда каалаган эс алуунуну тандап алсаң болот. Ар жылы бул жакта тейлөөнүн жаңы түрлөрү пайда болот, мисалы, параглайдинг (параплан) жана башкалар. Башка эч бир өлкөдө аны менен учуп көргөн эмесмин.

— Бизде аялдардын коомдогу орду, эркиндиги тууралуу көп талашып-тартышышат. Көп өлкөлөрдү кыдырыпсыз, көптү көрдүңүз. Бул жаатында эмнелерди баамдадыңыз?

— Кыргыздын кыз-келиндери аябай сонун! Аларга жаштайынан үйбүлөлүк баалуулуктарды сиңиришет, көпчүлүгү бүт өмүрүн үй-бүлөсүнө арнайт. Бул жагы Африкадагы адаттарга окшоп кетет. 

© Фото / Джо ЛабускахнеЖо Лабускахне: Кыргыздын кыз-келиндери аябай сонун! Аларга жаштайынан үйбүлөлүк баалуулуктарды сиңиришет, көпчүлүгү бүт өмүрүн үй-бүлөсүнө арнайт. Бул жагы Африкадагы адаттарга окшоп кетет.
Мейманканадагы ошол түн эсимден кетпейт. Чет элдиктин Кыргызстандан алган таасири - Sputnik Кыргызстан
Жо Лабускахне: Кыргыздын кыз-келиндери аябай сонун! Аларга жаштайынан үйбүлөлүк баалуулуктарды сиңиришет, көпчүлүгү бүт өмүрүн үй-бүлөсүнө арнайт. Бул жагы Африкадагы адаттарга окшоп кетет.

— Кыргызстанда эч эстен кеткис окуялар болдубу?

Кыргызстанец работающий режиссером и продюсером в Кувейте Алтынбек Касымбаев  - Sputnik Кыргызстан
Жаңы нерсе үйрөнбөсөң ишсиз каласың! Кувейттеги кыргыз режиссёру менен маек
— Мындай бир окуя болгон! 30 чакырым ат менен жүрдүк. Суй жыгылчудай чарчаткан, кызыгы бат эле тараган, абдан оор жол бастык. Акыры шаарга, тааныштарымдын бири орун ээлеп койгон отелге жеттик. Баса, номерлер аябай арзан, абдан ыңгайлуу экен. Жуунуучу жайы иштебейт экен, ага деле кайыл элек. Түн кирип, уктайын деп жаткам. Анан эле башталса болобу!.. Мейманканага бир-эки саатка орун ээлеген кишилер келе баштады. Коңшу бөлмөлөрдө кыйкырык, ызы-чуу, онтогондор...

Биз сойкукана менен отелди алмаштырып алыппыз. Уйкум канбай калды, бирок айта жүргөнгө бир окуя жаралды.

— Кайтканыңызда досторуңузду таңгалдыра тургандай эмне белек ала барасыз Кыргызстандан?

— Досторум боз үйдө уктап, Соң-Көлдүн суусуна бир чумкуп, куурдактан ооз тийсин деп бүт өлкөнү алып бармакмын! Атаганат, андай колдон келбейт да!

Жаңылыктар түрмөгү
0